Грузияда 2026-жылдын март айынан тартып Коррупцияга каршы бюро жана Жеке маалыматтарды коргоо кызматы жабылат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун грузин бөлүмү парламент спикери Шалва Папуашвилиге таянып кабарлады.
Төраганын айтымында, Коррупцияга каршы бюро жүргүзүп келген иштер эми Мамлекеттик аудит кызматына өткөрүлөт.
“Бул функция мамлекеттик башкаруунун конституциялык чөйрөсүндө жогорку жана көз карандысыз орган катары саналган Мамлекеттик аудит кызматына көбүрөөк ылайыктуу” — деди ал.
Аталган бюронун башчысы мурда эле кызматтан кеткен. Мекеме 2022-жылы негизделген. Мындай бюронун түзүлүшү Евробиримдикке талапкер макамына ээ болуунун негизги шарттарынын бири эле.
Еврокомиссия жемкорлукка каршы механизмдерди бекемдөө боюнча 12 пункт сунуштаган.
Эске салсак, 2024-жылдын ноябрь айынын аягында Грузия бийлиги Евробиримдикке кошулуу сүйлөшүүлөрүн 2028-жылга чейин токтотконун жарыялаган. Мындан улам өлкөдө масштабдуу нааразылык акциялары тутанган. Аларды бийлик күч менен баскан.
Латвия, Литва жана Эстония баш болгон бир катар Батыш өлкөлөрү бул окуялар үчүн жооптуу адамдарга санкциялар киргизген.
Шерине