Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Энергетика: "Чексиз тариф" токтойт, эми жарык өчпөйбү?


Датка-Кемин подстанциясынын кызматкерлери
Датка-Кемин подстанциясынын кызматкерлери

Президент Садыр Жапаров элге электр энергиясын колдонууда "чексиз тарифке" өтүү сунушун сындап, ал азыркы шартта жол берилгис деп эсептерин анын басма сөз катчысы билдирди. Буга чейин өлкөдө күнүнө эки ирет жарыктын кубатына чектөө киргизилип, өкмөттүн мындай демилгеси коомчулукта талкуу жараткан.

Президент Садыр Жапаров "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун калкты электр энергиясына болгон "чексиз тарифке" өтүү чакырыгына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш-аракетине кескин баа берди. Бул тууралуу 4-ноябрда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мамлекет башчы электр энергиясынын тартыштыгы шартында мындай демилгелерге жол берилбестигин жана алар коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Садыр Жапаров бул тарифти колдонууну дароо токтотууну жана кыш мезгилинде жарандарга электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.

3-ноябрда "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын өкүлү Исабек Орозбаев “Биринчи радиого” маек берип жатып электр энергиясына жогору талап болгон сааттарда Кыргызстанда жарыктын берилиши азаят деп болжолдонуп жатканын, ошол эле учурда каалагандар үчүн "чексиз тарифке" өтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Ал үчүн абонент атайын арыз менен кайрылыш керектигин, электр энергиясынын баасы 1 кВт/саат үчүн 3,81 сом болорун тактаган. Мында 700 кВт сааттык керектөө нормасы колдонулбай турганы белгиленген.

2022-жылы Кыргызстандын Министрлер кабинети электр энергиясын керектөөчүлөрдүн жаңы категориясын киргизип, чексиз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн жаңы тарифти 5,04 сом өлчөмүндө бекитип берген.

Быйыл апрель айында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев электр энергиясынын баасын көтөрүү каралган токтомго кол койгон. Ага ылайык, быйыл 1-майдан баштап Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап, 1 кВт/сааттын наркы 1 сом 37 тыйынга чыккан. 700 кВт/сааттан ашкандан кийин мурда 2,39 сомдон эсептелсе, эми 2,60 сомго жогорулаган.

Электр жарыгын өнөр жай үчүн колдонгондор ага чейин 1 кВт/саатына 3,18 сомдон төлөп келсе, 1-майдан тартып 3,49 сомн болуп көтөрүлгөн.

Ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр кубатына чектөө киргизилди. Бул аталган убактарда электрди колдонуу өсүп, керектөө кескин көбөйүүсүнө байланыштуу көрүлүп жаткан чара экенин "Кыргызстан улуттук электр тармактары" маалымдаган.

Мекеменин соцтармактардагы баракчаларында жазылгандай, авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу максатында "акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлүп, чектөө киргизилген.

"3 кВт кубаттуулук үйгө жарык берүүчү лампаларга, телевизор, компьютер жана электр чайнигин иштетүүгө толук жетет. Бул - жалпы энергосистеманын туруктуу иштешин камсыздоо жана ар бир үйгө жарык үзгүлтүксүз жетиши үчүн көрүлүп жаткан чара", - деп жазылган маалыматта.

Мекеме ошондой эле электр энергиясы менен камсыздоочу ишкана чектөө киргизүүгө укуктуу экенин, бул жобо керектөөчү менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөнүн, мындай чара электр энергиясы тартыш кезде колдонуларын кошумчалады.

Кыргыз өкмөтү быйыл өлкөнүн башкы суу чөйчөгү - Токтогул суу сактагычында суу аз жыйналганын негиздеп, күз-кыш мезгилинде электр энергиясы тартыш болорун эскерткен. Калкты электр энергиясын болушунча сарамжал колдонууга чакырган.

Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык абонент электр энергиясын колдонот. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр.

Ушул тапта өлкө аймагында жана борбор калаада жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатат.

Буга чейин Энергетика министрлиги быйыл кыш оор болорун айтып, элди айрым техникалык мүчүлүштүктөр менен авариялык өчүрүүлөргө түшүнүү менен кароого чакырган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыш мезгилинде Кыргызстанда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабашы керектигин 23-октябрда Нарындагы иш сапары учурунда айткан.

Президент Садыр Жапаров 27-октябрда Жалал-Абад облусундагы “Кара-Көл” ГЭСинин ачылышында Кыргызстан эки жарым жылда электр энергиясын импорттобой каларын айтып, өлкөдө 40ка жакын ГЭС жана Кара-Кече көмүр кенине жылуулук электр борбору курулуп баштаганын кошумчалаган.

Социалдык тармактарда электр энергиясын чектөөлөргө нааразылыктар айтылып жатат.


Ысык-Көлдүн Дархан айылынын аты-жөнүн атагысы келбеген тургуну жарык аптасына бир нече жолу себеби да, убактысы да айтылбай эле өчүп жатканын ырастады:

«Жумасына 2 же 3 жолудан өчүп жатат. Светчилер жолго байланыштуу, жол жасалып жатат деп түшүндүрүп жатышкан. Бирок жолго деле тиешеси жок окшойт. Кечкисин деле өчүп калып жатат да. Эскертүүсүз эле өчүрүп салып жатышат. Жок дегенде эскертип койсо биз кичине даярданып турат элек».

Бул арада борбор калаада, анын айланасындагы конуштарда дагы жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатканына тургундар нааразы болуп, Телеграм каналдарда талкуулап жатышат:

Бишкек сегодня телеграм каналындагы шаар тургундарынын талкуусу
Бишкек сегодня телеграм каналындагы шаар тургундарынын талкуусу

«Киргизия 1де 2 жарым сааттан бери жарык жок».

«Көк-Жар конушуна жарыкты качан беришет, белгисиз».

«Газгородокто бир жарым сааттан бери жарык жок».

«Пишпекте дагы өчүрүштү. Кандай деп атаба, бул эми кезектешип өчүрүү».

Бишкек шаарынын тургуну Мунира Касиева жарык кечкисин өчкөндө балдар үй тапшырмасын аткарууга жетишпей калып жатышат дейт:

«Түнкүсүн өчкөндө балдар сабактан келгенден кийин сабак жаза албай калып жатышат. Ортодон же чайыбыз кайнабай, же тамагыбыз бышпайт. Жарыкты өчүрөрдө 1-2 күн мурда айтып койсо жакшы болмок да».

23-октябрда Нарынга иш сапары менен барган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын райондук электр тармактар ишканасынын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып кышында элге электр энергиясы үзгүлтүксүз берилиши керектигин айтты:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Мамлекетибизде электр тармагы боюнча президентибиз койгон негизги тапшырмаларды аткара баштадыңар деп ойлойбуз. Кыш келатат. Андан тышкары суубуз быйыл аз. Бирок ошого карабастан мамлекетте жарык өчпөшү керек. Элдин жашоосуна оорчулук келтирилбеши керек. Мунун баары биздин энергетиктерге тапшырма”, - деген Ташиев.

Буга чейин энергетика министри быйыл кыш оор болорун айтып, муну Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жылдагыдан аздыгына байланыштырып, калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга, айрым техникалык мүчүлүштүктөр менен авариялык өчүрүүлөргө түшүнүү менен кароого чакырган:

Таалайбек Ибраев
Таалайбек Ибраев

“2024-жылы кышка карата суу сактагычта 12,4 миллиард кубметр суу болсо, азыр 1,6 миллиардга аз. Ошондуктан көбүрөөк сатып алууга туура келет, мындан улам элди сарамжалдуу болууга чакырып жатабыз. Жарык өчүрүлөбү? Бул деген өчүрүү эмес, бул деген жөнгө салуучу иш-чаралар. Эгер көмөкчордонго күч келсе, ал күйүп кетет”, - деп билдирген энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Энергетика министрлиги быйыл Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан, Өзбекстандан, Түркмөнстандан сатып аларын, бирок анын баасы ачык айтылбай турганын билдирген.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Сапар Аргымбаев электр энергияны сырттан импорттоо оңойго турбайт деген пикирде:

Сапар Аргымбаев
Сапар Аргымбаев

"Былтыр чет өлкөдөн алышкан. Быйыл дагы импорт аркылуу чыкпаса, башка жол жок. Орусиядан алган электр энергияны Казакстан аркылуу линиялар өткөрө албайт. Ал кубаттуулукту бере албайт. Кычырап турган суукта, бизге керек болуп турган маалда өткөрө албайт. Ал чоң маселе. Азыр «Түркмөнстан көп берет» деп айтып жатышат. Түркмөнстандан Өзбекстан аркылуу келет. Алар дагы өткөрө алабы, өткөрө албайбы, чоң маселе болуп турат".

Аргымбаев электр энергиясын майнинг фермалар жеп жатат деген пикирин кошумчалады:

"Бүгүн майнинг компанияларын жоготуш керек. Майнинг компанияны токтотпосо, ошол эле акыбал келет. Бүгүнкү күндө "Жеке бизнес керекпи же жалпы 7 миллион элдин күнүмдүк оокатына жарык керекпи?" деген суроо турат да. Бийлик ошону бүгүн чечиши керек".

Энергетика тармагы боюнча дагы бир эксперт Калый Рахимов мындай кырдаалда бары бир жарандар жарыкты сарамжал колдонууга аргасыз болорун белгилейт:

Калый Рахимов
Калый Рахимов

"Жок болуп жатса, жетишпей жатса, энергетиктер энергияны каяктан барып алат? Камбар-Ата ГЭС боюнча аракет кылып жатышат. Даярдоо иштери аяктап калды. 2026-жылы баштайбыз деп жатышат. Аны куруп бүтүрүш үчүн 8 жыл керек. Андыктан кыйынчылык дагы көп убакытка созулат".

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын бир жылдык электр энергияны керектөөсү 18 млрд кВт/сааттан ашып, өндүрүлгөн кубаттуулуктан 4 млрд кВт/сааттан ашып түшөт.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG