Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:18

Борбор Азия

Бишкек Баатырдын айкели. Бишкек шаары. 2021жыл.
Бишкек Баатырдын айкели. Бишкек шаары. 2021жыл.

Өлкөдөгү бир катар айылдардын тарыхый аталыштарын кайтаруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты. Талкуу учурунда айрым депутаттар Бишкектеги төрт райондун аталышын алмаштыруу демилгесин кайрадан көтөрүштү.

Төрт райондун аты качан алмашат?

Бишкек шаарынын төрт районунун аталышын өзгөртүү демилгесин бул сапар Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев көтөрдү.

Ал 19-ноябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Кыргызстанда аталышы өзгөртүлө турган аймактардын тизмегин бир мыйзам долбоору менен алып келүүнү, ага Бишкектин райондорун да кошууну сунуштады.

Нурбек Сыдыгалиев.
Нурбек Сыдыгалиев.

“Бишкектин төрт району боюнча качан алып келесиздер? Өткөндө ошол маселени көтөрдүм эле, жакшы карабайсыздарбы. Кимдин, кандай аталышты коёсуздар, талкуулап чыксак. Тажикстанда баарын бир күндө эле өзгөртүп коюптур. Биз бир-бирден, улам-улам алып келип жүрөбүз. Баарын бир эле мыйзам менен өзгөртүп салалы”.

Ошентип, 19-ноябрда “Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети жактырып, 20-ноябрда Жогорку Кеңеш биринчи окуудан өткөрдү.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген. Анда Жалал-Абаддагы Параканда – Баракелде, Нарындагы Большевик - Баялы Исакеев, Таластагы Новодонецк – Айтматов, Чүйдөгү Чоң-Арык – Сыйдалы, Ысык-Көлдөгү Теплоключенка - Ак-Суу айылы деп кайра аталсын деген сыяктуу сунуштар киргизилген. Мыйзам долбоорун толук бул жерден окусаңыз болот.

Документтин баяндама катында “мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүүгө багытталган” деп жазылган.

"Александровка, Романовка, Гавриловка, Военно-Антоновка..."

Жарандык активист Чоробек Сааданбек кошо советтик мезгилден бери өзгөрбөй келген жер-суу аттарын алмаштыруу демилгесин колдогондордун бири. Ал бул маселе эбак бышып жетилгенин белгиледи:

Чоробек Сааданбек.
Чоробек Сааданбек.

“Жалпы Кыргызстанда айылдардын тарыхый аталышын кайтаруу - бул тарыхый аң-сезимибизге кайтуу дегенди билдирет. Биз орустар келгенге чейинки ошол жерлердин аталыштарын ата-бабаларыбыздын санжырасына байланыштырып билишибиз керек. Болбосо “орустар келгенче мал кайтарып жүргөнбүз, тилибиз, тарыхыбыз болгон эмес” деп качанкыга чейин жүрө беребиз? Жетиштүү эле болду, муну биз кылбасак, бизден кийинки муун кылышы керек. Бара-бара эмес, илгери эле жасап коё турган иш болчу. Эмнеге өзгөчө Чүй менен Ысык-Көл өрөөнүнүн айылдарынын аттары бүт эле “овка” менен аяктайт? Мынча болду Чүй облусун “Чүйка” деп коёлу”, - деди.

Спикердин сунушуна Орусия эмне үчүн теригет?

Соңку жылдары Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртүү демилгеси парламентте утур-утур көтөрүлүп жүрөт. 2022-жылы биринчи Элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев да Бишкектеги төрт райондун - Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондорунун атын өзгөртүү маселесин көтөргөн.

Анын сунушуна Москва дароо реакция жасап, Мамдуманын депутаттары Кыргызстанда “орус тилин кодулоо болуп жатат” деген сын айтышкан. Бир катар орус басылмалары бул темага өзгөчө көңүл буруп жазышкан.

Жарандык активист Марат Мусуралиев Кыргызстандагы шаар, айыл-кыштактардын тарыхый аталышына кайтаруу геосаясий маселеден улам ишке ашпай жатат деп эсептейт:

“Азыр дагы деле Москванын басымы алдында жүрөбүз. Экономикалык, идеологиялык, тил, ошол эле айыл аттары менен саясий жактан басым кылат. Орусия Кыргызстанды, Борбор Азияны делеге мурунку Советтер союзунун саясий аймагы катары көрөт. Мурунку колониясы катары карашат”.

Кыргызстанда оторчулук доордон, андан кийин советтик мезгилден калган коммунисттик пропаганда, идеологиялык мааниси бар шаар, айыл аталыштарын өзгөртүү демилгеси узак жылдан бери аягына чыкпай келүүдө.

Жарандык активист Чоробек Сааданбек айыл, район, шаар аталыштарын алмаштырууда кайсы бир инсандын ысымын ыйгаруу эмес, тарыхый аталышын, маанисин түшүндүрүү зарыл экенин белгиледи:

“Орустарга чейинки кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын кайтарабыз десек жакшы. Жөн эле алмаштыра бербешибиз керек. Ушунча болгон соң данектүү иш кылышыбыз зарыл”, - деди Сааданбек.

Анткен менен Кыргызстанда эгемендик алгандан бери айрым айыл, район аттары өзгөртүлүп келет. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиги жергиликтүү бийлик, элдин демилгелери менен жыйырмага жакын айыл, район аттарын алмаштырууну сунуштап, аны парламент колдоп берген.

Өзбекстандын Самарканд шаары
Өзбекстандын Самарканд шаары

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чет элдиктер жана жарандыгы жоктордун айрымдарына "жагымсыз" деген аныктама берүүчү мыйзамга кол койду. Эми Өзбекстандын жана анын элинин ар-намысына, кадыр-баркына же тарыхына шек келтирип сүйлөгөн чет элдик жаранга өлкөнүн аймагына кирүүгө тыюу салынат.

Президент Шавкат Мирзиёев 15-ноябрда “Өзбекстандагы чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду.

Жаңы мыйзам эмнени камтыйт?

Мыйзамга ылайык, чет элдиктердин же жарандыгы жоктордун Өзбекстанга киришине тыюу салууга - өлкөнүн мамлекеттик суверенитетине, аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна каршы чакырык жасоо, социалдык, улуттук, расалык жана диний кастыкты козутуу, Өзбекстандын кадыр-баркын, ар-намысын жана элинин тарыхын жаманатты кылуу сыяктуу аракеттер негиз болот.

Өзбек өкмөтүнө бир айда "кара тизмеге" киргизүүнүн тартибин бекитүү тапшырылды. Тизмеге Өзбекстандын парламентинин (Олий Мажлистин) Мыйзам чыгаруу палатасынын жана Сенатынын кеңештеринин, ошондой эле атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын сунушу боюнча киргизилет.

"Жагымсыз" деп таанылган чет элдиктердин Өзбекстанга киришине беш жылга тыюу салынат. Аларга ошондой эле банк эсеп ачуусуна, кыймылсыз мүлк сатып алышына, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүсүнө, каржылык жана келишим кызматташтыгына катышуусуна да жол берилбейт.

Мыйзамда өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган адамдарды депортациялоонун негиздери жана тартиби да аныкталган. Тактап айтканда, чет элдик жаран Тышкы иштер министрлигинен билдирүүнү алгандан тартып 10 күндүн ичинде өз ыктыяры менен Өзбекстандан чыгып кетет.

Белгилей кетсек, 25-июнда Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы аталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алган.

"Oйноп сүйлөсө да, ойлоп сүйлөсүн"

Акыркы убактарда депутаттар айрым чет элдик жарандардын Өзбекстандын мамлекеттик эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна каршы келген, Өзбекстан элинин ар-намысына, кадыр-баркына жана тарыхына шек келтирген билдирүүлөрдү ачык-айкын айтып жатканына нааразылыгын билдирип келишет. Буга мындай чакырыктарды жана аракеттерди жасаган чет элдик жарандарга карата катаал чаралардын жоктугу себеп болуп жатканын баса белгилешет.

Жыл башында өзбек тилин коргоп чыгып, Кремлдин каарына калган журналист, Өзбекстандын Журналистика жана массалык коммуникация университетинин ректору Шерзодхон Кудратхожа мыйзам тууралуу: "Өзбекстанда "жагымсыз" делген чет элдиктер тууралуу Телеграм-каналынамыйзам күчүнө кирди. Эми оозуна алы жетпегендер ойноп сүйлөсө да, ойлоп сүйлөсүн. Сөз ээсин табат деп ойлойм", - деп жазды.

13-февралда Кудратхожа өзбекстандык белгилүү журналист жана блогер Кирилл Альтман менен маектешкенде мамлекеттик тилди билбеген өзбекстандыктар жөнүндө сөз кылган.

Ал Карл Маркстын цитатасын эске салып, өзү жашап турган өлкөнүн тилин “баскынчы же келесоо” гана билбей турганын айткан.

Кремль бул интервьюга дароо жооп кайтарып, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги ректордун сөзүн "акарат келтирүүчү жана кабыл алынгыс" деп атап, Өзбекстандын Москвадагы элчиси Батыржон Асадовго нааразылык билдирген.

Буга чейин "Азаттыктын" өзбек кызматы "Озодлик" радиосу айрым орусиялык пропагандачылардын Өзбекстанга каршы билдирүүлөрүнөн кийин бир катар коомдук активисттер бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине "жагымсыз адамдардын" тизмесин түзүүнү сунуштаганын жазган.

Тактап айтканда, орусиялык жазуучу, пропагандачы Захар Прилепиндин 2023-жыл, декабрдагы Өзбекстандын Орусияга кошулушу тууралуу билдирүүсүнөн кийин Орусиянын Ташкенттеги элчиси Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Прилепин "өзбекстандык 2 миллион жаран биздин өлкөдө жүргөндүктөн, Орусия Өзбекстанды аннексиялап алышы керек" деп айткан.

Быйыл жыл башында орусиялык тарыхчы Михаил Смолин болcо Орусиянын НТВ телеканалында сүйлөгөндө, "1917-жылкы революцияга чейин өзбектер жок болчу" деген.

Коомдук активисттер менен өзбек блогерлер "орус шовинисттерине мындан ары жумшак жана сабырдуу мамилени" токтотууну жана Смолин сыяктуу адамдарга кылмыш ишин козгоп, Өзбекстанга кирүүсүнө тыюу салууну талап кылышкан.

Ошондой эле сентябрда Өзбекстанда мектепте мугалим окуучуга кол көтөргөн окуяга Орусия кийлигишип, кылдат көз салып жатканын кыйыткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова орус бийлиги Өзбекстандан расмий түшүндүрмө сураганын айткан.

Белгилей кетсек, борбор калаа Ташкенттин билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя шаардагы №188 мектепте болгон – орус тил мугалими 6-класстын окуучусуна кол көтөргөн. Көзөмөл камерасына түшкөн видеодон окуучу бала мугалим менен адегенде айтышып жатканын, андан соң мугалим аны такта жакка түртүп чыгарып, башка-көзгө койгулап, колун моюнуна такап, урушуп жатканын көрүүгө болот. Баланын апасы Фейсбукка пост жазып, уулу мугалимге орус тил сабагында өзбекче эмес, орусча сүйлөш керек экенин айтканда чыр чыкканын билдирген.

Көп өтпөй Олий Мажилистин мурдагы депутаты Расул Кушербаев билдирүү таратып, Ташкент "жагымсыз" чет элдиктердин тизмесин түзө баштаса, анын сап башында Мария Захарова турушу керектигин эскерткен.

Ал эми серепчилер жаңы мыйзам менен Орусияда жана айрым мурдагы советтик республикаларда кабыл алынган "чет элдик агент" мыйзамдарынын ортосундагы окшоштуктар барын белгилешет.

Бирок Лондондо жайгашкан Central Asia Due Diligence аналитикалык борборунун директору Алишер Илхамов "Озодликке" курган маегинде жаңы мыйзамды "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзам менен чаташтырбоо керектигин айткан.

Алишер Илхамов
Алишер Илхамов

"Айрым чет элдик жарандардын өлкөгө киришине тыюу салган мыйзамдын жакшы жактары да, кемчиликтери да бар. Биринчиден, аны "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзам менен чаташтырбоо керек. Өзбекстанда эл аралык уюмдар менен иштешкен бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектеген ушул сыяктуу башка мыйзам актылары да бар. Алар 2005-2007-жылдары кабыл алынган. "Чет элдик агенттер" – бул өлкөдө жашап, кандайдыр бир себептерден улам эл аралык уюмдар менен кызматташып, бийликтин шектенүүсүнө кабылган Өзбекстандын жарандары.

Ал эми "жагымсыз" дегендер кимдер? Жаңы мыйзам айрым чет элдик жарандардын өлкөгө киришине тыюу салат. Бул мыйзам долбоору өлкө эгемендигине коркунуч келтирген, Өзбекстанга кастык кылган адамдарга тиешелүү. Албетте, мындай адамдарга чара көрүлүп, өлкөгө киргизилбеши керек. Дагы бир категориядагы адамдар – орус жарандыгын алып, Украинага каршы согушка катышкандар менен да күрөшүү керек, анткени алар Орусия империясынын агенттери катары да коркунуч жаратышы мүмкүн. Бирок мыйзам долбоорунда дагы бир кемчилик бар. Бул Өзбекстанга каршы пикирин айткан адамдарга тиешелүү. Боордош Казакстанга каршы душмандык аракеттерге да чектөөлөр киргизилиши керек", - дейт Алишер Илхамов.

"Жагымсыз" дегендер кимдер?

"Чет өлкөлүк өкүл" жөнүндө мыйзам дүйнөнүн башка көптөгөн өлкөлөрүндө дa кабыл алынган. Алардын арасында Украина, Орусия, Кыргызстан, АКШ, Австралия, Венгрия, Израил бар.

Бирок укук коргоочулар бул мыйзам сөз эркиндигин чектейт, авторитардык режимге ыктаган өлкөлөрдө чет элдик демократиялык баалуулуктарды жайылтууга багытталган фонддордун жана уюмдардын ишмердигине тоскоолдук жаратат деген пикирде.

Көпчүлүк активисттер Өзбекстанда кабыл алынган мыйзам долбоору өлкө эгемендигине жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирген чет элдиктерге, өзгөчө шовинисттик жана улутчул орус саясатчыларга каршы багытталган деп эсептешет.

Азырынча Өзбекстанга негизинен чет өлкөнүн жарандыгын алган журналисттер менен саясий активисттердин жана бийликти сындагандардын киришине тыюу салынган.

Алардын арасында британ жарандыгын алган өзбекстандык журналист жана режиссёр Шахида Якуб, өзбекстандык активист Исокжон Закиров, польшалык журналист Агнеска Пикулицка-Вильчевска, блоггер Искандар Македонский, кыргызстандык блогер жана коомдук активист Бахром Рахмон, жазуучу жана котормочу Евгений Бунин, жазуучу жана журналист Хамид Исмаилов, оппозициячы Насрулла Сайид, фотокабарчы Виктория Ивлева жана башкалар бар.

2024-жылы апрель айында Кыргызстандын бийлиги да "чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзамды кабыл алган.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, өлкөдө 30 жылдан бери иштеп келе жаткан бейөкмөт уюмдар эч жерде катталбай, эч кимге отчет беришкен эмес. Болгону алар банктык эсептерди ачып, чет элдик донорлордон акча алып, өз каалоосу менен жеке максаттарына жумшап турушкан.

Ошол эле учурда Жапаров "чет элдик өкүл" деп жарыялангандарга каршы "куугунтук болбойт" деп ишендирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG