Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Индиядагы кырдаалдан улам Бишкек-Дели аба каттамы убактылуу токтоду


"Манас" аэропорту
"Манас" аэропорту

Бишкек-Дели аба каттамынын 8-майдагы рейси токтотулду. Бул тууралуу каттамды аткарган Aero Nomad Airlines компаниясы кабарлады. Маалыматка караганда, каттам Делинин аба мейкиндигиндеги чектөөлөрдөн улам убактылуу токтоду.

Жүргүнчүлөргө билеттин акчасын толук кайтарып алуу же 22-майга сапарды жылдыруу сунушу берилди.

Индия менен Пакистандын чатагынан улам эки өлкөнүн аба мейкиндиги жабылган.

7-майда коопсуздукка байланыштуу 200дөн ашуун аба каттамдары жана 18 аэропорт ишин убактылуу токтоткону, эл аралык рейстер жылганы кабарланды. 7-майга оогон түнү Индия Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына ракета жана артиллериялык чабуулун баштап, "Синдур" деп аталган кампаниясынын алкагында тогуз жайды бутага алганын жарыялады.

Пакистан 26 киши каза таап, 46 адам жараат алганын билдирип, соккуну "согуштук аракет" деп атады жана Индияга жооп кайтарууну убада кылган.

Кийинчерээк Дели Пакистандын армиясы Кашмирде Индия тарапты аткылаганын, анын натыйжасында жети киши өлүп, 30у жараат алганын маалымдады. Чабуул Дели Исламабадды Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө туристтерге кол салган согушкерлерди колдойт деп айыптагандан эки жума өткөндөн кийин болду.

Кашмирдеги 26 киши каза тапкан окуядан кийин Пакистандын бийлиги Индиянын айыптоосун четке каккан. (NT)

Шерине

XS
SM
MD
LG