Трамп сунуштаган резолюция
Өткөн айда Израил менен Батышта террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган 20 пункттан турган пландын биринчи баскычына макул болгон. Анда эки жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу каралган эле.
Трамп сунуштаган тынчтык келишиминин негизинде атышуу Газа тилкесинде быйыл 10-октябрда токтогон. Израил Газада кармалган 1718 кишини, террорчулук үчүн өмүр бою кесилип, Израилдин түрмөлөрүндө жаткан 250 палестинди бошотту, кеминде 120 палестиндин сөөгүн өткөрүп берди.
Эми бул резолюция келишимдин экинчи баскычын ишке ашырууга жол ачат. Ага ылайык, палестин анклавын убактылуу “Тынчтык кеңеши” башкарат. Ага Трамп өзү төрагалык кылат. Вашингтон билдиргендей, кеңешке каалаган мамлекет мүчө боло алат. Ошондой эле документ эл аралык турукташтыруу күчтөрүн да түзүүгө уруксат берет. Алар тилкени демилитаризациялоону, аскердик объекттерди толук жок кылууну көздөйт.
Резолюцияны талкуулоо учурунда араб өлкөлөрүнүн жана БУУдагы Алжирдин өкүлү Амар Бенжама президент Трампка Газада тынчтык орнотуудагы ролу үчүн ыраазычылык билдирди.
Америкалык лидер добуш берүүнү "тарыхый" деп мүнөздөдү.
"Бул кеңешке мен төрагалык кылам, ага дүйнөнүн эң кубаттуу жана урмат-сыйга ээ лидерлери кирет. Бул БУУ тарыхындагы эң чоң колдоонун бири болуп калды. Ал дүйнө жүзүнө тынчтык орнотот жана чындап тарыхый учур катары калат", - деп жазды Трамп Truth Social социалдык түйүнүнө.
Орусия менен Кытай колдогон жок
Газада тынчтык орнотуу резолюциясын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13ү колдоду. Эч ким каршы чыккан жок. Болгону Орусия менен Кытай добуш берүүдөн карманды. Москванын эл аралык уюмдагы элчиси Василий Небензя резолюцияны кескин сындап, документ АКШга Газага көзөмөл орнотууга жол ачат деп билдирди. Анын айтымында, резолюцияда сунушталган "Тынчтык кеңеши" жана "Эл аралык стабилдештирүү күчтөрү" тууралуу эч так маалымат жок. Небензя алардын курамы, ыйгарым укуктары да белгисиз экенин кошумчалады. Орус элчисинин пикирине Бээжиндин өкүлү Фу Цоң да кошулуп, резолюцияны "абдан бүдөмүк" деп сыпаттады.
Израил жана Палестин автономиясынын позициясы
Евробиримдик жана АКШ террордук деп тааныган ХАМАС террордук уюму резолюцияны кескин четке какты. Алар куралын таштоодон баш тартып, чечимди “Газага эл аралык протекторат орнотуу аракети” деп атады.
Палестин автономиясынын жетекчилиги тескерисинче, резолюцияны колдоп жана анын ишке ашырууга катышууга даярдыгын билдирди.
Резолюция Израилдин ичинде да чоң талкууга айланды. Анткени документте Палестина мамлекетин түзүүнүн келечеги тууралуу пландар бар. Бул берене араб өлкөлөрүнүн талабы менен киргизилген. Андай шартка Израилдеги оңчул өкмөт каршы.
Газадагы кандуу согуш
Газада согуш 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын жоочулары Израилдин конуштарына кол салган соң тутанган. Согушкерлер 1200 кишини жок кылышканы кабарланган. Кийин Израил террордук топтон өч алуу максатында Газа тилкесинде аскердик операция баштаган. Андан бери анклавда 67 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирген. БУУ баштаган эл аралык уюмдар палестин анклавында гуманитардык кризис курч экенин, эки миллиондой эл ачарчылыкка кептелгенин эскертет.
Шерине