Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:06

Орус армиясынын чабуулунан Тернополдо 20 киши набыт болду


Тернополго урулган орус армиясынын соккусунун кесепети. 19-ноябрь, 2025-жыл.
Тернополго урулган орус армиясынын соккусунун кесепети. 19-ноябрь, 2025-жыл.

19-ноябрдын таңында Украинанын Тернополь шаарына жасалган орус армиясынын соккусу кеминде 20 адамдын өмүрүн алды. Жетимиштей киши жаракат алды. Арасында 16 бала бар.

Ракеталык сокку Тернополь шаарындагы эки тогуз кабат үйгө тийген. Алардын биринин жогорку кабаттары толугу менен урап калган. Экинчисинде өрт тутанды.

"Тилекке каршы, кыйроолор олуттуу. Урандылдардын алдында адамдар болушу мүмкүн. Тиешелүү кызматтар жеринде иштеп, ар бир адамдын өмүрүн сактап калуу аракетин көрүп жатышат" -деп жазды украин президенти Владимир Зеленский Телеграм каналына.

Украинанын экинчи ири шаары Харьковдун жетекчилиги билдиргендей, орус армиясы 19-ноябрь күнү калааны “Герань-2” дрондору менен бутага алган.Бир катар турак-жай, транспот, административдик имарат жана мектеп талкаланган. Ал эми жабыркагандардын саны элүүгө чамалады. Арасында эки секелек бар.

Украин бийлигинин маалыматына караганда, орус армиясы шаршемби таңкы чабуулда жалпы 470тен ашык дрон жана 48 ракета колдонгон. Баш калаа Киевдин тургундары да жер төлөлөргө жашырынууга аргасыз болушту.

Ошол эле учурда Орусия бийлиги билдиргендей, украин армиясы америкалык узак аралыктагы ATACMS ракеталарын колдонуу менен Воронеж тарапка сокку урду. Маалыматка караганда, алардын баары абадан атып түшүрүлгөн. Ал эми сыныктарынан бала бакча, жеке турак үйдүн чатыры жабыркаган. Бул маалыматты Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы да ырастады. Буга чейин мындай ракеталар бир гана Москва оккупациялап алган аймактарда колдонулуп келсе, биринчи жолу Орусиянын аймагына сокку урулду.

Чабуулдар Украинанын өзүндө энергетикалык тармакта ири коррупциялык чуу болуп жаткан маалга туш келди. Ал тапта президент Зеленский согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандыруу максатында Анкарага барып, түрк кызматташы Режеп Тайып Эрдоганга жолукту. Ал ошондой эле АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен кезигери күтүлүүдө.


Шерине

XS
SM
MD
LG