Археологдун жаңы табылгасы тууралуу блог.
2023-жылы Кыргызстанда тарыхый мурастарды изилдөө боюнча көп жылдык өкмөттүк программа түзүлгөн. Анын алгачкы үзүрү келе баштагандыгын бээжиндик чыгыш таануучулар менен бирдикте жүзөгө ашырыла баштаган кытай жана манжур булактарын изилдөө долбоорунан эле сезген элек.
Учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу Тарых жана чөлкөм таануу институтунун өкүлү, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Орозбек Солтобаев жана бул институттун студенттери дал ушул өкмөттүк программанын алкагында Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылында кезектеги археологиялык казуу иштерин жүргүзүштү.
Кочкор өрөөнүнүн түндүк тарабындагы быйылкы казуу иштери байсалдуу болгондугун Орозбек Солтобаев инибиз 12-ноябрда бизге уюкфон аркылуу чечекейи чеч боло сүйүнчүлөдү:
– Агай! Сиз да жазма булактарга таянып чагылдырып келе жаткан орто кылымдардагы карахандык Кочкор-Башы шаарынын ордунан быйыл олуттуу маданий жана турмуш-тиричиликтик эстелик жайы казылып алынды. Кум-Дөбө шаар чалдыбарынан биз ушул күндөрү мусулмандык мончо (арапча “хаммам”) болгон кызыктуу имараттын ордун таптык!
Орозбек иним андан кийин бир катар фото сүрөттөрдү жөнөттү.
Анын айтымында, мурдагы орто кылымдык Ош, Баласагын, Тараз сыяктуу шаарлардын ордунан мусулмандык мончонун анча-мынча калдыктары табылган. Оштогу мончону археолог Бакыт Аманбаева ж.б. изилдешкен. Карл Байпаков, Валентина Горячева сыяктуу археологдордун эмгектери да эсте.
Эми Ички Теңир-Тоодо, Кочкор жергесинде мурдагы Кочкор-Башы шаарынын ордунан да ушундай маданий-тиричиликтик жай табылып, мындагы шаар маданияты тууралуу кошумча билги (маалымат) алып жатабыз.
Тарыхчы, доцент О.Солтобаев 2024-жылдын 14-октябрынан 14-ноябрга чейин улантылып жаткан казуу иштерине КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунун 2-курсунун студенттеринен тышкары дагы бир катар жергиликтүү тургундар жигердүү катышып жатышкандыгын баса белгилеп айтты.
Кум-Дөбө айылы – мурдагы Кочкор-Башы шаар чалдыбарынын орду
Өнөр, илим-билим өнүккөн, эл аралык маданий карым-катнаш мыкты жүргүзүлгөн мусулмандык “алтын” доордогу эң чыгыштагы мусулман мамлекети болгон Карахандар каганатына таандык Кочкор-Башы шаары – Улуу жибек жолунун таманындагы өнүккөн шаарлардан болгон.
Бул шаар тууралуу маалымат Карахандар каганатынан чыккан даңазалуу энциклопедиячы аалым, тилчи, диалектолог, этнограф, сөздүкчү жана картограф Махмуд Кашгари Барсканинин илимий мурасында дагы таасын чагылдырган.
Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн арап тилинде жазган “Дивану лугати т-түрк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”; 1072–1077-жж.) аттуу эмгегиндеги текстте Занби-Арт бели (ашуусу) Баласагын шаары менен Кочкор-Башы шаарынын ортосунда жайгашкандыгын таасын жазган.
Ал чийген тегерек дүйнө картасында дагы Баласагын шаары менен Кочкор-Башы шаарынын ортосунда тоо кыркасы тартылган. (Бул тоо – мурдагы Баласагын тоосу, б.а. азыркы Кыргыз Кырка тоосу). Бул тоо кыркасы жалпы Теңир-Тоо системасынын бир бөлүгү эмеспи.
Ыраматылык чыгыш таануучу, профессор Өмүркул Караев бул Занби-Арт ашуусун азыркы Шамшы ашуусу менен таасын окшоштурган. Биз дагы бул сунушту акыйкат катары толук колдойбуз.
Баласагын шаарынын азыркы орду – Чүй өрөөнүндөгү Бурана шаар чалдыбары.
Ал эми Кочкордогу Кум-Дөбө менен Чүйдөгү Бурана шаар чалдыбарынын ортосунда эки өрөөндү байланыштырган эң ыңгайлуу кербен жол, чындыгында да, мурдагы Занби-Арт, азыркы Шамшы ашуусу аркылуу кетчү.
Азыркы тапта бул ашуунун эки тарабында тең Шамшы деп аталган кыштактар бар. Демек, Занби-Арт (Шамшы) ашуусу – белдин күңгөй-тескейи үчүн да орток маанилүү болгондуктан, ашуунун эки тарабында тең анын аталышын колдонгон бирдей топоним келип жетти.
Кочкор-Башынын улам жаңы сырлары чыга бермекчи
Мындан бир канча жылдар мурдараак эле таланттуу археологдор Кубатбек Табалдыев жана Орозбек Солтобаев мырзалар Кочкордун Көк-Таш деген жергесинен кара кытайлардын жер астындагы көрүстөнүн таап, илимде чоң сенсация жаратышкан.
Көк-Таш жергеси Кум-Дөбөдөн түндүк-чыгышыраакта жайгашкан.
Кочкор-Башы шаары, Чүйдөгү Баласагын шаарындай эле, XII кылымдын башында Карахандар каганатынын чыгыш тарабын толук каратып алган кара кытайлардын маалында дагы шаар маданиятын сактап калгандыгы соңку археологиялык табылгалардан айгинеленет.
Буюрса, болочоктогу казуу иштери дагы далай сырларды ачыктайт, деп ишенебиз.
Археологдорго албан чыгармачыл ийгиликтер каалайбыз.
Быйыл Кыргызстандын башка аймактарында дагы кыргыз археологдору эл аралык шериктери менен биргеликте жаңы ачылыштар жасашты. Алар тууралуу болочокто да айрыкча сөз кылаарбыз.
Бул чакан блогдо Орозбек инибиздин сүйүнчүлөгөн кабарын Сиздерге тезирээк жеткирүүгө гана ашыктым. Айрым фолк-хистори өкүлдөрү бул Кочкор-Башы шаарынын орду тууралуу өз “жомокторун” айтып келишет, булактарга таянбаган ал жоромолдорго бул жерде кайрылуунун кажети деле жок деп санайм.
Ал эми Кыргыз өкмөтү археологдорго, булак таануучуларга, битик таануучуларга, чыгыш таануучуларга, алтай таануучуларга, этнографтарга, фолклор таануучуларга, архив таануучуларга, музей таануучуларга, санжыраны илимий изилдөөчүлөргө жана башка тарыхчы, тилчи, кыргыз таануучу окумуштууларга көп жылдык программалар жана долбоорлор аркылуу көмөк кылуусун улантуусу абзел.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.