Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Байден: Путин Украинаны толугу менен алгысы келет


АКШнын мурдагы президенти Жо Байден.
АКШнын мурдагы президенти Жо Байден.

АКШнын мурдагы президенти Жо Байден орус президенти Владимир Путин тынчтык келишимдин алкагында Украинанын кайсы бир аймагын алуу менен токтобой турганын, коңшу өлкөнү бүтүндөй алгысы келет деген пикирин билдирди. Байден бул тууралуу Би-Би-Сиге берген маегинде айткан.

"Путин Советтер союзу кулаганын дагы деле моюндагысы келбейт. Ал артка кайтып, токторуна ишенүү - акылсыздык", - деди Байден.

Бул Жо Байден президенттик кызматтан кеткенден бери биринчи жолу берген маеги. Мурдагы президент Дональд Трамп кызматка келгени АКШ менен Европанын ортосунда алака солгундаганына тынчсыздануусун билдирди. Анын пикиринде, соңку кырдаал дүйнөнүн тарыхын түп-тамыры менен өзгөртүшү мүмкүн.

Трамп кызматка келгенден кийин 24 сааттын ичинде Украинадагы согушту токтотом деп убада кылган. Кийин маселе 100 күн ичинде чечилерине үмүт артарын айткан. Анткен менен баары ал ойлогондой болбой, сүйлөшүүлөр барган сайын татаалдап жатат. Орус армиясы аскердик жана жарандык объектилерди бирдей аткылап, согуш талаасында үстөмдүк кылууда.

Ошол эле учурда АКШ жана Украина ушул аптада сейрек кездешүүчү минералдык ресурстар боюнча келишимге кол коюшту.(AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG