Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:28

Дрон учурууга уруксат керек. Коопсуздук жана журналисттердин жүйөсү


Учкучсуз учуучу аппарат.
Учкучсуз учуучу аппарат.

мазмуну

  • Кыргызстанда дрон учурам дегендер атайын окуудан өтүп, күбөлүк алып, жабдыктарын каттоого милдеттүү.
  • Дрон учуруу үчүн УКМК, мэрия жана башка органдардан уруксат алуу зарыл.
  • Журналисттер дрон эрежелери алардын ишмердиган чектейт деп тынчсызданууда.

Кыргызстанда видео дрондорду каалагандай эле учура албайсыз. Учурда тийиштүү органдар жарандардагы учкучсуз аппараттарды көзөмөлдөй баштаганы айтылууда. Аба кодексине ылайык, эми дронду каттатып, атайын окуудан өтүп, сертификат алып колдонуу талап кылынат.

Мыйзам мурда эле бар болчу

Жакында эле Кыргызстандагы айрым операторлор дрондорун алдырып, аларга айып пул салынганын айтып чыгышты. Дайыма дронго видео тартып жүргөн Талгат Арыкбаев учкучсуз аппарат жөнүндө атайын нускама бар экенин жакында эле билген.

Талгат Арыкбаев.
Талгат Арыкбаев.

"Арабызда беш-алты кишинин дронун милиция кызматкерлери алып коюшкан. Сот аркылуу алып кетесиңер дешкен. 7500 сом айып жазышкан экен", - деди Арыкбаев.

2021-жылы эле учкучсуз аппараттарды учуруу жөнүндөгү нускама чыкканы менен буга чейин андагы талаптар көзөмөлдөнбөй келген. Мыйзамга ылайык, дрон ээлери атайын окуудан өтүп, күбөлүк алып, ошондой эле дрондорун каттатышы керек.

Талгат учурда авиация институтунда дрон учуруу боюнча окуп жаткандардын бири.

"Эң биринчиси оператор деген күбөлүккө окушубуз керек экен. Экинчиси, Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен каттоодон өтүшүбүз керек экен. Үчүнчүсү, учуунун алдында УКМК, мэриядан уруксат алып, аларга билдирүү жибериш керек экен", - деди ал.

Эртай Искаков
Эртай Искаков

Талгат менен чогуу окуп жаткан блогер Эртай Искаков мыйзамды билбей жүргөндөр көп экенин айтып, бул чаралар коопсуздук үчүн маанилүү экенин белгиледи:

"Көпчүлүк жарандар бул мыйзамды билбей жүргөнбүз. Көрсө салмагы 250 граммдан ашкан дрондун баары катталышы керек экен", - деди Искаков.



Журналисттердин тынчсыздануусу

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги дрон учуруу эрежелери боюнча кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.

Учурда авиациялык институтта 13 киши окуп жатканын, алар авариялык кырдаал, коопсуздук сыяктуу эрежелерди үйрөнүп жатканы жөнүндө маалымат берди. Окуп бүткөндөн кийин аларга бериле турган сертификаттын мөөнөтү чектелбейт.

Мыйзамда калк жашаган жерлерди тартуу үчүн УКМК, ИИМ жана жергиликтүү бийликтен уруксат алыш керек экени да жазылган.

Кыргызстанда бир топ көйгөйлөр дрон менен тартылып көрсөтүлүп келет. Мындай улам айрым журналисттер бул эреже тандалма жүрүп же эркин журналисттердин, блогерлердин ишмердигин чектеши мүмкүн деп кооптонуп турушат.

"Журналисттик иликтөө эмес, репортаж тартканда деле дрон ошол көйгөйдүн масштабын көрсөтөт. Жакында биз "кызыл китеп" боюнча Учкун-2 конушун тарттык. Чукул, жарым сааттын ичинде тартуу ишине чыгып кеттик. Эми да ошондой учур болуп калса, “жарандар чогулуп жатабыз, чагылдырып бергиле, сураныч, бийликке үнүбүздү жеткирип бергиле” десе, биз тиешелүү органдан уруксат сурап жүрсөк убакыттан уттурабыз. Уруксат береби-бербейби кепилдик жок. Себеби, жарандар райондук администрациянын, мамлекеттик каттоо кызматынын алдына чогулушу мүмкүн. Дрон журналисттик материал үчүн өтө маанилүү", - деди журналист Асел Сооронбаева.

Борбор Азиянын өлкөлөрүндө дрон тартуу боюнча бир топ чектөөлөр бар. Казакстанда авиакырсыкты тарткан блогер милицияга жеткирилип, айып пул төлөп чыккан.

Кыскасы, эми Кыргызстанда дагы сиз дрон сатып алып видео тартып, акча табам же жөн эле кооз жерлерди тарткым келет деп турсаңыз, атайын окуудан өтүп, дронуңузду каттатышыңыз керек.

Курстун узактыгы 2-3 жума болуп, акчасы тайпадагы киши санына жараша 12-21 миң сомдун тегереги болот.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Шерине

XS
SM
MD
LG