Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:46

"Бир жылда беш судья жоопко тартылды". Сот тутумундагы соңку аракеттер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда дагы эки судьяны жоопко тартууга уруксат берилди. Жогорку сотто коррупцияга каршы атайын жыйын өттү. Талдоочулар оболу судьяларды тандоо ишине көңүл буруу зарыл экенин айтып жатышат. Өлкө жетекчилиги сот тутуму татаал реформалардан өтүп, барган сайын өркүндөөнүн үстүндө деген пикирде.

Кылмыш жообуна тартууга уруксат

Кыргызстандын Судьялар кеңеши 13-февралда башкы прокурордун өтүнүчүн карап, Бишкектин Ленин райондук сотунда жана Ош облусунун Араван райондук сотунда иштеген эки судьяны кылмыш жообуна тартууга уруксатын берди. Президент Садыр Жапаровго экөөнү тең ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү тууралуу сунуш киргизилди.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, эки судьяга тең айып Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” деген беренесинин негизинде тагылды, мындан тышкары, Ленин сотунун судьясына “Пара алуу”, ал эми Аравандагы судьяга “Кызматтык жасалмачылык” деген да кине коюлууда.

Судьялар кеңеши кылмышка шектелип жаткан судьялардын аты-жөнүн так атаган жок. Болгону, Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А., ал эми Араван районундагы судья Ж.Н.Б. экенин билдирди.

Айрым сайттар шектүү судьялар Мирзат Авазов жана Нурбек Жолбунов экенин жазышты. Алардын аты-жөнү Судьялар кеңешинин сайтындагы инициалдарга туура келет. Судьялар кеңеши – соттук өз алдынча башкаруу органы, анын 15 мүчөдөн турган курамы ар үч жыл сайын соттордун съездинде шайлоо жолу аркылуу жаңыланып турат.

Жогорку сот жана сөз болуп жаткан судьялардын жакындары же адвокаттары тараган маалыматтар боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Эки судьяны жоопко тартууга уруксат берилгендин эртеси, 14-февралда Жогорку сотто коррупцияга каршы күрөшүү маселесине арналган жыйын өттү. Анда жогоруда аталган судьялар тууралуу кеп болдубу же жокпу, белгисиз, бирок, мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, төрага Медербек Сатыев судьяларды мыйзамдуу, негиздүү чечимдерди кабыл алууга, кынтыксыз иштөөгө жана жемкорлукка жол бербөөгө чакырды. Төрага ушундай эле коррупцияга каршы күрөш тууралуу жыйындарды соттордун аппараттарынын кызматкерлери арасында да өткөрүү керектигин айтты.

Жарым жылда кеминде үч факт катталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) судьялар ар кандай кылмышка кириптер болгону тууралуу маалыматтарды жарыялап келет. Бирок алар шектүү катары гана кармалганы маалымдалып, кийин тергөөсү, соттогу териштирүүсү кандай жана канча убакытта жыйынтыкталганы, адатта, эгер резонанстуу иш болбосо, дайым эле ачык жарыялана бербейт.

Былтыр, мисалы, экинчи жарым жылдыкта кеминде үч окуя тууралуу белгилүү болгон. 18-декабрда УКМК Бишкек шаардык сотунун жазык коллегиясынын судьясы жана анын жубайы алдамчылыкка шектелип кармалганын, алар 2 миң доллар пара талап кылып, бул каражатты электрондук капчык аркылуу котортуп алганын билдирген. 30-сентябрда УКМК Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрайымы опузалап пара талап кылууга шектелип кармалганын, ал 3 миң доллар өлчөмүндөгү параны жардамчысы аркылуу алып жаткан маалда кармалганын кабарлаган. 4-июлда УКМК соттолуучудан актоо өкүмүн чыгарып берем деп 10 миң доллар талап кылган деген шек Чүй облустук сотунун эки судьясы кармалганын маалымдаган.

Быйыл 24-январда Судьялар кеңеши Бишкекте судьялар Арзыбай Абдураимовдун, Айвар Кубатовдун жана Улан Садырбековдун отставкага кетүү арыздарын канааттандырган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, жогоруда аталган судьялардын бири жубайы менен кошо кылмышка шектелип кармалган Абдураимов экени белгилүү болгон. 25-декабрда президент Садыр Жапаров аны Бишкек шаардык сотунун судьясы кызматынан убактылуу четтетүү жарлыгын чыгарган. Ал өзү коюлган айып боюнча комментарий бере элек.

"Судьяларды тандоо ишинде маселе бар"

Борбор калаада бир эле учурда үч судья өз ыктыяры менен кызматтан кетиши, Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулованын пикиринде, системаны тазалоо иши жүрүп жатканынан кабар берет, бирок, анын айтымында, судьяларды тандоо иши ачык, таза жана кесипкөйлүк деңгээлде жүргүзүлбөсө жемкорлуктан арылуу оор:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

"Негизи буга чейин бир дагы судья "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталган эмес. Көбүнчө паракорчулук жана адилетсиз чечим чыгаруу деген айып тагылып келген. Ушул менен кесилип кеткендер бар, бирок көп эмес. Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган дегени таң калыштуу. Cот системасын тазалоо боюнча саясат жүрүп жатат окшойт, анткени Бишкек шаарынын үч судьясы өз ыктыяры менен бир маалда кеткени чоң табышмак. Сотторду тандоо кеңешинин курамында чоң маселе бар. Тандоо тартиби жана ыкмалар боюнча да. Мисалы, судьялыкка тандала турган киши адеп-ахлактык, моралдык жагынан бул ишке туура келиши керек. Ошого жарамдуулугун кесипкөй психолог аныкташы зарыл. Бирок сотторду тандоого андай адистер катышпайт. Булардын өздөрүнүн психологиялык тесттери бар, бирок психологиялык билими жок адам аны кантип баалайт алат? Анан Сотторду тандоо кеңешинин жыйындары ачык болушу керек, эл билиши керек. Ошондой эле президент айрым соттордун талапкерлигин жактырбай жатат, ал кайсы критерийдин негизинде андай кылды, ачыктык жок."

Судьялык кызматка талапкерлерди тандоо менен Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш алектенет. 12 мүчөдөн турган кеңештин курамынын үчтөн экисин судьялар, үчтөн бирин президенттин, парламенттин, Элдик курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү түзөт. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Жогорку Кеңеш бекитилген күндөн тартып үч жылды түзөт. Кеңеш тууралуу мыйзамда ал өз ишин көз каранды эместик, ачык-айкындуулук, коллегиялуулук жана объективдүүлүк принциптеринде жүзөгө ашырары жызалган.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов коррупцияга шектелип кармалгандар сот системасында гана эмес, башка да тармактарда көбөйгөнүн айтып, бирок өлкөдө соңку кабыл алынган мыйзамдар мындай терс көрүнүштөрдү азайтат деген пикирде:

Курманбек Осмонов
Курманбек Осмонов

"Массалык маалымат каражаттарынан билип калып жатабыз, статистикалык маалымат колубузда жок. Бирок, менин жеке туюмумда, мындай көрүнүштөр мурдагыга караганда көбөйдү деп айтканга негиз бар деп ойлойм. Башка тармактарда дагы, сот системасында да ошондой болууда. Коррупцияны түп-тамырынан жок кылып салыш кыйын, анткени бул социалдык маселелерге байланыштуу, социалдык терс көрүнүш. Жоопкерчиликти, алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү менен коррупциянын деңгээлине таасир этсе болот".

Адвокат Акынбек Ногоев айрым учурда судьялар да коргоого муктаж деген пикирде. Ал тергөөчүнүн же прокурордун оюн укпаганы үчүн кысымга кабылган судьялар тууралуу айтууда.

Акынбек Ногоев
Акынбек Ногоев

"Эгерде судья прокурордун же тергөөчүнүн көңүлүнө жакпай калса ар кайсы жагынан "чукуп", болбосо, тууган-уругуна кысым көрсөтөт. Сен ушундай кылсаң биз мындай кылабыз дешет. Бала-бакырасына чейин териштирип, "сындырганга" аракет кылышат өзүнүн оюн таңуулап", - деди адвокат.

"Сот тутуму өркүндөө үстүндө"

Өлкө жетекчилиги сот тутуму татаал реформалардан өтүп, барган сайын өркүндөөнүн үстүндө деген пикирде. Өткөн жылы президент Садыр Жапаров сот системасынын 100 жылдык маарекесинде бул тармакты каржылоо көбөйгөнүн айткан.

"Адилеттүүлүк болмоюнча жарандардын ишенимин арттыруу, коомдун туруктуулугун камсыздоо жана мамлекеттин өнүгүүсүнө жетишүү мүмкүн эмес. Мамлекетибиздин сот тутуму дагы кыйын кырдаалдардан, оор өзгөрүүлөрдөн, татаал реформалардан өтүп, барган сайын өркүндөөнүн үстүндө. Адилеттүүлүк менен мыйзамдуулук – бир эле маалда экөөнү эриш-аркак алып жүрүүнү, ошол эле учурда өтө кылдаттыкты талап кылган татаал иш.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Мыйзамдуулукка оодара салып, адилеттүүлүктү четке кагып коюу, же болбосо адилеттүүлүккө жамынуу менен мыйзамды бурмалоо калыстыкка да, акыйкаттыкка да жатпайт. Кыргызстандын ар бир жараны өз укугунун корголгондугун сезип, кадыр-баркы, бедели тебеленбесине ишениши үчүн ачык-айкындык, көз карандысыздык жана абийир жолунан тайбаш керек!", - деген Жапаров.

"Бир жылда беш судья жоопко тартылды"

14-февралда Жогорку сотто жемкорлукка каршы күрөш боюнча жыйында мекеменин төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев мамлекет бул жаатта чукул аракет көрүп жатканын айтып, 2023-жылы кынтыксыз эмес иши үчүн сегиз судья кызмат ордунан четтетилгенин, иштеп жаткан жана мурдагы алты судьяны кылмыш жообуна тартууга макулдук берилгенин, үчөө жоопко тартылганын билдирди.

2024-жылы, Мусаевдин айтымында, Судьялар кеңеши 9 судья боюнча макулдук берип, беш судья кылмыш жообуна тартылды.

2024-жылы 31-декабрда Кыргызстанда “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Аталган мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” жана башка мыйзамдарга өзгөртүү киргизилген. Алардын негизинде кызмат учурунда жемкорлукка барганы сотто далилденген адамдар соттуулугу жоюлган күндө да мамлекеттик жана муниципалдык кызматта эч качан иштей албайт, жазадан айыппул төлөп кутулуп кете албайт, күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке келтирген материалдык зыяндын ордун толтурса да жаза чарасынын кеминде жарым мөөнөтүн өтөшү зарыл болот. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.

Демократияны курууга аракет кылып жаткан мамлекеттерге жардам берүү менен алектенген "Эл аралык республикалык институт" уюму (International Republican Institute, 1983-жылы негизделген) 2024-жылдын башында жарыялаган изилдөөсүндө сурамжылоого катышкан 1500 кыргызстандыктын 65% Кыргызстан үчүн эң олуттуу үч көйгөйдүн бири деп жемкорлукту атаганын, 55% соттордун ишин терс баалаганын билдирген.

Transparency International 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарып, Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 25 упай алганын жарыялады. 2023-жылы 26 балл эле. Рейтинг упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн дегенди билдирет.

Шерине

XS
SM
MD
LG