Кыргыз булак таануучулары үчүн жакшы жаңылык келди. Кытайлык жана кыргыз булак таануучуларынын кызматташтык долбоору дагы 5 жылга узартылды. Ошол арада манжур ханы Нурхачинин сүрөттөрүнүн четиндеги тексттер да чечмеленди. Тарыхчынын блогу.
Оболу узартылган баалуу илимий келишим жана адис даярдоо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңсесине караштуу “Мурас” фондунун жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяс Сатар уулу Молдокасымовдун жакында (06.6.2024) “Фейсбукта” шардана кылганына караганда, Бээжинде сакталган ханзу жана манжур тилдериндеги жана жазмасындагы баалуу тарыхый булактарды кыргыз таануу өңүтүндө биргелешип иликтөө боюнча кыргыз-кытай келишими алдыдагы беш жылдык мөөнөткө узартылды.
“2019-жылы 23-январда Байыркы Кытай тарыхын изилдөө институтунун директору, профессор Бу Сиянчун менен Мурас Фондунун жетекчиси катары кол коюшкан Келишимибиздин мөөнөтү жыл башында аяктаган. Беш жылдын аралыгында пандемияга, каражаттын бөлүнбөгөнүнө карабай көп ийгиликтер болду….
Дагы беш жылдык мөөнөткө келишимди узартып кайра түзүү аракети көп түйшүктөр менен жүрдү. Кээде үмүттү үзгөн учурлар болду. Акыры бардыгы ийгиликтүү аяктап, биз кайрадан келечекти карай беш жылдык мөөнөткө Келишимди жаңылап, 5-июнда, саат 16да Пекин шаарында кол коюштук. Байыркы Кытай тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Сиянчун досума өзгөчө алкыш айтам”, – деп К.Молдокасымов “Фейсбук” барагына жазды.
Кыяс мырза бул баалуу келишимди түзүүгө Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Байыркы Кытай тарыхын изилдөө институтунун жетекчилиги, жамааты жана башка бээжиндик кесиптештер дагы ынтызардык менен колдоо көрсөтүшкөндүгүн биз менен маегинде баса белгиледи.
Алардын арасында теги артыштык кыргыз, көп жылдардан бери Бээжин шаарында көөнө кытай жазма булактарындагы кыргыздарга жана башка түрк калктарына байланыштуу маалыматтарды ырааттуу изилдеп келе жаткан булак таануучу Жаркын Турсун айым дагы бар.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңсесине караштуу “Мурас” фондунун илимий долбооруна Кыргызстандын мамлекет башчысы дагы жигердүү каржылык колдоо көрсөтүп келет.
Анын натыйжаларынын бири – мурда кытай (ханзу) тилин мыкты билген, эми орто кылымдардагы манжур тилин жана жазма эстеликтерин изилдөөдө телчиге баштаган жаш чыгыш таануучу Канат Абдужапар уулунун Кыргызстандан Бээжинге илимий сапар менен баруусу жана Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Байыркы Кытай тарыхын изилдөө институтунда баалуу булак таануучулук тажрыйбасын арттыра башташы болду.
Албетте, буга чейин ала-тоолук кыргыздардан кытай тилин жана жазма эстеликтерин изилдөөгө салым кошкон окумуштуулар болуп келди (маселен, Муратбек Иманалиев, Таалайбек Бейшеналиев, Кубан Жусаев сыяктуу синологдорду алсак болот).
Эми алардын сабына кошула баштаган Канат Абдужапар уулу атамекендик чыгыш таануу илиминде кезектеги синолог болуп чектелбестен, туңгуч манжур таануучу болуп калмакчы.
Албетте, бул – башталыш гана.
Болочокто кыргыз синологдорунун ичинен бир эле учурда орто кылымдык тибет, таңгут, моңгол жана санскрит (тохар) тилдериндеги тексттерди изилдей алчу жаш адистерди калыптандыруу милдети турат.
Нурхачи тууралуу дагы бир шиңгил сөз
Мурдараак манжурлардын өзгөчө айырмалуу мамлекет башчыларынан болгон тарыхый инсан жөнүндө учкай маалымдаган элек.
Ал – айтылуу манжур өкүмдары, Чиң сулалесинин негиздөөчүсү Нурхачи (ханзуча 努爾哈赤; Nǔ'ěrhāqí; орусча Нурхаци]. Ал 1559—1626-жылдары жашаган.
