Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Кабул Ташкентке таарынды


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстан өзбек бийлигине «Талибан» кыймылынын жетекчилери менен жолукканына байланыштуу нааразылыгын билдирди. Кабул Ташкентти өз өлкөсүндө тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ооган өкмөтүнүн жана элинин мээнетин сыйлоого чакырды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери эле расмий Ташкент ооган маселесине жандуу аралашууга аракет кылып жатат.

Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү «Талибан» кыймылынын жетекчилери менен жолукканын кескин сынга алды. Министрлик «Твиттердеги» баракчасы аркылуу буга байланыштуу билдирүү таратты. Анда «ооган өкмөтү тынчтык орнотуу жараянына башка өлкөлөр да кол кабыш кылып жатканын кубаттайт» деп айтылды. Бирок Кабул Ташкентти тынчтык жараянын орнотуудагы ооган өкмөтүнүн жана элинин түйшүгүн урматтоого чакырды.

«Ооганстан жергебизде тынчтыкты орнотуу маселесине келгенде эл аралык жана аймактык кызматташтыкты ар дайым кубаттайт. Өзбекстан Республикасы да бул багытта коңшу жана достук мамиледеги өлкө катары ушуну көрсөттү. Бирок Өзбекстан Республикасы «Талибандын» өкүлдөрүн расмий кабыл алышы, сүйлөшүүлөрдүн ыргагы Ооганстан Ислам Республикасы менен «Талибандын» өкүлдөрүнүн ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн көрсөтпөйт. Андыктан биз бардык өлкөлөрдү, айрыкча биздин коңшуларды тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Ооганстан Ислам Республикасы жетекчи жана башкы тарап экенин сыйлоого чакырабыз», деп жазылат билдирүүдө.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 8-августта кеңсеси Катарда жайгашкан, молдо Барадар Ахунд жетектеген «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөнүн билдирген. Анда Ооганстанга тынчтык, бейпилдик орнотуу, туруктуу өнүгүүгө байланыштуу маселелер талкууланганы белгиленген:

«Барадар молдо Ооганстанга такай көңүл буруп жатканы үчүн Өзбекстандын бийлигине чексиз ыраазчылыгын билдирди. Ошондой эле Өзбекстандын аракетин улам ооган маселеси кайрадан дүйнөлүк коомчулуктун көңүл чордонуна чыкканын белгиледи».

Министрлик бул соңку жолугушуу качан жана кайда өткөнүн тактаган жок. Өзбек дипломаттары сүйлөшүүлөр Ооганстан боюнча 27-мартта Ташкентте өткөн эл аралык конференциядагы макулдашууларга ылайык уюштурулганын бышыкташты. Ошондой эле «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү кийинки ооган аралык сүйлөшүүлөрдү Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөрүү тууралуу сунушту колдогону белгилүү болду.

«Сүйлөшүүлөрдө ооган эли өз тагдырын өзү чечип, өз келечегин өзү курууга укуктуу экени баса белгиленди», деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Былтыр март айында Ташкентте Ооганстанга тынчтык орнотуу маселелерине арналган эл аралык жыйын өткөн. Анда өзбек Сенатынын төрагасынын орун басары Садык Сафаев Ооганстанга тынчтык жараянын орнотуу тууралуу сүйлөшүүлөргө Ташкент шарт түзүп бере аларын айткан.

«Тынчтык орнотуу тууралуу сүйлөшүүлөргө «Талибан» кыймылынын катышканы өтө маанилүү. Бул реалдуу саясий күч. Ошондуктан биз Ооганстандагы борбордук бийликти, талибдерди жана башка саясий күчтөрдү чогуу-чаран сүйлөшүүгө чакырабыз. Ташкент жыйынынын башкы максаты - ушундай сүйлөшүүлөргө шарт түзүп берүү», - деген эле ал.

Ташкент жыйынында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ооганстанда тынчтык жараянына көмөктөшүү үчүн «жол картасы» кабыл алынып, эл аралык коомчулук бул боюнча мунаса табышы зарыл экенин билдирген.

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

«Биз тынчтык процессинин бардык этабында Ооганстандын өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүш үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө даярбыз. Оппозиция тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып, улуттук элдешүү жүрө турган болсо, алардын Ооганстандын саясий процесстерине да катышуусуна шарт түзүлүшү керек. Талибдер баш болгон куралдуу оппозиция Ооганстандын жарандары болгондуктан, алардын өз өлкөсүнүн келечегин аныктоого укугу бар», - деген Мирзиёев.

Ал арада, 12-августта Кошмо Штаттар менен «Талибан» кыймылынын кезектеги сүйлөшүүсү жыйынтыкталды. АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад соңку 18 жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу максатындагы сүйлөшүүлөрдүн соңку айлампалары «өтө ийгиликтүү» өтүп жатканын жарыялаган.

Өткөн айдын аягында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы бул өлкөдөгү жагдай тууралуу соңку баяндамасын жарыялаган. Ага ылайык, жыл башынан бери ар кандай тирешүү менен куралдуу кагылыштарда 1366 адам өлүп, дагы 2446 киши жарадар болду.

Уюмдун билдирүүсү боюнча адам өлүмү былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 27 пайызга азайды. 2018-жылы мындай көрсөткүч эң жогорку чекке жеткен эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG