Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Орусия Украинаны кайрадан дрондор менен жапырт аткылады


Украинанын Днепропетровск облусундагы жабыр тарткан жер. 4-ноябрь, 2025-жыл.
Украинанын Днепропетровск облусундагы жабыр тарткан жер. 4-ноябрь, 2025-жыл.

4-ноябрга караган түнү Орусия армиясы Украинанын аймагына 130 дрон, алты С-300 ракетасы жана бир "Искандер-М" баллистикалык ракетасы менен сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрү кабарлады.

Аткылоолордон улам Украинанын Днепропетровск облусундагы Николаев айылында 65 жаштагы бир аял каза болду, дагы сегиз адам жаракат алды. Беш жаштагы кыз ооруканада оор абалда жатат.

Одесса облусунда энергетикалык жана порттук инфратүзүмдөргө жапырт соккулар урулду. Харьков облусунда чабуулдардан улам алты адам жаракат алды. Жеке турак жайлар өрттөнүп, газ түтүктөрү жана жарандык жайлар талкаланды.

Кыш жакындаган сайын Орусиянын Украинадагы энергетикалык объектилерге кол салуулары күчөп жатат. Далилдерге карабастан Москва карапайым жарандар менен жарандык объектилерди бутага алганын четке кагып келет. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG