Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

Жапаров кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр салып жаткан мечит тууралуу түшүндүрдү


19-ноябрда президент Садыр Жапаров кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр куруп жаткан 55 млн долларлык мечит тууралуу мамлекеттик "Кабар" агенттигинин суроосуна жооп бергенде айтты. Журналист “Нарын” ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана куруп жаткан ишкердин мечити тууралуу сурап, жарандардан “бул кандай мечит болот, жеке кызыкчылыгы жокпу” деген суроолор түшүп жатканын белгилеген.

Жапаров курулуп жаткан мечиттин медресеси да болорун, балдар ошол жерде жатып тарбия-таалим, диний билим алышарын айтты.

"Эми биз 18 жашка чейинки балдарды өзүбүздө окутуп, туура багытта тарбиялайбыз. Медресени бүткөндөр билимин Токмок шаарында ачылган Ислам академиясында улантат. Мунун баары - келечекте өлкөдө бирдиктүү диний билим берүү системасын түзүү үчүн жасалып жаткан иш. Кыргызстан боюнча төрт миңге жакын мечит бар, ошол мечиттерге медресени, анан академияны окуп, бүтүп чыккан адистер имам болуп дайындалышат. Бул дагы - диний тармактагы карама-каршылыктарды, бөлүнүүнү, ар кандай жаңылыш агымдардын таасирин азайтуу үчүн жасалып жаткан кадам. Керек болсо мамлекеттен каражат да бөлүп беребиз", - деген Жапаров.

Президенттин айтымында, ишкер Хабибулла мейманкананы бизнес максатында иштетет, ал эми мечит элге белек болот. "Инвесторлорду “мындай, тигиндей” деп бөлбөй, тескерисинче, иш жүргүзүүгө шарт түзүп беришибиз керек", - деген ал. Ошондой эле мында эч кандай "жеке кызыкчылык жок" экенин белгилеген.

2023-жылдын 10-мартында Бишкекте түрттүрүлгөн “Нарын” ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор жана соода аянттарын камтыган “Бишкек сити” көп функционалдуу комплексинин курулушуна президенттин катышуусунда капсула салынган. Ага эл аралык медиа жарыялаган акча адалдоо, мыйзамсыз жүк ташуу боюнча журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр да катышканы талкуу жараткан.

“Азаттык” радиосу эл аралык өнөктөштөрү менен жүргүзгөн “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген беш жыл мурдагы иликтөөлөрүндө көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов көмүскө схеманы түзгөнү аныкталган.

Абдукадырдын мурдагы өнөктөшү, экс-бажычы Райымбек Матраимов 2020-жылдан кийин эки-үч ирет кармалып, баарында бошотулду. Биринчисинде ал бюджетке 2 млрд сом акча төксө, экинчисинде 200 миллион доллар төлөп, тергөө абагынан чыкканы маалымдалды. Сот башында ага 260 миң сом, акыркысында 100 миң айып пул салды.

Шерине

XS
SM
MD
LG