Польша Гданьск шаарында иштеп жаткан Орусиянын акыркы консулдугун жабат.
Бул тууралуу тышкы иштер министри Радослав Сикорский Сеймде сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, расмий нота орус тарапка жакынкы сааттарда жөнөтүлөт.
Сикорский дипломатиялык өкүлчүлүктүн жабылышын Варшава–Люблин темир жолунун бузулушуна байланыштырды.
Польша бийлиги бул окуяны диверсия катары баалаган. Бир күн мурун бийлик кылмышка шектүү Украина жарандары орус чалгын кызматтарынын көрсөтмөсү менен бул ишке барышы мүмкүндүгүн билдирген. Москва бул айыптоолорду четке какты.
Гданьск консулдугу жабылгандан кийин Польшада Орусиянын бир гана дипломатиялык өкүлчүлүгү, Варшавадагы элчилик калат.
Орус армиясы Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкыча Польшада бир нече орус консулдуктары иштеп турган. Алардын саны акырындык менен азайып отуруп, соңку ирет Познандагы консулдук жабылган. Ага Вроцлавдагы заводду өрттөө аракетине байланыштуу окуя түрткү болгон. Польша бийлиги ага да Орусиянын катыштыгы бар деп боолгологон.
Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова "Коммерсант" басылмасына билдиргендей, Москва "Польшага тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү кыскартат".
Азыр Орусияда Польша элчилигинен тышкары Иркутскиде консулдугу иштейт.
Польша премьери Дональд Туск Варшава–Люблин жана андан ары Украина чек арасына кеткен темир жолдо 16-ноябрда болгон жарылууну "буга чейин болуп көрбөгөн диверсия" деп атады.
Шерине