Ош облусунун Алай районунда жол кырсыгы катталып, 17 жаштагы окуучу окуя болгон жерде каза болду. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустук бөлүмүнөн билдиришкендей, "Тойота-Камри-30" үлгүсүндөгү унааны 2009-жылы туулган А.Б. аттуу өспүрүм айдап бараткан. Ал рулду башкара албай, 19 метрлик сайга түшүп кеткен. Унаадагы 16-17 жаштагы үч өспүрүм жараат алып, райондук ооруканага жаткырылды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда (ЖКККББ) быйыл он айда Кыргызстанда 7443 жол кырсыгы катталып, 750 киши каза болду. Бул 2024-жылдын ушул убактысына караганда 30% көп. Жалпысынан жолдогу кырсыктардан 10 миң 767 адам ар түрдүү жараат алган.
Октябрдын соңунда Ош облусунун Алай районунда эки күн ичинде удаа жол кырсыктары катталып, кеминде он адамдын өмүрү кыйылган.
30-октябрда катталган кырсыктан чоң машине менен кагылышкан жеңил унаадагы беш кишинин баары мүрт кеткен. Алардын улуусу 56да, кичүүсү 37 жашта болгон. 1-ноябрда ошол эле автожолдо дагы оор жүк тарткан унаа катышкан кырсык болуп, 33 жаштагы беш жаран (классташтар болгон) каза тапты.
Ушу тапта коомчулукта оор жүк ташуучу унааны башкарууда айдоочулук тажрыйбасы жетиштүү жарандар айдасын деген талаптар айтылып жатат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) былтыркыга салыштырганда жол кырсыгынын саны өсүп жатканын, 90% учурда айдоочулар күнөөлүү деп табылганын билдирүүдө.
Ички иштер министрлиги бардык аймактарда жол кырсыктары кескин өсүп кеткендигине байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисин алмаштырган. (КЕ)
Шерине