Анын доорунда ала-тоолук кыргыздар менен алтай тилдер тобундагы бир туугандары болгон манжурлардын эч кандай тарыхый байланыштары калыптана элек болчу.
Нурхачи оболу Кытайдын Миң сулалесине көз каранды жергиликтүү төбөл болгон.
Мурда жазганыбыздай, “Нурхачи” деген ысым манжур тилинде “Каман баатыр”, “(Жапайы) каман тондуу” маанилерин берген.
Кыргыздар (башка түрк тилдериндеги элдер сыяктуу эле) алтай тил тобуна кирет. Демек, эң байыркы доорлордо (өз этностук аталыштары тарыхый жазмаларда чагылдырыла элек көөнө кезеңде) түрк, монгол, тунгус-манжур, корей жана жапон элдеринин айрым байыркы бутактары тектеш тилдерде сүйлөгөндүгүн эске алсак, бул элдердин эң байыркы бабалары тилдик бир булактан сызылып чыккан, бара-бара өз алдынча тилдер дарыясына айланган, деп жоромол кыла алабыз.
Мындагы тунгус-манжур элдеринин бири – Ыраакы Чыгышта байырлаган чүрчүттөр болгон. Дал ушул чүрчүт элине таандык тун деп аталган уруу (этнос) Суксухэ-бира (ханзуча Суцзыхэ) дарыясынын өрөөнүндө байырлап келген.
Чүрчүттүн тун уруусунун төбөлү жана колбашчысы болгон Нурхачини өзүнө тартуу үчүн Кытайдын Миң сулалесинин императору ага “жолборс менен ажыдаардын колбашчысы” деген бийик даража ыйгарып, чоң маянага отургузган.
Бирок Нурхачи уламдан-улам кубаттанып, эгемендикке умтулган. 1589-жылы ал өзүн “ван” (“падыша”) деп атап алган; 1596-жылы ал өзүн “Цзянчжоу өлкөсүнүн ваны” деп атап алган. Чыгыш монгол урууларынын Нурхачиге үзөңгүлөш болгон төбөлдөрү ага 1606-жылы “Кундулэн-хан” даражасын ыйгарышкан.
1609-жылдан тартып Нурхачи Кытайдын Миң сулалесине алман төлөөдөн баш тарткан.
Түндүк Кытайдагы бир катар ийгиликтүү жортуулдардан кийин, 1616-жылы, Нурхачи өзүн таптакыр эгемен “хан” жарыялаган.
XVII кылымдын экинчи он жылдыгында, 1616-жылдан тартып, манжур төбөлү Нурхачи Кытайда “Да Цзин” — “Улуу Алтын” сулалеси бийликке келди, деп шардана кылган. Ошентип, тээ 1234-жылы Чыңгыз хандын урпактары тарабынан биротоло ойрон кылынган мурдагы чүрчүттүк “Цзин” мамлекети эми Манжурияда кайра жаралды деп жарыяланган.
1621—1626-жылдары манжур ханы Нурхачи Ыраакы Чыгыштагы Ляодун жарым аралында бир катар ийгиликтүү аяктаган баскынчыл жортуулдарды уюштурган.
Арийне, 1626-жылы февралда Нурхачи Түндүк-Чыгыш Кытайдагы Ляониң жергесиндеги Ниңйуан (Ningyuan; орусча Нинъюань; азыркы ханзуча Шинчең; Xīngchéng; орусча Синчэн шаары) деген чепти камалап, бирок чепти ала албай калган.
Нурхачи дал ушул акыркы салгылашууда өзү да жарадар болуп, 7 айдан кийин дүйнөдөн кайткан.
Толугураак караңыз: Чоротегин, Тынчтыкбек. XVII кылымдагы манжур ханы Нурхачинин сүрөтүн Манаска жабыштырууга болбойт // Азаттык үналгысы. – 3-март, 2024.
Кийинчерээк Нурхачинин уруусу бүткүл Кытайды бириктирип, чыңдаган цин-манчжур сулалеси (династиясы) катары тарыхта калды. Акырындап манжур ак сөөктөрү жана алардын артынан карапаым манжурлар дагы кытайлашып кетишкен.
Бирок алар толук кытайдашканга чейинки доордо өз эне тилин аздектешип, ал тилде бир катар жазма булактарды калтырышкан.
Демек, азыркы кыргыз таануучу болгон атамекендик жана башка булак таануучулардын дагы бир милдети – манжур тилиндеги жазма эстеликтерден кыргыздар жаатындагы маалыматтарды иликтөө болуп саналат.
Өзгөчө алганда, манжур булактарында XVIII кылымдын 50-жылдарынын соңунан тартып кыргыздар тууралуу маалыматтар арбыган.
Нурхачинин элеси чагылдырылган сүрөттөр
Биз мурдагы макалаларыбызда фолк-хистори деңгээлиндеги бурмалоолору менен да таанылган Темирбек Токтогазиев агайыбыздын жалган маалыматтарынын негизинде манжур ханы Нурхачинин элеси тартылган сүрөттөр кыргыз ханы Манастын “Кытайдын архивдеринде сакталып келген сүрөттөрү” катары чүргөлүп түшүндүрүлгөндүгүн ашкерелеген элек.
Айрым булак таануучулук маалыматтарды табууга дасыккан синолог Жаркын Турсун айым да көмөк кылгандыгын өз кезегинде айткан болчубуз.
Дегиңкиси, б.з.ч. I миң жылдыктагы кыргыз тарыхынын окуялары да камтылган деп жоромолдонгон “Манас” эпосунун башкы каарманын XVII кылымда жашаган Нурхачи тууралуу сүрөттөргө шайкеш кылып чүргөө – тарыхыйлуулук жактан таптакыр жарамсыз, нагыз бурмалоо болуп саналат.
Кыяс Молдокасымов да өзүнүн “Фейсбук” барагындагы жакынкы жарыясында Нурхачинин сүрөттөрү чийилген кытайлык (манжурдук) кыл калем эмгектерин көрсөтүп, Темирбек Токтогазиев агайыбыздын “беш өрдөктөрүн” сынга алды.
Бул жаатта башка да айдыңдар, тарыхчылар жана булак таануучулар Нурхачинин сүрөттөрүн Манаска таандык деп жоромол кылуу далаалатын сындаган макалабызды колдоого алышты.
Нурхачинин сүрөттөрүнүн четиндеги манжур тексттери
Ошол токтогазиевдик бурмалоолор тууралуу кызуу талкуулардын жүрүшүндө Кыргызстанда интернеттеги коомдук тармактарда “талкууга алынган сүрөттөрдүн четиндеги тексттерде Манас жөнүндө айтылгандыр” деген каяша пикирлер да жарыяланып жатты.
Албетте, бул – эч мүмкүн эмес нерсе. Себеби Нурхачи XVII кылымда жашаган, ал эми “Манас” эпосунун бпшкы кейипкерлери тууралуу алгачкы маалыматтар Сайпидин Ахсыкенти тарабынан XV кылымдын соңунда фарсыча жазылган “Мажму ат-таварих” – “Тарыхтар жыйындысы” эмгегинде камтылган эмеспи.
Бирок бул маселеге адистик чекит коюу да зарыл эле.
Биз Бээжинде таалим алып жана иликтөө жүргүзүп жаткан инибиз Канат Абдужапар уулуна кат аркылуу кайрылдык жана андан манжур тилиндеги материалдарды изилдөөгө салым кошуп жаткан тажрыйбалуу адистер менен кеңешип, Нурхачинин элеси түшүрүлгөн жана олуттуу окуялар мыкты чагылдырылган чийме сүрөттөрдүн четтериндеги тексттерди окуп чечмелеп берүүсүн өтүндүк.
Албетте, бул илктөөнүн бардык натыйжаларын чакан блогубузда камтый албайбыз.
Бирок ошол сүрөттөрдүн экөөсүнүн четиндеги тексттерди окурмандарыбызга өрнөк иретинде сунуштай кетмекчибиз.
Оболу 1616-жылы Нурхачи манжурлардын эгемен ханы катары жарыяланган учур шардана кылынган баалуу сүрөттү кайры жарыялайлы. (Булак: Records of the Qing Dynasty, vol, 1, Beijing, Zhonghua Shuju, 1986, p. 182. – Циң сулалесинин тарыхы боюнча жазмалар. 1-том. Бээжин, 1986. – 182-бет).
Канатбек Абдужапар уулунун мага жазган жообуна караганда, бул сүрөттүн четинде үч тилде (манжур, ханзу жана моңгол тилдеринде) жазылган сүйлөмдөр бар. Ал сөздөр 1616-жылдагы окуяларды кыскача сыпаттайт.
Сүрөттөгү тексттин манжурчасы: "Taidzu be geren beyse ambasa tukiyeme genggiyen han sehe" (“Тайдзу бэ гэрэн бэйсэ амбаса тукийэмэ гэңгийэн хан сэхэ”) деген сөздөрдөн турат.
Анын ханзу (кытай) тилиндеги текстинде: "太祖建元即帝位”, – деп жазылган. Бул тексттин кыргызча мааниси: "Ар кайсы уруу башчылары Тайцзуну (Нурхачини) "Улуу хан" катары көтөрүүдө".
Демек, бул текстти канчалык ичибиз эңшериле кааласак дагы кыргыз ханы Манас менен эч байланыштыра албайбыз.
Эми өрнөк жуп болсун үчүн дагы бир мисалды келтирелик.
Дагы бир сүрөттө 1621–24-жж. Нурхачинин манжурлардан жана айрым чыгыш моңголдордон турган аскерлери Миң сулалесинин чыгыштагы бир чепти багындырып жаткан маалындагы драмалуу окуялар чагылдырылган.
Анын булагы: 《清实录满洲实录》- Records of the Qing Dynasty, vol, 1, Beijing, Zhonghua Shuju, 1986. – Page 342. (Циң сулалесинин тарыхы боюнча жазмалар. 1-том. Бээжин, 1986. – 342-бет).
Канатбек мырза өзүнүн кеңешчи шериктеринин көмөгү менен бул сүрөттөгү текстти да чечмелеп берди.
Бул сүрөттө да манжурча, кытайча, монголчо (үч түрдүү жана үч башка тилде) жазуу бар.
Тексттин манжурчасы: "Taidzu de Gūangning hecen i hafasa okdome dahaha" (“Тайдзу дэ гуаңниң хэцэн и хафаса окдомэ дахаха”) деген сөздөрдөн куралган.
Анын ханзуча (кытайча) сөздөрү салттуу иероглифтер менен мындайча берилген: "廣寧官生出城納降” (азыркы кытайча жазуу варианты: "广宁官生出城纳降”).
Бул тексттин жалпы мааниси: "Гуанниң (шаарынын) төбөлдөрү Тайцзуну (Нурхачини) шаардын сыртында тосуп, ага багынууда”.
Демек, 1621–24-жж. манжур ханы Нурхачинин байсалдуу жортуулдарынын бири чагылдырылган бул чийме сүрөттү деле миң жолу кааласак да Манаска жабыштыруу ылайыксыз.
Биз Канатбек мырзадан манжур дооруна таандык башка да көп сандаган сүрөттөрдүн четиндеги тексттерди чечмелөөнү улантуусун өтүндүк.
Ал сүрөттөрдүн айрымдары 1750-жылдардын соңундагы кыргыздардын жана казактардын элчилеринин Цин императору тарабынан кабыл алынышына байланыштуу.
Кызматташтык улантылышы абзел
Кыскача корутундуласак, кытай, манжур жана башка чыгыш жазмаларындагы тарыхый булактарды терең иликтөө – ийне менен кудук казгандай машакаттуу эмгекти талап кылчу аракет.
Бул – мезгилди да, арбын адистердин эл аралык кызматташтыгын да талап кылат.
Заманбап кыргыз курулушчулары жана башка адистери эл аралык жаңы “Жибек жолунун” таманында Кыргызстанды да камтыган темир жол, автожол жана аба жол каттамдарын негиздөө жана өркүндөтүү үчүн алпурушуп жаткан маалда, кыргыз булак таануучулары кытайлык шериктери менен биргелешип мурдагы доорлордогу тарыхый көпүрөлүк жаңы маалыматтарды табууга жана белгилүү маалыматтарды жаңыча тактоого умтулушууда.
Азыркы байланыштар өтмүштө да тарыхый кыртышка ээ болгондугун аңдоо үчүн дал ушундай булак таануучулук, археологиялык, этнографиялык ж.б. изилдөөлөр аба менен суудай керек. Бирок, Нурхачинин элеси камтылган сүрөттөрдөн айгинеленгендей, бул иликтөөлөр калыс, так, эч кандай бурмалоого жол бербеген илимий натыйжаларга гана алып келиши зарыл.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.