Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:11

"Картабыз бөгөттөлүп, айлабыз түгөндү". Орусияда 7000 мигрант "кара тизмеге" түштү


Орус полициясы мигранттарды темир жол вокзалынан мекенине депортациялоодо.
Орус полициясы мигранттарды темир жол вокзалынан мекенине депортациялоодо.

Орусиядагы ондогон мигрант банк карталары күтүлбөгөн жерден бөгөттөлүп калганын, айласы кетип турганын айтышты. Алардын айрымдарынын тиешелүү документтери толук болсо дагы, банк картасы иштебей калган. Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды чыгаруу боюнча режим 5-февралда күчүнө кирди.

"Картабыз жабылып, айлабыз түгөндү"

Коопсуздугунан улам аты өзгөртүп айтылган кыргызстандык Айпери күйөөсү менен Орусияда эмгектенип жүрөт. Жолдошу такси айдаса, өзү ашканада иштейт. Бир күн мурда күйөөсүнүн банк картасы бөгөттөлүп, учурда жумушу жок отуруп калды.

"Жолдошум эл ташып, такси кызматын көрсөтчү эле. Кечээ саат 4-5терде карталары бекип калыптыр. Кайда кайрылайын билбей жатат, "кирди-чыкты" кылып келейин десе, кайра киргизбей коёбу деп жатат. Каттоосу жана башка бардык документтери бар эле. Яндекс дагы блок болуптур", - дейт ал.

Дагы бир кыргызстандык мигрант Нурзат уулу экөө акча чогулткан банк эсебиндеги картасы бөгөттөлүп калганын айтты. Ал ар кайсы эшикти каккылагыны менен, майнап чыкпай жатканын билдирди:

“Саат 4кө чейин банк менен сүйлөштүм, эртең менен 8де болгон иш. Кечке чейин сүйлөшсөм, анан "сизге жардам бере албайбыз" деди. Ички иштер министрлиги аркылуу чечесиңер деди. Аларга барсам, алар дагы жардам бере албайбыз деди. Бирөөнөн элчиликтин номурун алдым, алар болсо жооп бербей жатат”.

Дагы бир мигрант 70 миңден ашык рубль акчасын ала албай калганын билдирди. "Т-банкта 78929₽ акчам бар эле, калып кетти. Бардык документтерим жайында, расмий иштейм".

Орусияда иштеген ондогон мигранттар көзөмөл реестрине жаңылыш кирип калганына даттанууда. Бул тууралуу "Агентство" долбооруна укук коргоочу Валентина Чупик билдирген.

Бул реестр 5-февралда ишке кирген. Укук коргоочунун айтымында, эки күн ичинде ага 31 адам кайрылган. Алардын 13ү кыргызстандык, сегизи тажикстандык жана жетөө өзбекстандык мигранттар. Андан тышкары Армения, Азербайжан жана Түркмөнстандын жарандары кайрылган. Алардын көбү реестерге кирип калганын банктардын маалымдамасынан билген.

Baza Телеграм-каналы бул тизмеге кирген жүздөгөн чет элдиктердин банк эсептери бөгөттөлгөнүн жазды. Реестерге түшүп калган мигранттардын көбү Орусияда мыйзамдуу жүргөнүн айтышкан. Мындан улам Чупик аларга банктардагы акчасын чыгарып кетүүгө кеңеш берет.

Орусияда 5-февралдан тарта өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды чыгаруу боюнча режим күчүнө кирди. Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулары үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.

Өлкөдөн чыгарыла турган чет өлкөлүктөргө банк эсептерин ачууга, автоунаа айдоого, никесин каттатууга, башка аймакка көчүүгө тыюу салынат. Алар жашаган жерге полиция ордерсиз бара алат. Алардын артынан соттун уруксаты жок техникалык каражаттар менен аңдып жүрүүгө уруксат берилет. Мындан тышкары мыйзамсыз мигранттарга тыюу салынган кызматтарды көрсөткөн адамдар айыпка жыгылат.

Катардагы жарандар үчүн айып пул 2000ден 5000 рублга чейин, кызмат адамдары үчүн 35-50 миң рубль, юридикалык жактар үчүн 400-500 миң рублди түзөт.

"Банктар эч кандай эскертүү берген эмес"

Мигранттардын укугун коргоп жүргөн юрист Мирлан Токтобеков Орусиянын ички иштер министрлиги жарандын документи бар-жогун ылгабай эле реестрге киргизип салганын белгилейт:

Мирлан Токтобеков
Мирлан Токтобеков

"Банктар ал кишилерге мурда эч кандай эскертүү берген эмес. "Сиз ушундай реестрде экенсиз, карта бекитилет же башка эсепке салыңыз, чыгарып алыңыз деген" эскертүү бериши керек эле. Муну Ички иштер министрлигинин көрсөтмөсү менен банктар ушундай кылган деп эсептейм. Анткени азыр кыргыз жарандарыбыздын миллиондогон каражаты карталарда калды. Чыгара албай чуркап жүрүшөт".

Юристтин айтымында, ушундай окуяга туш болгон ар бир жаран өзү Ички иштер министрлигине кайрылышы керек.

7000 мигрант "кара тизмеге" кирген

Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк Телеграм-каналына реестр иштей баштагандан берки бир суткада 60 миңдей мигрант текшерилип, 7000 киши "кара тизмеге" киргизилгенин билдирди. Реестрдеги маалыматтар ар төрт саатта жаңыланып турат.

Орусияда 5-февралдан тарта “мекенине жөнөтүү режими” деп аталган эреже күчүнө кирген. Эми миграциялык мыйзамдарды бузган мигранттар “көзөмөлдөгү адамдардын реестрине” кирип, көптөгөн укуктарынан кол жууйт. Аларга никесин каттатууга, баласын мектепке же бакчага киргизүүгө, машине айдоого тыюу салынат. Андан тышкары банк карталарын да колдоно албайт.

Кыргызстандык мигранттар туш болуп жаткан жагдай тууралуу Москвадагы элчилик комментарий бере элек.

Буга чейин 5-февралда Орусиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой жана Тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн элчилери менен миграция маселесин талкуулаган. Анда Орусияда мигранттарды тескеген мыйзамдар катаалдашканы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ага Москвадагы элчи Кубанычбек Бөкөнтаев дагы катышып, миграциялык "мыйзам саясатташпашы керектигин" билдирген.

"Кубанычбек Бөкөнтаев 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ тууралуу келишимдин жоболорун эске алуу менен, экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин эмгек мигранттары үчүн каралган бардык жеңилдиктерди сактоо жана камсыз кылуу зарылдыгына, бул чаралар эмгек күчүнүн эркин жүрүүсүн камсыз кылган биримдиктин негизги принциптерине шайкеш келиши керектигине көңүл бурду”, - деп жазылган Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Орусиянын ички иштер министрлиги мыйзамсыз жүргөндүн баары өлкөдөн чыгарылбай турганын, мыйзамсыз мигранттар өзүнүн укуктук макамын жөнгө салууга 2025-жылдын 30-апрелине чейин убакыт берилерин билдирген. Ага баш ийбегендерди полиция соттун чечимисиз эле өлкөдөн чыгара баштарын эскерткен.

Буга чейин расмий маалыматта Орусияда иштеген кыргызстандыктар 600 минден ашаары айтылса, жакында эле Тышкы иштер министрлиги алардын саны 334 миңдей экенин билдирди. Башкача айтканда, алардын саны соңку эки жыл ичинде кеминде 200 миңге кыскарган.

Орусия чет элдиктер үчүн визасыз режимди чектеди
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:15 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG