Анын арасында Европа Биримдигинин аймагынан ташылган товарлар үчүн алынуучу 20 пайыздык пошлина да бар. Айрым талдоочулар АКШнын мындай кадамы соода согушун жаратып, дүйнөлүк экономиканын ойрон болуусуна алып келиши ыктымал деген кооптонуусун айтып жатышат.
Бул күндү "Американын боштондукка чыгуу күнү" деп атаган Трамп "америкалык өнөр жай тармагынын кайра жаралуу, Американын тагдыры өз ордуна кайткан күн" болуп жатканын кошумчалады жана "биз Американы кайрадан бай кыла баштаган күн" деп айтты.
Ак үйдөн сүйлөгөн сөзүндө ал Кошмо Штаттарга импорттолуучу бардык товарга 10 проценттик базалык тариф киргизип жатканын, дүйнөдөгү ондогон мамлекеттин товарына мындан да жогору пошлина болорун жарыялады.
Трамп ондогон жылдар бою Кошмо Штаттарды "жакынкы жана алыскы өлкөлөр да, достор менен душмандар да болушунча талап-тоноп, зордоп келишкенин" айтып, нааразылыгын билдирди, аларга жооп катары киргизилип жаткан жаңы тарифтер жазылган таблицаны көрсөттү.
Анда жазылгандай, Европа Биримдигинен ташылып кирүүчү товарларга 20 пайыздык, Кытайдыкына 34, Жапонияныкына 46, Тайвандыкына 32 жана Түштүк Кореянын товарына 25 пайыздык төлөм киргизилет.
Тизмедеги ондогон өлкө арасында Улуу Британия, Индия, Бразилия жана Швейцария да бар.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстанга 27 пайыз болсо, калган Кыргызстан баштаган төрт өлкөдөн АКШга сатылган товарлар базалык 10 пайыздык тарифке туш болот.
Жарыяланган тизмеде Орусия жок. Муну АКШнын тышкы соодасында Орусиянын үлүшү аз экени, Кошмо Штаттардын негизги 25 соода өнөктөшүнүн катарына кирбей турганы менен түшүндүрүлүүдө.
Трамп тарифтер мындан да жогору болмоктугун, бирок ал АКШнын соода өнөктөштөрү өз өлкөсүндө америкалык товарлар үчүн алып жаткан төлөмдөрүнүн жарымын эле түзө тургандай, "өзүлөрүнө жараша жакшы" тариф киргизүүнү гана чечкенин билдирди.
Трамп башка өлкөлөр киргизген пошлиналар жана "эбегейсиз соода тоскоолдуктары" АКШда өстүрүлгөн, өндүрүлгөн айыл чарба продукциясы үчүн дүйнө рыногун көпчүлүк учурда жаап койгонун, соода тартыштыгынын көбөйүшүнө жана мамлекеттик карыздын өсүп кетишине өбөлгө болгонун айтты.
АКШ президенти белгилегендей, америкалык базарга кирүүнү каалаган өлкөлөр эми "мындай артыкчылык үчүн төлөшү керек болот". Трамп былтыр президенттик шайлоо маалында мына ушул саясат үчүн өнөктүк жүргүзгөнүн, эми "ошол убадасын аткарганын" кошумчалады.
Экономика жаатындагы талдоочулар пошлиналар дүйнөлүк экономиканы басаңдатып коёрун, рецессия коркунучун жогорулатып, АКШнын өзүндө катардагы үй-бүлөнүн күнүмдүк жашоого болгон жылдык чыгымын миңдеген долларга жогорулатышы ыктымал экенин эскертип жатышат.
Улуу Британиянын каржы министри Рэйчел Ривз Трамптын билдирүүсү боюнча пикирин айткан алгачкы чет элдик саясатчылардын бири болду. Ал "соода согушу эч кимге пайда алып келбей турганын" айтты.
Ал эми Европанын автомобиль сатуучулар ассоциациясы транспорт каражатына 25 пайыздык тарифтин киргизилиши "адашкандык жана зыян чечим" болуп жатканын, мунун кесепети биринчи кезекте Кошмо Штаттардын өзүнүн тургундары үчүн оңой эмес болорун белгиледи.
"АКШга автомобиль импорттоого карата пошлина киргизилип жатышы ийгилиги ич ара интеграцияланган эл аралык алакадан жана базардан көз каранды болгон бул тармактын атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмүнө, экспорттук даярдыгына залака тийгизиши мүмкүн", — деп айтылды ассоциациянын билдирүүсүндө.
Ал эми Германиянын Автомобилдик өнөр жай ассоциациясынын (VDA) президенти Хильдегард Мюллер Трамптын бул кадамын "эрежелердин негизинде иштеп жаткан глобалдык соода-сатык алакадан" баш тартуу деп атады.
Бирок Трамп пошлиналар америкалык фермерлер, кесипкөй жумушчулар, автомобилдик өнөр жай тармагында иштегендер үчүн пайда гана алып келерин, жалпы экономиканы жакшыртарын айтууда. Ал дүйнөдөгү көптөгөн ири корпорациялар өндүрүшүн АКШга кайтаруу убадасын берип жатышканын билдирди.
"Жумуш орундары, заводдор кайрадан өз өлкөбүзгө кайтат, кайтып жатканын өзүңөр да көрүп жатасыңар. Биз өзүбүздүн ички өнөр жай базабыздын ишин кайра башынан баштайбыз", — деген президент АКШ үчүн чет жактардагы базарлар ачыларын, "тышкы соодадагы тоскоолдуктар талкаланарын", натыйжада "өндүрүштүн көбү өлкөнүн өзүнүн ичинде болсо атаандаштык күчөй турганын, баа кыйла төмөнүрөөк болорун" айтты.
Трамптын соңку билдирүүсүнөн кийин АКШ администрациясынын Экономика боюнча кеңешчилер бирлигинин төрагасы Стивен Миран тарифтер "кыска мөөнөттүү сокку" сымал болорун айтты. Fox Business телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып ал Трамптын максаты "америкалык экономиканын башкаларга карата узак мөөнөттүү трансформациясын, ачыгыраак, туруктуу жана адилет болушун камсыз кылуу" экенин белгиледи.
Мирандын бул билдирүүсүнөн кийин 3-апрелде Азия аймагында фондулук рынок солгундай түшкөнү байкалууда.
Трамп АКШга импорттолуучу болоттун жана алюминийдин баарына 25 пайыздык, Кытайдын бардык товарына 20 пайыздык пошлинаны буга чейин эле киргизген.
Бардык өлкөлөргө киргизилген 10 пайыздык жаңы тарифтер, Трамптын жарлыгында айтылгандай, 5-апрелден тартып иштей баштайт. Ал эми АКШ менен соодасынын көлөмү чоң өлкөлөрдөн импорттолгон товарлар үчүн тарифтер 9-апрелде күчүнө кириши керек.
Тарифтерге байланыштуу жаралган кооптонуудан улам жалпы дүйнөдө өндүрүш активдүүлүгү басаңдай түшкөнү да байкалып жатат. Инвесторлор Ак үйдүн билдирүүсүн күтүп келгендиктен каржы рыногу да туруктуу эмес абалда болду.
Февраль айынан тартып америкалык акциялар дээрлик 5 триллион долларга арзандады.
Сөзүнүн соңунда Трамп жаңы тариф саясаты тууралуу эки жарлыкка кол койду.
"Бүгүнкү күн эсиңерде калат. Көптөгөн жылдан кийин артка кылчайып караганда "Ал туура эле кылган экен да, биздин өлкөбүздүн тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири болгон экен" деп айтарыңарга үмүттөнөм", — деди Трамп.
Шерине