Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Борбор Азия

Sorry! No content for 10 Ноябрь. See content from before

ишемби 9 Ноябрь 2024

Loop.mp4
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:14 0:00

АКШда 5-ноябрдагы Дональд Трамп жеңип чыккан шайлоодо иммиграция маселеси чечүүчү мааниге ээ болду. Үгүт учурунда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды жапырт өлкөдөн чыгарам деген Трамптын жеңишин кыргызстандык мигранттар кызуу талкуулап жатышат.

Шайланган президент Дональд Трамп журналисттерге берген алгачкы маегинде кызматка расмий киришкен соң чек араны бекемдөөгө артыкчылык берерин билдирди.

NBC News медиасы Трамптан анын шайлоо алдында берген мыйзамсыз миранттарды жапырт депортациялоо убадасы жөнүндө сураган. Трамп муну ишке ашыруудан башка жол жок экенин айтты.

Мунун алдында CNN анын өнөктөштөрү жана жеке бизнес өкүлдөрү миграциялык саясаттын өзгөрүүсүнө тымызын аракет көрүп жаткандарын жазган.

The Wall Street Journal басылмасы жалпысынан депортация маселеси 20 миллион мигрантка кедергисин тийгизерин божомолдоп жатат.

“Демократтардын Трамптын иммигранттар жөнүндө риторикасына маани берүүгө чакырганына карабай, аны колдогон латын америкалыктардын катары калың болду” - деп жазды NBC.

Америкадагы кыргыздар эмне дейт?

АКШдагы кыргызстандыктардын көбү Иллинойс штатында жашайт жана алардын саны расмий маалымат боюнча 40 миңден ашат. Бейрасмий маалыматтарда мындан көп экени айтылат. Америкадагы кыргыздар Трамптын жеңишин кандай кабыл алышты?

Умар Жусупбеков Чикагодогу "Кыргыз биримдиги" клубунун башчысы:

Умар Жусупбеков.
Умар Жусупбеков.

"Чек араны мыйзамсыз өткөндөр гана жабыркашы мүмкүн, калган мекендештер коркпой эле койсо болот. Ал жерде сот жана башка процесстер болгону үчүн массалык депортацияны ишке ашыруу оор. Бирок Трамп эмне кылып жиберет, белгисиз. Себеби, ал жаңы мыйзамдарды кабыл алып же депортация кылам деши деле ыктымал. Мурдатан келип, жайгашып, отурукташып калган мекендештерде эч кандай кооптонуу жок. Тескерисинче, алардын арасында Трампка добуш бергендер болду. Себеби экономика өтө оор. Дүйнөдөгү тынчтыкты мен орнотом, кайрадан согуштарды токтотом деген анын убадаларына көпчүлүк ооп кетти. Ал эми документин күтүп жүргөн жаңы келген мекендештерибиз демократтар болсо деп эңсеп турушкан".

Чикагонун дагы бир тургуну Дамира Мырзахматова:

"Бул жерде шайлоо тынч өтөт экен. Эртең менен туруп, жаңылыктарды окусак, Трамп утуптур. Трамп бийликке келгенден кийин ал айтып жаткан өзгөрүүлөр ишке ашат деп ишенем. Мигранттардын укуктары корголуп, бизге жакшы шарт түзүлөт деген ойдобуз. Миграция саясатында эң негизгиси - мигранттардын укуктары корголуп, айлык маянасы жакшы болгону экен".

АКШдагы кыргызстандык Мирбек Айтикеев:

"Мигранттарга бул чоң коңгуроо болду. Себеби, Дональд Трамп "мигранттарды өлкөдөн кетирем, түштүктөгү чек араны жабам, мигранттар кылмыштуулукту көп жасап жатат, өлкөдөгү жумушсуздук маселесине да мигранттар себепкер" деп билдирди. Анын айтымында, мигранттар көп келгени АКШ жарандарына иш жетпей калган. Трамп ушул өңдүү бир топ убаларды берип, анын баарын төрт жыл ичинде аткарарын да айтты. Ошондон улам да бир топ мигранттар Трамптын келишинен чочулап жатышкан".

АКШдагы президенттик шайлоо бул өлкөдө жашоого жана иштөөгө укук берген грин-карт (Green card) лотереясына каттоо жүрүп жаткан маалга туш келди.

Жыл сайын Вашингтон иммиграциялык виза программасынын алкагында 55 миңге чейинки санда грин-карт берет. Бул лотереяга дүйнө жүзүнөн миллиондогон адам катышат. Соңку убакта грин-карт АКШга барган иммигранттарынын деңгээли төмөн өлкөлөрдөгү жана аймактардагы талапкерлер үчүн берилет. Жеңүүчүлөр туш келди иргөө жолу менен тандалат. Соңку жылдары Кыргызстандан да лотереяга катышып жаткандардын саны кескин көбөйдү. Акыркы эки жылда жыл сайын 60 миңге жакын кыргызстандык документ тапшырып, 1500 адам утуп алган.

АКШда жашаган кыргызстандыктардын арасында Трамптын бийлиги грин-картты чектейт деген кооптонуу да бар. Алардын бири Тимур Сагындык:

"Трамп буга чейин иммигранттардын санын кыскартуу максатында саясат жүргүзүп келген. Бул жакка мигранттардын көбү Мексика аркылуу келип, башпаанек сурашкан. Ал Мексика аркылуу келгендердин көбүн депортация кыларын айткан. Эми азыр ал сөзүн аткарабы же аткарбайбы, көрөбүз".

Эркин Урманбетов Америкадагы шайлоодо кыргызстандыктардын арасында демократтардын талапкери Камала Харристи колдогондор да болгонун айтты:

"АКШдагы кыргыздардын пикири экиге бөлүнүп калды. Анткени мурунку келгендер Трамп десе, кийинкилери Харрис деп жатышкан. Анткени, Трампты тандагандар анын "согушту токтотом" деген убадасына жана салыкты азайтам деген сөздөрүнө ишеништи. Андан тышкары, IT тармагындагы жумушсуздук чоң көйгөйгө айланды. Трамп мурунку президенттик мөөнөтү учурунда америкалыктарга жаңы жумуш орундарын түзүп берген. Бирок анын шайланышы жаңы келген кыргыздардын легалдашуу процесстерине тоскоолдук жаратып, документ алуу оорлошот. Андан тышкары, грин-карт маселеси да каралашы мүмкүн. Ал буга чейин деле грин-карт сынагын канадалык системадай же тагыраагы, кесиби бар адамдар гана катыша ала тургандай кыларын айтып келген. Ал мунун себебин Америкага келген ар бир адам бул өлкөгө пайдасын тийгизиши керектиги менен түшүндүрөт".

Трампттын жеңиши: АКШдагы мекендештердин пикири
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:52 0:00

Мексика аркылуу барган жарандардын тагдыры

Соңку 2-3 жылдын ичинде АКШга мыйзамсыз барып иштөөгө умтулган кыргызстандыктардын саны көбөйдү.

АКШга барам деп алданып, ара жолдо калган мигранттар да болууда. Америкага жол тарткандар арасында Мексиканын чек арасынан өтө албай, артка кайткандар да бар. 2023-жылы АКШнын түштүк-батыш чек арасын 2,5 миллион киши кесип өткөн. Алардын айрымдары өлкөгө кирген.

Өткөн жылы Борбор Азиядан АКШга барган мигранттардын саны көбөйгөнү, 50 миңдейи мыйзамсыз киргени айтылган. Алардын 17 миңдейи Өзбекстандын, 7 миңдейи Кыргызстандын, 3 миңдейи Тажикстандын, 2700ү Казакстандын жана 2 миңи Түркмөнстандын жарандары болгон.

Соңку эки жылда АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандардын арасында Өзбекстандын жарандары үчүнчү орунда.

Нью-Йорктогу өзбек активисти Хурсан Турсунов анын жердештери арасында мыйзамсыз жүргөндөр көп экенин жана президенттик шайлоо алардын тагдырын чечерин айтты:

"Америкада эле эмес, Өзбекстандын өзүндө да АКШдагы шайлоого тыкыр көз салып турушту. Бул жерде белгилеп өтчү нерсе - өзбекстандыктардын көбү жарандык алган эмес. Грин-карт менен калган. Кимден сураба, "Трамп, Трамп" деп кулагы көнүп калганы үчүн да айтышы мүмкүн. Алар Трамп президент болсо эмне болот деген маселеге кызыгышпайт. Анткени, алар бул жакта деле орус медиасынын жаңылыктарын көрүп, угушат. Алар республикачылардын саясатын жактаган радиолорду көп тыңдашат. Ошондуктан да көп нерсеге маани бербей эле кимди шайлайсың десе, "Трампка добуш бериш керек" деген жоопту айтышат."

Мигранттар менен иш алып барган уюмдар жана мамлекеттик мекемелер жарандарды эмгек миграциясына ошол өлкөнүн тилин, мыйзамын билип, мыйзамдуу жолдор менен барууга чакырып келет.

Көп жылдан бери миграция маселесин чагылдырган жу рналист Марина Соколовская шайлоодон кийинки мигранттардын абалы тууралуу суроого жооп берди:

Марина Соколовская.
Марина Соколовская.

"Азыр мага келген каттарда "Качалыбы же эмне кылалы?" деген суроолор көп. Эми мындай айтайын: Трамп инаугурациядан кийинки күнү миграция тууралуу кескин билдирүү айтышы мүмкүнбү? Толук ыктымал. Бирок бул ага чейин эч кандай кейс, мыйзамдык негизи жок эле дарбазаны ашып, Америкага келсе болот дегенди түшүндүрбөйт. Негизи башпаанек алып, АКШга келүү - бул эң оор жол. Азыр эми абал кандай болору түшүнүксүз. Эч кандай негизи жок келгендерди депортация кылуу тууралуу Харрис да айткан".

Соколовская ошол эле кезде Трамптын жапырт депортация билдирүүсү тууралуу буларды айтты:

"Трамп 10 миллиондон ашык адамды депортация кылам деп убада берип жатат. Менимче, мынча адамды өлкөдөн чыгаруу мүмкүн эмес. Эгер биз АКШны башкарган акыркы үч президентти, Обама, Трамп же Байденди мисал кыла турган болсок, анда депортациянын саны боюнча биринчиликке Байден чыккан. Обама учурунда 3 миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгарылган. Байдендики андан көп. Бул үчилтикте Трамп акыркы орунду ээлейт. Анын бийликке келиши, албетте, кырдаалды оорлотот. Анын келиши менен АКШга мыйзамдуу кирүү оорлойт деген кооптонуу бар. Чек араны толугу менен жабуу да мүмкүн эмес. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, Трамп көп сүйлөп, аз иш кылат".

Трамп буга чейин эмне деген?

Иммиграция маселеси бул шайлоодо чечүүчү мааниге ээ болду. Трамп шайлоо өнөктүгүндө азыркы президент Байдендин администрациясын, ага кошуп атаандашы, вице-президент Харристи Америкага болуп көрбөгөндөй сандагы мыйзамсыз мигранттарды киргизди деп кескмн сындады.

Америка коомунда ал экинчи мөөнөткө кызматка келсе миграция саясатын катаалдаштыруу үчүн кайра карап чыгат деген пикир жаратты.

Шайлоо өнөктүгү маалында Трамп мыйзамсыз келгендерди жапырт депортациялоону убада кылып, мигранттарды “кылмышкерлерге” теңеген билдирүүлөрдү жасады.

"Алардын арасында балдарды өлтүргөн жырткычтар, баңгизат саткандар, бандиттер жана баш кесерлер да бар” - деген ал.

Трамп президент болуп шайланып калса, мыйзамсыз жолдор менен келгендердин Америкада төрөлгөн балдарына жарандык берүүнү токтотуу сыяктуу катаал чараларды колдонорун эскерткен.

"Биз мыйзамсыз иммигранттардын агымын токтотпосок, Америка тууралуу бир дагы кыялыбыз же үмүтүбүз ийгиликтүү ишке ашпайт. Дүйнөдө эч бир жерде мынчалык агымды көрө албайсыңар. Биздин түштүк чек арада болуп жаткандай көрүнүш эч жерде жок. Биз аны тез эле токтотобуз", - деген Трамп.

Трамп 2017-2021-жылдары Ак үйдө отурганда эле мыйзамсыз жана мыйзамдуу иммиграциянын кыскарышын жактап чыккан. Анын администрациясы башпаанек берүү, депортация жана виза берүүнү тескеген саясатты өзгөртүү боюнча бир катар чараларды кабыл алган.

Трамптын администрациясы 2020-жылы качкындарды кабыл алуу квотасын 180 миң кишиге чейин азайтып, бул АКШда качкындар боюнча программа негизделгенден берки эң төмөнкү көрсөткүч болгон.

Ташкентте атылган ок. Мирзиееванын өнөктөшүнө кимдин өчү бар?
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:19 0:00

26-октябрга караган түнү Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз бирөөлөр Range Rover үлгүсүндөгү жол тандабасты аткылаган. “Азаттыктын” өзбек редакциясы - “Озодлик” радиосунун булактары ал маалда машинеде Өзбекстан президентинин Маалыматтык саясат департаментинин жетекчилигинен жаңы кеткен Комил Алламжонов жана айдоочусу болгонун маалымдашты. Алардын эч кимиси жабыркаган эмес. Кошуна өлкөнүн Башкы прокуратурасы “атайылап адам өлтүрүүгө аракет кылуу”, “куралды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери менен кылмыш иш козгоду. Көп узабай эки кишинин кармалганы кабарланган. Аналитиктер окуя кошуна өлкөнүн Мирзиеевдин үй-бүлөсү үстөмдүк кылган саясий сахнасы тынч эмес экенин ашкерелегенин боолголошот. “Озодлик” жуп шайлоо алдында болгон ок атуунун чоо-жайын билүүгө аракеттенип, эксперттердин, өз булактарынын, журналисттер менен блогерлердин пикирлерине кызыккан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG