Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

"Өкмөт сунуштаган 100 миң сом өтө көп". Чет элдик номурлуу автоунаа ээлери эмнеге нааразы?


5-март, 2025-жыл. "Азаттыктын" коллажы
5-март, 2025-жыл. "Азаттыктын" коллажы

Армения менен Абхазиядан ташылып келген автоунаалардын ээлери машинелерин каттоонун жол-жобосуна нааразылык билдирип, акцияга чыгышты.

Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага чогулган 100дөй киши унааларды мыйзамдаштыруу үчүн өкмөт сунуштаган 100 миң сом көп экенин айтып, бул сумманы унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша көрсөтүунү суранышты.

“Баа туура келбей кымбат болуп жатат. Эл көтөрө албайт, көбүбүз такси кылабыз. 102 миң сом аябай эле кымбат. Унааны каттап жатканда көлөмүнө карап койсо жакшы болмок. Мисалы "Хонда Фиттин" кыймылдаткычынын көлөмү 1.3, "Тойота Кроундуку" 3,5. Алардыкын өйдө кылып, "Хонда Фиттикин" ылдый кылса болмок. Мисалы көлөмүнө карап 200 доллардан 500 долларга чейин кылып койсо”, - деди Бишкек шаарынын тургуну Элим Бейшенбаев.

Бишкектеги акция. 5-март, 2025-жыл.
Бишкектеги акция. 5-март, 2025-жыл.

Акцияга чыккандар мыйзамдаша турган автоунааларды эч ким сата албай турганына жана 10-аймак катары номур берилишине каршы экенин айтышты. Алардын бири Азамат Абдырахманов мындай деди:

“Эптеп номур алалы, бирок кандайын алабыз, 10-регион дейт. Менин 2-3 кызым бар, улуу кызым 2-3 жылдан кийин айдоочулук күбөлүк алат. Эртең кызыма ишеним кат жазып берейин десем, аны да токтотуп салдыңар. Мен өлүп калсам ал машинени не кылат, келинчегим алып барып өрттөп салсын анда... Же сата албайт экенбиз”.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Мамлекеттик бажы кызматынын айып токтотуучу жайында Армения менен Абхазиядан келген 900дөй машине турганын маалымдаган.

Акцияга чогулган жарандар айып жайындагы автоунааларды чыгарып берүүнү жана учурда жүрүп жаткан рейддерди токтотууну да өтүнүштү.

"Ал убакта маселе жок болчу. Сатып жаткан киши бизге айтмак беле. "Баары жакшы, эч нерсе болбойт, ала бер" деген. Видеого тартып алгам. Ал жакта бизнес болгон, ушул эле чоңдордун бизнеси болгон. Ушуну Бажы кызматы эмнеге караган эмес”, - деди Бишкектин тургуну Улукбек Уйлубай уулу.

Бишкектеги акция. 5-март, 2025-жыл.
Бишкектеги акция. 5-март, 2025-жыл.


Абхазиядан, Армениядан келген автоунааларды мыйзамдаштыруу 1-мартта башталары айтылган. Бирок Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинен билдиргендей, учурда автоунааларды легалдаштыруу боюнча токтомдун долбоору Президенттик администрацияда.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык автоунааларды легалдаштыруунун жол-жобосу 15-мартка чейин иштелип чыгып, алты айдын ичинде ишке ашышы керек.

Өткөн айдын соңунда Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Айдарбек Самыкбаев сөз болуп жаткан машинелерди убагында каттоого чакырган.

“Кайсы бир жарандар алты айлык мөөнөттө каттоодон кечигип калса укук коргоо органдары тийиштүү иштерин жүргүзөт. Экинчиден бул машинелер жол кыймылында катышууга тыюу салынат. Белгилей кетсек, мыйзамдаштырылган автоунаалар катталган жаран аны кайра сата албайт, алмаштыра албайт, күрөөгө коё албайт, ишеним кат менен башка кишиге бере албай турган чектөөлөр киргизилди”.


Самыкбаев мамлекет аталган автоунааларды мыйзамдаштыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк бергенин айтып, айдоочуларды муну түшүнүү менен кабыл алууга чакырган. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев чет элдик номурлуу машинелерди мыйзамдаштыруу маселеси ачык турганын айтып, мүмкүнчүлүк болсо төмөндөтүү жагы караларын билдирди.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

"Бир эле адамга, экөөгө, үчөөгө каттай турган кылбайлыбы десем, анда кайра эле алып сатууга жол берип коебуз дагы кайра алып келип сатып алуулар башталат деген. Бир жаранга 10-регион катары берип койгонубуз менен ушул маселе токтосун, мыйзамсыз машинелер кирбесин деп түшүндүрүштү. Эми кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин мүмкүн жок дегенде ишеним кат менен жүрүп турганга, жакын адамына бергенге мүмкүнчүлүк сурасак болот. Бул ачык маселе”.

Сунушталган документке ылайык эми биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талапка жооп берген машинелер каттоого алынат. Андан тышкары документи жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Мамлекеттик бажы кызматынын айып токтотуучу жайында турган автоунаалар.
Мамлекеттик бажы кызматынын айып токтотуучу жайында турган автоунаалар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Армениядан, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин 2024-жылы 11-декабрда парламентте билдирген.

Анын сөзүнө караганда, көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген, 15 миңдей машиненин 90% документи жок.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Биз аларды мыйзамдаштырууну үч баскыч менен карайбыз. Биринчи анча-мынча документи барларды карап чыгабыз. Эч кандай документи жок эле “мыйзамдаштырып бергиле” дейт. Кантип мыйзамдаштырабыз? Экинчиден, абалы жакшыларын комиссия карап чыгат. Анан такыр эле мыйзамдаштырууга болбой тургандары да бар. Аларды тооккана кылышат же кайра чет өлкөгө алып чыгып кетишет”, - деген Ташиев.

Айрым серепчилер мындай машинелерди ташып келген атайын схема түзүп алган топтор болгонун, алар убагында акчага туйтунганын айтып келишкен. Андыктан алар мунапыс маселеси тыкыр анализ менен жасалбаса мындан ары дагы мыйзамды кыйгап өткөндөргө жол ачыларын белгилешет.

  • Абхазиянын, Армениянын жана Орусиянын номуру менен жүргөн машинелерди расмий каттоого жол ачкан мыйзам долбоорундагы маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-январында өлкө боюнча 873 миң 592 жеңил автоунаа катталса, алардын 127 миң 842си оң рулдуу болгон. 2024-жылдын 1-апрелиндеги маалыматта жеңил машиненин саны 1 миллион 171 миң 454 болсо, анын 174 миң 826сы оң рулдуу экени жазылган.
  • Демек, тыюу салынганына карабай бир жыл ичинде оң рулдуу автоунаанын саны 50 миңге чейин көбөйгөн. Бул биз кеп кылып жаткан Абхазия, Армения жана Орусия номурлуу машинелер болушу мүмкүн.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон 2015-жылдан баштап оң рулдуу машинелерди алып кирүүгө тыюу салынган. Андан бери коррупциялык схема менен тыштан оң рулдуу автоунаа алып кирүүго аракеттенген бир нече учур катталган.

Абхаз, армян номурлуу машинеси барлар акцияга чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG