Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:57

HRW: Евробиримдик Борбор Азия менен кызматташууда биринчи орунга адам укуктарын коюшу керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евробиримдик Борбор Азия менен болгон байланыштарын бекемдөөнүн алкагында адам укуктарын негизги маселе катары кароого тийиш. Бул тууралуу Эл аралык мунапыс уюму (Human Rights Watch) 3-4-апрелде Самаркандда өтө турган биринчи Еврбиримдик-Борбор Азия саммитинин алдында билдирди.

Уюм тараткан маалыматта шаркет менен чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ортосундагы өнөктөштүкт ийгиликтүү болушу үчүн адам укуктарын коргоо жана мыйзам үстөмдүгү камсыздалууга тийиш.

Уюмдун маалыматына ылайык, Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү адам укуктарын, анын ичинде пикирин ачык билдирүү жана жыйын өткөрүү эркиндигин камсыз кыла албагандыгы аймакта бир катар олуттуу окуяларга алып келди.

Буга мисал катары 2022-жылдын январындагы Казакстандагы кандуу Январь окуялары, Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда 2021-2022-жылдары болгон кандуу кагылышуулар, жана 2022-жылдын июлунда Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан жумуриятындагы нааразылыктар келтирилген.

Укук коргоочулар бул окуяларда күч органдарынын зомбулугу үчүн дээрлик эч ким жоопкерчиликке тартылбаганын белгилешет.

HRW аймактагы сөз эркиндигинин абалы дагы олуттуу көйгөй экенин белгилейт. Уюм массалык маалымат каражаттарына болгон мамлекеттик көзөмөлдү жана көз карандысыз журналисттердин куугунтукталышын документтештирген.

Уюм Евробиримдикти Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн мыйзамдуу ишмердүүлүгү үчүн камалган укук коргоочулар менен журналисттерди бошотууга жана репрессивдик мыйзамдарды жоюуга чакырууга үндөдү.

Уюмдун пикиринде, адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн коргоо боюнча кызматташтык Борбор Азия мамлекеттери менен Евробиримдиктин ортосунда түзүлгөн келишимдеринин негизги бөлүгү болушу керек.

"Борбор Азия менен Евробиримдиктин ортосунда өтө турган биринчи саммит бул абдан маанилүү окуя. Евробиримдик бул учурду пайдаланып, Борбор Азия өлкөлөрү менен ар тараптуу жана туруктуу өнөктөштүктү түзүшү керек, анда адам укуктары негизги маселе катары каралууга тийиш"-дейт Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча адвокация директору Искра Кирова.

3-4-апрелде Самаркандда өтө турган саммитке Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта катышары күтүлүүдө. Андн тышкары Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары катышары кабарланды.

Шерине

XS
SM
MD
LG