Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдө энергетикалык таңкыстык болбой турганын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Кыргызстан кышкысын электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн 3 сомдон сатып алып, элге 1 сом 37 тыйындан берип жатканын белгилеген. Министр ортодогу айырманы Кыргызстан улуттук электр тармагы ишканасы төлөй турганын жазып, элди жарыкты үнөмдөөгө чакырган.
"Ортодогу айырма кайра эле Кыргызстан улуттук электр тармагынын моюнуна карыз болуп үйүлүп жатат. Ошондуктан президентибиз: “Импортту болушунча азайткыла, энергияны үнөмдөп колдонгула, эмдиги жылы калган 25 миллиард сом карыздан кутулгула”, - деп тапшырма койгон. Эмдиги жылы карыздан толук кутулабыз. Кирешеге чыга баштайбыз. 2028-2029-жылдары кышта импорт албай калабыз деп пландап жатабыз", - деп жазды Ибраев.
Быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз топтолуп, электр жарыгын колдонууга чектөөлөр коюлду.
Ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда электр кубатын берүү бир нече саатка чектелип, “Акылдуу эсептегичтерде” эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтга чейин түшүрүлгөн.
6-ноябрда электр энергиясын сарамжал пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилген. Ага ылайык, бул мекемелер саат 18:00дөн 06:00 аралыгында жарыкты жана электр шаймандарын иштетүүнү чектейт.
13-ноябрдан тарта Бишкек, Ош баштаган шаарлардагы кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайлары текшерилип, алардын иши 22:00дөн кийин токтотулуп жатат. (КЕ)
Министр Ибраев Кыргызстанда энергетикалык таңкыстык болбой турганын айтты
Дагы караңыз
Шерине