Орусияда абакта жаткан кыргызстандыктын дайыны эки жылдан бери чыкпай жатат. Акыркы жолу 2022-жылдын аягында жакындарына чалып, Украинага согушка кеткенин айткан экен.
Жакындары андан бери өз алдынча бир канча жолу сураштырып, издегени менен майнап чыккан эмес.
"Азаттык" дайынсыз кеткен жаранга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине, Орусиядагы миграция өкүлчүлүгүнө дагы кайрылды.
"Документ ала албай жатабыз"
Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Бүргөндү айылынын тургуну 47 жаштагы Шерали Насимовду жакындары эки жылдан бери издеп, дайынын таппай келет.
Алардын "Азаттыкка" айтканына караганда, Шерали 2022-жылы сентябрдын аягында Украинадагы согушка катышуу үчүн келишимге кол койгон. Бул учурда ал Орусиянын Армавир шаарында абакта отурган.
Кийинки жолу байланышка чыкканда Ульяновск облусунда машыгуу лагеринде экенин билдирген.
Акыркы жолу 2022-жылы 25-октябрда аялы Дилаффруз Насимовага байланышып, үй салып, жашоо-шартын оңдоо үчүн ушул жолго барганга аргасыз болгонун айткан.
"Акыркы жолу сүйлөшкөндө "Орусияда жүрбө, балдардын жанына Кыргызстанга кет, мен буюрса алты айда кутулуп, анан барам" деп айтты эле. Ошондон бери туура эки жыл өттү. "Андан мурдараак мен Ульяновскиде машыгуу лагериндемин, ушул жерде согушка даярдап жатат" деген. Башка маалымат айткан эмес. Болгону түз номерден чыгып, "мага чалба, бул жакта видео байланыш менен чыгуу мүмкүн эмес, өзүм чалам" деген. Андан кийин дайыны чыккан жок. Армавирде отурган жерине чалсак, "маалымат бербейбиз, өзүң кел" дешти. Балдарым жаш болгону үчүн убагында бара алган жокмун. Өзүм дагы Орусияга жакында эле келип, издөө жолдорун билген жокмун".
Маалыматка караганда, Шерали Насимов Орусияга 2020-жылы барып, алгач Сахалинде жүк ташыган автоунаа айдап жүргөн. Ден соолугуна байланыштуу кийин Москвага, андан кийин Сочиге иштегени кетип, 2022-жылы жазында курьерлик кызмат тууралуу жарыяны Телеграм-каналдардан тапкан экен. Көп өтпөй маңзат ташууга айыпталып, аялы Дилаффруздун айтымында, сот аны 15 жылга эркинен ажыраткан. Кийин энесинин майыптыгы барын, жашы жете элек төрт баласын эске алып, сот жаза мөөнөтүн 7 жарым жылга кыскартыптыр.
Жубайлардын төрт баласы бар. Кичүүсү сегизде, улуусу 17ге карап жатат. Дилаффруз атасынын уруксаты жок паспорт ала албай, документ иштерин дагы бүтүрө албай жатканын айтты.
"Сот күйөөмдү жети жыл, алты айга кескен. Биз маалыматтарды адвокаттан эле угуп жаттык. Өкүм чыккан соң, эки-үч ай эле абакта отуруп, келишим түзүп согушка кетип калды. Согушка катышсаң боштондукка чыгарабыз, орус паспортун жана акча беребиз дегенинен аргасыз кетип калды да. Ал жерден тирүү калбайсың десем болбой, "акча табышыбыз керек" деп кетип калды эле. Үй салабыз деп жер, насыя алганбыз. Азыр ошол үйүбүз бүтө элек, пайдубалы куюлган бойдон турат. Бир кыз, үч уулубуз бар. Азыр эми өлүү-тирүүсүн билип, таза болбосо "кара кагазын" албасак эч бир документ ала албай калдык, балдарым документтери жок кыйналып жатышат", - деди Дилаффруз Насимова.
Ал күйөөсүн ошол жылдары соттолгондорду согушка тарткан "Вагнер" жеке аскердик компаниясынан дагы издеп көргөн: "Кийин өзүбүз анча-мынча сураштырып, "Вагнерден" сурасак, тизмеде жок экен, "Коргоо министрлигинен сурагыла" деп айтышты".
Ушул күндөрү күйөөсүн издеген келин Орусиянын Коргоо министрлигинен маалымат күтүп жүрөт.
Ал эми карындашы Умида Насимова бир тууган жалгыз агасын өз алдынча издөөдөн азырынча майнап чыкпаганын, айылдагы карыган ата-энеси уулун күтүп отурганын "Азаттыкка" айтты:
"Айылдагы атам менен апам сыздап отурат баласын күтүп. Өзүбүз дагы издеп жатабыз. Эч кандай маалымат жок. Биз үчүн өтө эле оор, өлүү же тирүү экенин билбей жатабыз. Ошондуктан агам тууралуу маалымат алууга жардам бериңиздер. Биз жакта дагы бирөөнүн согушка кеткен баласы дайынсыз кетип, издеп жүрүп, сөөгүн табышкан. Бизде антип издегенге каражат дагы, киши дагы жок. Агам жалгыз уул болчу, башка эркек бир тууганым өтүп кеткен. Мен азыр ата-энемди карап отурам. Жеңем дагы балдары менен эки жакка чыга албайт. Шерали агам апамды жетелеп, өзү карайт эле. Апамдын ойлонуп, сыздаганын айтпай эле коёюн. Түнү менен уктабай чыгат", - деди дайынсыз жарандын бир тууган карындашы.
2022-жылы Москва Украинага басып кирип, согуш баштагандан бери Орусиянын түрмөлөрүнөн кан майданга айдалган ондогон кыргызстандыктар бөтөн жерде ажал тапты. "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин өлгөндөн кийин орус абактарында отургандарды азгырууну Орусиянын Коргоо министрлиги уланта баштады. “Азаттык” Украинадагы согушка кеткен бир нече каармандын кайгылуу окуясын баяндоо менен Орусиянын түрмөлөрүндө мигранттарды кан күйгөн кармашка айдоо дагы эле уланып жатканын аныктаган.
"Азаттык" дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине, миграция өкүлчүлүгүнө дагы кайрылды.
Тышкы иштер министрлиги Шерали Насимовдун туугандары Кыргызстандын Москвадагы элчилигине белгиленген тартипте кайрылган эмес деп жооп берди.
"Алар министрликке түздөн түз кайрылууга укуктуу. Кайрылуу түшкөн учурда министрлик тиешелүү иштерди алып барат. Негизи эле министрлик жарандардын кайрылууларын кароосуз калтырбайт жана ар бирине тиешелүү жооп берет. Ошол себептен алар түздөн-түз министрликке же Кыргызстандын тиешелүү чет өлкөдөгү мекемелерине кайрылышы керек. Жалпысынан, атайын аскердик операция башталгандан тартып тийиштүү мекемелер Кыргызстандын жарандарынын чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө мекендештер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет", - деп жооп берди.
Тышкы саясий мекеме Москвадагы элчилик 2024-жылы январь-октябрь айларында Орусиянын 33 түзөтүү мекемесине консулдук сапар уюштуруп, анын жүрүшүндө соттолгон 278 жаран менен жолугушканын маалымдады.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев былтыр 7-декабрдагы маалымат жыйынында 2022-жылы Орусиянын абактарында жаткандарды Украинадагы согушка тарткан учурлар болгонун ырастаган. Ал "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, министрликтин кызматкерлери Орусиядагы миңден ашуун түрмөлөрдү кыдырып, ал жакта кармалып турган мигранттар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн белгилеген.
ТИМдин маалыматында, 2024-жылдын биринчи жарымына карата Орусиянын түзөтүү мекемелеринде Кыргызстандын 1370 жараны жазасын өтөп жатат. Ал эми 2024-жылдын 6-ноябрына карата тергөө изоляторлорунда 833 жаран кармалып турган. Расмий маалыматка караганда, алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 4-бөлүгү менен (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү) күнөөлүү деп табылган. Жогорудагы берене боюнча бир миллион рублга чейин айып пул же 10дон 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Башкача айтканда, бул берене өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кирет. 2023-жылдын 11 айында абактагыларды Орусиядан Кыргызстанга өткөрүү боюнча 132 суроо-талап Москвага жиберилген. Былтыр 73 адам, быйыл жарым жыл ичинде 30 киши орус абактарынан Кыргызстанга экстрадицияланган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 494 соттолуучу экстрадициядан баш тарткан.