Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Жогору сот үч журналисттин өкүмүн өзгөрткөн жок


Коллаж
Коллаж

Жогорку сот журналисттер Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекееванын адвокаттарынын арызын карап, буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырды. Эми Махабат Тажыбек кызы алты жыл, Азамат Ишенбеков беш жыл абактагы жаза мөөнөтүн өтөшү керек.

Соттун мындай чечими сөз эркиндигине басым катары бааланууда.

Дээрлик бир жылдан ашуун камакта отурган Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, аталган долбоордун кызматкери Азамат Ишенбеков жана пробация жазасы менен абактан бошотулган Темиров LIVE редакциясынын журналисти Айке Бейшекееванын иши Жогорку сотто каралды.

Алгач жактоочулар мурдагы инстациядагы соттун чечими негизсиз болгонун айтып, адвокат Улан Сейитбеков лингвистикалык экспертиза мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирди.

“Эксперт Абдыкожоев жана Нурлан Сакпаев эксперттик жөнүндө мыйзамды одоно бузуу менен эксперттик корутунду чыгарды деп беришкен. Алар лингвист эмес, юридикалык баа берген орган катары массалык башаламандыкка алып келет дешкен. Бардык мыйзам бузуулары көз карандысыз эксперт Нарынбаеванын корутундусунда жазылып турат”.

Журналисттердин соту. 25-февраль, 2025-жыл.
Журналисттердин соту. 25-февраль, 2025-жыл.

Адвокаттар бул иш эл аралык уюмдардын көз алдында турганын, Кыргызстан бир нече эл аралык мыйзамдарды аткарууга милдеттенме алганын эске салышты. Жактоочу Рабига Сыдыкова соттон Махабат Тажибек кызынын жашы жете элек баласы бар экенин айтып, аны камактан бошотууну суранды.

“Анын 12 жаштагы баласы бар. Баарыбыз түшүнүп тургандай жашы жете элек баласы болгондуктан жаза мөөнөтүн жылдырса болот. Бирок соттор муну эске албай жатат. Кандай жол болсо да камап, катуу жаза чарасын берип жатканын кандай түшүнсө болот? Мен муну адилетсиздик деп эсептейм”.

Мамлекеттик айыптоочу келтирилген кассациялык арыз негизсиз экенин айтып, судьялардан арызды четке кагууну суранды. Ошентип судьялар буга чейинки Ленин райондук жана шаардык соттун чечимдерин күчүндө калтырды.

Ленин райондук соту былтыр октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кесип, Бишкек шаардык соту декабрда ошол өкүмдү күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы да күчүндө калган.

Пробация жазасы менен бошотулган Айке Бейшекеева мындай деди:

“Эми үйдө жүрөсүң, ата-энең менен болосуң, ден соолукту карайсың, буга дагы рахмат дейсиң бирок дайыма эле өзүңдү тергөөчүнүн бөлмөсүндө отургандай сезесиң, дайыма суроолорду берет. Баары бир басым бар. Пробация менен түрмөнүн айырмасы жолдо эркин эле жүрөсүң, башка айырма жок. Басым ошондой эле”.

Журналисттердин соту. 25-февраль, 2025-жыл.
Журналисттердин соту. 25-февраль, 2025-жыл.

Адвокаттар Жогорку соттун чечими акыркы эмес экенин айтып жатат. Алар иште жаңы жагдай чыкса, кайра райондук сотко кайрыла аларын белгилешти.

“Эми биз соттук актыны окуп, талдап көрөбүз. Анын негиздемелерин окуп чыккандан кийин кеңешип жыйынтыктоочу чечимге келебиз. Бирок үмүттүн баары ушул жерде эле”, - деди адвокат Нурсултан Жаныбеков.

Журналисттердин бүгүнкү сот отурумуна адаттагыдан көп киши чогулду. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элчиликтердин кызматкерлери да жүрүштү. Бул иш боюнча акталган жети журналист дагы тилектештигин билдирип келген.

Алардын бири журналист Сайпидин Султаналиев мындай деди.

“Жаңы дайындалган Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев ар кайсы жерде сот деген элдин ишеничин акташ керек, элге кызмат кылыш керек деген сөзүн кайталап жүрөт. Тилекке каршы сөз менен иштин айкалышы туура эмес болуп жатат”.

Журналисттердин соту. 25-февраль, 2025-жыл.
Журналисттердин соту. 25-февраль, 2025-жыл.

Журналисттердин иши Жогорку сотто каралардан мурдараак Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы камтамачылыгын билдирип, Жогорку соттон Конституция жана эл аралык милдеттемелерди эске алуу менен чечим чыгарууну суранган. Махабат Тажибек кызынын абактагы коопсуздугуна да тынчсыздануусун билдирген.

Бүгүнкү сот чечимин журналист Асел Сооронбаева мындайча комментарийледи:

“Бул журналистикага эле эмес жалпы элге тишелүү чечим. Сүйлөбөгүлө, сын көз караш менен карабагыла, сынабагыла дегенди билдирет. Жалпы эле сөз эркиндигине болгон кысым катары да бааласа болот. Журналисттер болгон окуяны чагылдырат, коомдун күзгүсү. Коррупция болуп жатса аны чагылдырат. Бирок журналистиканы кылмыш катары баалоо бул бардык жарандарга белги”.

Соттолгон журналисттер кимдер?

Махабат Тажибеков
Махабат Тажибеков

Махабат Тажибек кызы 33 жашта. Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында туулган. Алты бир туугандын улуусу. Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги юридикалык коллежде окуган. “Айт, айт десе” жана Темиров LIVE долбоорлорунун директору болгон. Темиров LIVE редакциясынын негиздөөчүсү, Кыргызстандан чыгарылган журналист Болот Темировдун жубайы. 12 жаштагы уулу бар.

Апрель айында абакта сабалганы тууралуу маалыматтар чыккан. Жаза аткаруу кызматы аны төгүндөп, күнөөнү журналисттин өзүнө оодарган.

Ушул жылдын 18-февралында соттолуп, өлкөдөн чыгарылган, азыркы тапта чет өлкөдө жашаган иликтөөчү журналист Болот Темиров Чүйдөгү №2 аялдар абагында алты жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Махабат Тажибек кызынын өмүрү коркунучта экенин Фейсбукка жарыялаган.

Темиров жубайынын абактан жазган каты делген сүрөттү да жарыялагандан кийин Жаза аткаруу кызматы 19-февралда маалымат таратып, Махабат Тажибек кызынын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экенин билдирген.

Коркутуп жатат делген аял №2 аялдар абагында катаал шартта, Махабат Тажибек кызынан өзүнчө жайда кармаларын кошумчалаган.

Азамат Ишенбеков
Азамат Ишенбеков

27 жаштагы Азамат Ишенбеков социалдык тармактарда акын катары таанылган. Ал “Айт, айт десе” каналында коомдогу көйгөйлөрдү, саясий жүрүштөрдү ырга айланткан видеолорду чыгарып келген. Азамат камалгандан кийин коомчулук аны акын катары тааный турганын, өзүнө коюлган айыпка макул эместигин айткан.

Ата-энесинен эрте айрылган Азамат чоң ата, чоң апасынын колунда чоңойгон. Орто мектепти аяктагандан кийин Орусияга эмгектенгени кеткен. Ал камалганда чоң апасы ооруп, оор абалда жатканы айтылган.

Айке Бейшекеева тогуз айга чукул тергөө абагында отурду. Ал 11 журналисттин эң кенжеси. 16-январда 23 жашка чыккан Айке туулган күнүн тергөөчүнүн маңдайында сурак берүү менен өткөргөн.

Айке Бейшекеева.
Айке Бейшекеева.

Ал сотто камалган журналисттер мамлекетке зыян эмес, пайда алып келерин айткан.

Чехиядагы “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму Айкеге адам укуктарын коргоодогу каармандыгы үчүн эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгын ыйгарган.

Бейшекеева "Темиров LIVE” командасында беш-алты айдай фактчекер журналист болуп иштегенден кийин эле камалган.

Бишкекте төрөлүп, №38 мектеп-гимназияда окуган. Жогорку билимди Польшадагы Вистула университетинде алып, журналистика бөлүмүндө 3-курста окуп жаткан.

Айке алты тилде эркин сүйлөйт. Жакындары тергөө абагында корей тилин үйрөнүп жатканын айтышкан.

Бийликти сындаган материалдарды жарыялап келген Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана кызматташкан 11 журналист жана активист 2024-жылы январь айында кармалган. Алардын ичинен жетөө "аракетинде кылмыш курамы жок" деген негизде акталган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Журналисттердин камалышы боюнча былтыр сентябрда президент Садыр Жапаров да пикирин билдирип, аларды “жасалма маалымат таратышкан” деп айыптаган.

“Ал эми “11 журналист” дегениң боюнча. Алардын экөө гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп социалдык түйүндөргө отургузуп, жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып жатканын кантип танат? Дагы бир жолу кайталайм. Жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпайт”, - деген Садыр Жапаров.

Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырып келет.

Алсак, Журналисттерди коргоо комитетинин (The Committee to Protect Journalists - CPJ) ушул жылы 16-январда жарыяланган сөз эркиндигин абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жагдай жакшы эместиги белгиленген.

Документте "Постсоветтик Борбор Азияда сөз эркиндигинин абалы боюнча башкаларга үлгү болуп келген Кыргызстан авторитаризмге жакындоону улантып жатканы" жазылган. Мисал катары уюм Temirov Live иликтөө долбоорунун кызматкерлерине козголгон кылмыш иштерин келтирген.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG