Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Ооганстанда АКШ аскерлери азайышы мүмкүн


Америкалык аскерлер ооган армиясын машыктырып жатышат. 2-май 2019-жыл
Америкалык аскерлер ооган армиясын машыктырып жатышат. 2-май 2019-жыл

Кошмо Штаттар Ооганстандан аскеринин бир даарын чыгарууга даяр. Бул үчүн "Талибан" кыймылы куралдуу жаңжалга чекит коюу максатында Кабул өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү баштоо кепилдигин берүүгө тийиш.

"The Washington Post" басылмасы жана CNN телеканалы атын атабаган булактарга таянып билдиришкендей, тынчтык келишиминин алкагында америкалык аскерлердин саны азыркы 14 миңден 8-9 миңге чейин азайышы ыктымал.

Алар НАТОнун 23 миң аскерден турган контингентинин курамында ооган коопсуздук күчтөрүн машыктыруу менен алектенип, талибдерге жана башка экстремисттик топторго каршы күрөштө көмөктөшүп келет.

Жоокерлерди чыгаруу үчүн "Талибан" кыймылы куралдуу жаңжалга чекит коюу максатында Кабул өкмөтү менен түз сүйлөшүүлөрдү баштоо кепилдигин берүүгө тийиш.

Азыркыга чейин талибдер Ооганстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугушуудан баш тартып, аларды "Батыштын кол баласы" деп атап келет.

Мындан тышкары АКШнын Кабулдагы элчилигинде иштегендердин, коопсуздук кызматкерлеринин саны кыскартылмакчы. Бул тууралуу CNN маалымдады.

31-июлда АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган кызматынын суроолоруна жооп берип жатып, тынчтык келишимине жетишүүнүн төрт шартын атаган.

Бул – чет өлкөлүк аскерлерди чыгарып кетүү, "Талибан" уюштурган теракттардын алдын алуу кепилдиктери, ооган аралык диалог жана ок атышууну туруктуу токтотуу.

Залмай Халилзад "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна интервью берип жатат
Залмай Халилзад "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна интервью берип жатат

"Биз ооган өкмөтү менен "Талибандын" тынчтык келишимине жетишүү жана тынчтык орнотуу багытындагы соңку кадамдарын аныктап алдык. Ооганстан ислам жумуриятынын атынан катышчу делегация белгилүү болду. Техникалык көмөк, колдоо көрсөтө турган топ да түзүлүп бүттү. Ушундай позитивдүү кадамдар жасалууда".

Халилзад бул кызматка дайындалгандан бери Кабулга жасаган ушул сапары өзгөчө жемиштүү болгонун кошумчалады.

31-июлда Ооганстандын тынчтык орнотуу министрлиги "Талибан" менен сүйлөшүүгө катыша турган 15 кишиден турган делегациянын курамын тактаганын билдирген.

Эмки аптада Халилзад Катардын борбор шаары Дохада талибдер менен сүйлөшүүлөрдүн 9-айлампасын баштамакчы.

Тараптар буга чейинки жолугушууларда келишимдин кээ бир пункттары боюнча олуттуу жылыштарга жетишкенин айтышууда.

Вашингтон тынчтык макулдашуусун 1-сентябрга чейин түзүүгө аракеттенип жатат. 28-сентябрда Ооганстанда президенттик шайлоо белгиленген.

Муну менен бирге америкалык айрым булактар шайлоо болбой калышы ыктымал экенин, анын ордуна "Талибан" өкүлдөрүн камтыган утурумдук өкмөт түзүлөт деген вариант да каралып жатканын расмий эмес билдиришти.

Мындай сценарийди "Талибан" менен ооган оппозициясы колдогону менен президент Ашраф Гани четке каккан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG