Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Кызматтык милдетин аткарып жаткандарга зомбулук көрсөткөндөрдүн кылмыш жоопкерчилиги күчөтүлдү


Ынтымак ордо.
Ынтымак ордо.

Кыргызстанда кесиптик жана кызматтык ишин аткарып жаткандарга зомбулук жасаган адамдардын кылмыш жоопкерчилиги күчөтүлдү. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Кабыл алынган мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексинин (КЖК) 136 жана 280-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилип, кызматтык же кесиптик ишти жүзөгө ашырып же коомдук милдетин аткарып жаткан адамдарга карата зомбулук аракеттерин жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү каралган.

Жабырлануучу кызматтык, кесиптик ишти жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткарып жаткан учурда башка бирөө тарабынан ден соолугуна жеңил залал келтирилсе, эмгекке жөндөмдүүлүгүнө таасир эткен учурларда (КЖКнын 136-беренесинин 2-бөлүгү) кылмыш жоопкерчилиги – жаза катары 500дөн 1000 эсептик көрсөткүч же 50 миңден 100 жүз миңге чейин айып пул салынат.

Ушундай эле мүнөздөгү өзгөртүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине да киргизилген. Аталган беренеде кызматтык же кесиптик ишин жүзөгө ашырып жаткан же коомдук милдетин аткарып жаткан адамга карата бейбаштык кылгандыгы үчүн жоопкерчилик, башкача айтканда жаза 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пул салуу же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 25-сентябрында кабыл алган.

Буга чейин дарыгерлерге кол көтөргөн бир нече учур катталган. Мындан улам Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев соңку окуялардан улам ички ички иштер министрине, УКМКнын төрагасына кайрылган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG