20-февралда Бишкектин айрым тургундары Жогорку Кеңеш 3-окууда кабыл алган Жер кодекси тууралуу мыйзам долбооруна каршы акция чыгышты.
Жогорку Кеңештин алдындагы акция
Парламенттин алдына чогулган 40тай адам кол топтоп, президенттен жер кодекси тууралуу мыйзам долбооруна кол койбоону суранды.
Шаар тургуну Кубат Осмонов калаанын ортосундагы 2,5 сотых жери коркунучта турганын айтууда:
"Мурунку Жер кодексинде элдин кызыкчылыгын эске алуу менен ошол жерге жол кура турган болсо, көп кабаттуу үй салына турган болсо "базар баасы менен сатып алынат" деген. Ошону өзгөртүп, "тартып алынат" деп жатат. Жетиштүү баа менен тартып алынат деп жатат. Жетиштүү баа деп Иванга 20 сом, Сергейге 30 сом, мага 10 сомго баалай бериши мүмкүн. Бул тартып алуу деген басмачылык".
Чогулгандардын арасында мурдагыдай эле "кызыл китепти" калтырууну да өтүнгөндөр болду. Айрым шаар тургундары ушул мыйзам аркылуу реновация программасы ишке ашып, көп кабаттуу үйдөгү батирлери арзан бааланып калабы деп чочулап турушат. Бишкектин тургуну Мария Абакирова мындай деди:
"Эгер көңүл бөлүп окусак, алар каалаган жерин, каалаган жер тилкесин алып коё алат экен. Мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгы үчүн баарын бузуп, каалаганын салса болот экен. Мындан сырткары "кызыл китепти" жок кылабыз деп жатышат. Совет бийлиги учурунда мамлекет жер бөлүп берген, ага акча төлөп "кызыл китеп" алганбыз. Ушуну жок кылабыз деп жатат. Демек, алар каалаган жерин кимден болбосун алып коё алат экен”.
Дагы бир шаар тургуну Сергей Ким мындай ою менен бөлүштү:
“Бул Жер кодекси үй ээси менен инвестордун ортосуна мамлекеттин киришүүсүнө мүмкүндүк түзүп берет. Бул жерде үй ээси утулуп калат. Ал эми инвестор көп пайда алат. Президент бул мыйзам долбооруна кол койбошу керек. Биз андан талап кылабыз, анткени бул мыйзам долбоору элге каршы иштейт”.
Милиция кызматкерлери чогулгандарга парламенттин алдында митинг өткөрүүгө болбой турганын түшүндүрдү. Алар президентке кайрылуу жазылган кагазга кол коюп, тарап кетишти.
Парламенттеги талаш
Жогорку Кеңеш өткөн аптада талаш жараткан Жер кодексинин жаңы редакциясын кабыл алган. Парламентте дачалардын маселеси талкуу жаратып, 13 депутат мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтаруу сунушун берген.
Ал депутаттардын арасында Дастан Бекешев бар.
“Жерди кайсы учурда ала алат деген көйгөй бар. Мен өзүмдүн сунуштарымды бергем, сот аркылуу болушу керек. Ушундай жазылды, бирок баа боюнча талаш болуп жатат. Кантип бааланат ошол жер? Мисалы, мамлекет эртең бул жерге жол, бала бакча, мектеп салабыз десе, кантип баалайт? Ушул жерде көйгөй турат. Бир топ суроо берип, отурумда жооп ала алган жокмун”, - деди эл өкүлү.
Парламент аталган мыйзамды үчүнчү окууда жактыргандан кийин Чүй облусундагы багбандар уюму да президентке кайрылган. Алар айыл чарба багытындагы жерлерди турак жай куруу категориясына которууга каршы экенин, алардын үнүн депутаттар укпай жатканын айткан.
Министрлер кабинети 2022-жылы иштеп чыккан Жер кодексинин жаңы редакциясы бир жылдай коомдук талкууда жүрүп, 2023-жылы парламентке киргизилген. 2024-жылы жай айларында анын долбоорун Жогорку Кеңештин комитеттери карай баштаган.
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев аталган мыйзам долбооруна президент кол койсо, ал алты айдан кийин күчүнө кирерин айтууда. Ал эми "кызыл китеп" мурдагыдай эле каларын билдирди:
“Кызыл китеп ошол эле бойдон калат. Биз атайын алты ай деп калтырганбыз. Себеби бул кодекс кабыл алынгандан кийин көп мыйзамдар жокко чыгат. Ошонун баарын ордуна алып келиш керек. Ал жерде үч айдын ичинде Министрлер кабинети иретке келтирсе, айдан кийин күчүнө кирет. Бул кодексти кабыл алгандан кийин өзгөртүүлөр болот. Каалаган өзгөртүүлөрдү киргизсе болот”.
"Менчик жерлерди алып коюуга каршымын"
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги 19-февралда маалымат таратып, жеке менчикке болгон укук корголорун билдирген.
“Бардык жеке менчиктеги кыймылсыз мүлктөр жана үлүш жерлер мамлекетке алынбайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана ушул кодекс менен укуктар корголот. Ошондой эле жеке менчиктеги кыймылсыз мүлктөр жана үлүш жерлер азыркы колдонуудагы Жер кодексиндеги алып коюу шарттары өзгөртүүсүз калтырылууда. Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерди пайдалануу боюнча өзгөчө шарттар каралган, алар:
- Жерди максаттуу багытына каршы пайдалануу;
- Табигый кырсыктардын коркунучу же кесепети болгон учурда;
- Өзгөчө баалуу жерлерди же өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын мамлекеттин кызыкчылы болгон учурда кайтарылат.
Мындан сырткары жаңы Жер кодексине ылайык, жер участогун мамлекеттке кайтаруу соттун чечими менен гана мүмкүн жана бул өзгөчө чара болуп эсептелет”, - деген түшүндүрмө берилген анда.
Ал эми президент Садыр Жапаров 20-февралда "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин билдирди.
"Менчик жерлерди алып коюуга мен каршымын. Жеке менчик мүлктөр кол тийгис. Эгер ФПСтин ижарага берилген жерлери болсо, анда башка кеп.
Жеке менчик жерлерди болсо, жергиликтүү бийликтегилер кыдырып туруш керек. Кимдер иштете албай жаткан болсо, өкмөт тараптан жардам берели, иштеттирели.
Өзү иштете албай жатса, анда ижарага алып өкмөт иштетсин. Жолдорун тапса болот да. Иштетпей жаткан жеке менчик жерлерди алабыз деген ченем менен мыйзам долбоору келсе, каршы пикир менен кайтарам".
Кыргызстанда Жер кодекси 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери ага 61 ирет өзгөртүү киргизилген. Бийлик өкүлдөрү буга карабай документ эскирип, бүгүнкү шарттарга жооп бере албай калганын белгилеп, аны толук жаңы редакцияда кабыл алууну сунушташкан.
Демилгечилер жаңы кодекстин максаты – жерлерди коргоо жана пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү деп билдирүүдө. Маселен, ал кабыл алынса, Кыргызстандагы жер тилкелеринин баары бир сыйра ревизиядан өтүшү мүмкүн.
Шерине