Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:31

УКМК кылмышка айыптаган Абыкеев Баткенге мэр болду


Темирболот Абыкеев. "Азаттыктын" коллажы.
Темирболот Абыкеев. "Азаттыктын" коллажы.

Ош облусунун Кара-Суу жана Чоң-Алай райондорунда мурда аким болуп иштеген Темирболот Абыкеев Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды. Эки жыл мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны ири өлчөмдө пара алууга шек санап кармаган. Жакындарынын айтымында, далил жоктугунан ал акталган.

Убагында коррупцияга айыпталган адамдын жетекчилик кызматка барышы талкуу жаратууда.

УКМК: Ири өлчөмдө акча каражатын алганы аныкталган

28-февралда президент Садыр Жапаров Баткен шаарынын мэрлигине Темирболот Абыкеевди дайындаган жарлыкка кол койгону маалым болду.

Кызматка дайындалышы жана мурда коюлган айып боюнча иши эмне болгону тууралуу анын өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Атайын кызматтын койгон кинесинин чын-төгүнү тууралуу да ал эч кандай маалымат берген эмес.

Темирболот Абыкеев 40 жашта. Кара-Суу районунун акими болуп 2023-жылдын декабрында дайындалган.

2024-жылдын 12-августунда акимдиктен бошотулганын президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү маалымдаган. Ошол жылдын 26-июлунда УКМК Абыкеев Кара-Суунун акими болуп турганда ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алууга шектелип суракка чакырылган жеринен кармалганын билдирген.

УКМК.
УКМК.

"Ынтымак айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында участокторду бөлүштүрүү учурундагы мыйзамсыз иш-аракеттерге Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевдин катыштыгы бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө аталган аким коргоп жана жардам көрсөткөндүгү үчүн айыл өкмөт башчыларынын биринен өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алгандыгы аныкталды", - деп айтылган атайын кызматтын маалыматында.

Ош шаардык соту шектүүнү сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен убактылуу кармоочу жайдан бошоткону белгилүү болгон.

Абыкеев кармалганы тууралуу расмий маалымат чыккандан бир апта мурда, 19-июлда атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу иш сапары учурунда Кара-Суу районунда элге деп бөлүнгөн 138 гектар жерге байланыштуу маселе көтөрүп, жер тилкелери сатылып жатканын айткан:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"Бүгүнкү күндө айыл өкмөт, жер адиси кармалды. Тергөө жүрүп жатабы? Аягына чыгаргыла. Чогултулган 300-350 миң доллардай акча Жогорку Кеңешке чейин жетти деген маалымат бар менде. Эгер аким бир сом алган болсо акимди алып барып камагыла. Керек болсо бүгүн камагыла. Аким ошону көзөмөлгө албаганы үчүн жооп бериши керек эч нерсе албаса дагы. Эгер алган болсо темир тор артына тез арада жапкыла мыйзам чегинде".

Ошондон кийин бул иш эмне болгону, тергөө кантип жыйынтыкталганы, соттук териштирүү болдубу же жокпу, расмий маалымат жарыяланган эмес. Абыкеев өзү же жактоочулары да комментарий бере элек.

Жакында гана иш “далилдин жетишсиздигинен” улам кыскарганын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып “Кактус Медиа” басылмасы жазды.

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев Кыргызстандагы кадр саясатындагы маселелерге көңүл буруу зарылдыгын айтууда. Ал Кара-Суу районунун акимдигине Темирболот Абыкеевди коюу туура эмес чечим болгон деп эсептейт:

Төлөгөн Келдибаев
Төлөгөн Келдибаев

"Кара-Суу Кыргызстандагы эң чоң район. Ош облусунун 70-80% экономикасын көтөргөн аймак. Анан ошол жерге тажрыйбасы жок жаш баланы койгонуна макул болгон эмесмин. Же айыл чарбаны, же экономиканы, өндүрүштү түшүнбөгөн баланы алып келгени бийликти сыйлабагандык болуп калган".

"Эч далил жок болгондуктан акталып чыккан"

Темирболот Абыкеев президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин аталаш бир тууганы.

Чолпонбек Абыкеев инисинин жаңы кызматка дайындалышы боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип, ага коюлган айыптардын далили жок болуп чыкканын, акыры акталганын айтты.

Ошону менен катар ал жакшы иштеген жетекчи болгонун да кошумчалады:

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

"Үч айдан ашык тергөөдө жүрүп, акталып чыкпадыбы эч далил жок болгондуктан. Мындайча айтканда, жалган жеринен аракет кылышыптыр. Базарда каттоодо жок 3 миңге жакын контейнер бар экен. Ошолорду каттоого алам десе ал жактагылар ушуну уюштурган имиш. Жер боюнча деп шылтоо кылган экен. Кийин жер боюнча кармалгандар дагы акталып чыгыптыр. Ал мен кызматта жок кезимде эле Кочкор районунун акими, Чоң-Алай районунун акими болуп иштеп жүргөн. Жакшы иштегенинен ошентип жүрсө керек. Айыл өкмөтү болуп иштеп турганда Кыргызстанда биринчи орун болгон, мен анда эч бир иши жок жүрчүмүн".

Темирболот Абыкеевдин аты журналисттер кабылган окуяда да аталган эле. Район акими иш учурунда Кара-Суунун Кожокелен айылында тойдо жүргөнүн айткан ОшТВнын журналисттери аны видеого тартууга аракет кылышкан. Кабарчылар микрофон сунууга аракет кылганда жанындагылар телеоператордун камерасын жана телефонун тартып алып, видеосун өчүрүп салганын айтышкан.

Бирок Абыкеев өзү мындай маалыматты четке каккан.

Ачык булактардагы маалымат боюнча, Абыкеев Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө башчы, ушул эле райондо аким, кийин Ош облусунун Чоң-Алай районунда да аким болуп иштеген.

"Бийликке болгон ишенимди солгундатат"

Кыргызстанда мамлекеттик кызматтын баркы, кадыры тууралуу талкуу жаралды.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков коррупцияга шектелип кармалгандарды кайра мамлекеттик кызматка дайындоо жалпы эле бийлик системасына болгон ишенимди төмөндөтөт деп эсептейт.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

"Мамлекеттик институттар мыйзамга ылайык иш алып барышы керек эле. Эгер жогорку деңгээлдеги кызматтарга ушундай мамиле болуп жатса бийликке ишеним солгундай түшөт. Президент ушундай маселелерге өтө кылдаттык менен мамиле кылса. 18 миңден ашуун мамлекеттик, муниципиалдык кызматкер бар. 10-20 жылдап иштеген кызматкерлерди каратып туруп кылмышка, коррупция шектелген адамдарды алып келип койгону ошолордун үмүтүнө, келечегине шек келтирет".

Кыргызстанда мамлекеттик же муниципалдык кызматкерге кылмыш иши козголуп, айып тагылып, бирок кийин ал акталып, кызматка дайындалган окуялар буга чейин да болгон.

Мисалы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Токмок шаарынын мурдагы мэри Урматбек Самаев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалган. “Чемпион” деген каймана ат менен таанымал Самаев 2023-жылы кармалып, мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылган. Быйыл 13-январда ал Жогорку соттон толук акталып чыкты.

Ал эми мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эки жолу кызматтан жаңжал менен кеткен. Ал 2020-жылдын Октябрь окуясынан соң 2022-жылдын августуна чейин министр болуп иштеп турган. Ошол эле жылы июнь айынын башында коррупцияга айыпталып камалган. Көп өтпөй үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1,5 млрд сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана жалпысынан мурдагы министрге жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин бардык кылмыш иштери токтотулган. 2023-жылы сентябрда министр кызматына кайра дайындалган, быйыл 3-февралда бошотулган.

TI: Кыргызстан жемкорлук рейтингинде беш баскычка артка кетти

Transparency International эл аралык уюму жакында 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарды. Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашты. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган эле. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн.

Кыргыз бийлиги өткөн жыл соңунда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөткөн мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. Жемкорлукка каршы күрөш жарыяланып, жазасы катуулаганы менен кылмыштын бул түрү токтой элек.

Айрым серепчилер Transparency International (TI) уюму чыгарган рейтингге байланыштуу комментарий берип, коомдук көзөмөлдүн, ачыктыктын жоктугу, маалыматтардын жабык болгону жана коррупцияга айыпталган айрым адамдардын мыйзамга ылайык жазаланбаганы буга таасирин тийгизгенин белгилеп жатышат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев соңку жылдары маалыматтын көбү жабык болуп калды деген пикирде:

Абдывахап Нурбаев
Абдывахап Нурбаев

"Эң биринчи көзөмөл бул жарандык коомдун, элдин көзөмөлү да. Акыркы жылдары ал алсызданып, мурдагыдай болуп активдешпей калды. Ошол дагы таасирин тийгизиши мүмкүн. Экинчиден, мурда маалымат бардык жерде ачык чыгып, көзөмөл болуп турган. Чиновниктер деле маалымат ачык чыгып, эл назарында болгондо жаман ишке бара албайт. Акыркы учурда бюджеттин ачыктыгы, башкалар деле ачык болбой калбадыбы. Канча көп адам байкап турса ошол жерде коррупция аз болот, бул эл аралык тажрыйба".

Кыргыз бийлиги Transparency International уюмунун соңку баяндамасы боюнча комментарий бере элек. Бирок өлкө жетекчилиги коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу жүрүп жатканын баса белгилеп келет.

Өткөн жылдын соңунда президент Садыр Жапаров коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иштеп чыккан мыйзам долбоорун 25-декабрда карап, экинчи жана үчүнчү окууда колдогон. Мыйзамда “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.

Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG