Максат Кутманбеков "Азаттыктын" кабарчысы, Кыргыз-Орус Славян университетин 2018-жылы аяктаган.
Бишкек шаардык соту жапырт башаламандыкка айыпталган төрт журналисттин ишин карап, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор абактагы ишкер Имамидин Ташов ачкачылыкты токтотконун билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин күнөөсүз адамды атайлап каматкан орган кызматкерлери жазаланары тууралуу эскертүүсүнөн кийин айрым активисттер өздөрү жапа чеккен окуяларды айтып чыгышты.
Тергөө абагында жаткан ишкер Имамидин Ташов сот залында өз мойнун кести. Ишкерге ооруканада медициналык жардам көрсөтүлгөн соң кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына (№21 мекемеге) алып кетишти.
Сегиз айдан бери камакта отурган ишкер Имамидин Ташов бүгүнкү сот отурумунун аягында өзүнө кол салып, моюнун белгисиз нерсе менен бир нече жолу тилип жиберди. Конвойлор канды токтотууга аракет кылган учурда ал жыгылып, кийин дарыгерлер ооруканага алып кетти.
Жогорку Кеңеш коомчулук менен журналисттердин сынына кабылган чуулгандуу интернетте, жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа, мазактоо үчүн айып салууга жол ачкан мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксеверди камакта калтырды. Султанбеков саясий негизде кармалганын айтып, дээрлик 20 күндөн бери ачкачылык кармоону улантууда.
Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкектин борборундагы эски кабаттуу үйлөр бузулуп, жаңы үйлөр курулушу мүмкүн экенин жарыялады. Бул үчүн атайын документ иштелип жатат. Өкмөттүн бул долбоорунун жол-жобосу кандай болот, ал башка көйгөйгө жол ачпайбы?
Жергиликтүү шайлоодо добуш сатып алууга шектелип камалган оппозициячыл Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун тергөө абагында ачкачылык жарыялаганына эки апта болду. Саясатчынын иши боюнча Европарламенттин депутаты кыргыз бийлигине кайрылды.
Европарламенттин депутаты шайлоодо добуш сатып алууга шек саналып камалган оппозициячыл Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековго байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылды.
Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев 97 жашында дүйнө салды. Ал 70 жылга жакын кесиптик ишмердигине 30 миңдей операция жасаган. Замандаштары жана окуучулары анын кыргыз медицинасына кошкон салымын эскеришти.
Турду Акматалиев Красноярск шаарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Жакындарынын айтымында, аны Орусиянын күч түзүмдөрү марттын соңунда кармап, октябрдын аягында Бишкекке экстрадициялаган. 31-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралган.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо айылдык кеңештерге депутат болууну каалагандар бир топ эсе аз болду. Аз сандагы талапкерлердин жарышка чыгышын айрым серепчилер жергиликтүү кеңештин ролу төмөндөгөнүнө байланыштырат.
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков уулунун камалышы тууралуу элге жана бийликке видео кайрылуу жолдоп, уулунун коопсуздугуна бийлик жооптуу болорун айтты. 15-ноябрда президенттик администрация бул окуяда "саясий боёк" жок экенин билдирген.
Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы эски теректерди кыйып, ордуна башкасын отургузууну көздөп жатат. Алар буга дарактардын айрымдарына 50-60 жыл болгонун, көбү картайып кооптуу болуп калганын жүйө келтирүүдө.
Бишкек четиндеги бир катар жаңы конуштар бийлик убада кылган мунапыс жараяны жакшы жүрбөй, көйгөйлөрү чечилбей жатканына даттанууда.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил каты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан чыгарылды. Биринчи май райондук соту Матраимовдун иши 11-ноябрда каралып, жогоркудай чечим чыкканын 13-ноябрда билдирди.
Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде 12-ноябрда интернетте, медиа каражаттарында жалаа, мазактоого айып салган долбоор күн тартибинен алынды. Ал арада Маданият министрлиги Next TV телеканалын текшергени белгилүү болду.
Өткөн апта соңунда Орусиянын Челябинск аэропортунда Кыргызстандан барган каттамды күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери текшерүүгө алганын орусиялык басылма жазган.
Тышкы иштер министрлиги Орусияга барууну пландаган жарандарга кайрылып, Москванын мигранттарды тескеген эрежелерине көңүл бурууну эскертти. Тышкы иштер мекемеси соңку бир аптада экинчи ирет мындай эскертүү жолдоду. Жаңы жылдан тарта Орусияда чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби өзгөрөт.
Дагы жүктөңүз