Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

"Токмок жеген сайын милицияга чуркап жүрчү". Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Нурайым


Бала-Айылчы айылы. Москва району, Чүй.
Бала-Айылчы айылы. Москва району, Чүй.

Чүйдөгү айылдардын биринде күйөөсүнүн колунан ажал тапканы айтылган 49 жаштагы Нурайымдын сөөгү кичи мекени Токтогулда жерге берилди. Аялын атып өлтүрүүгө шек саналган 63 жаштагы жаран камакка алынганы тууралуу ИИМ маалымат тараткан.

"Арактын айынан болду"

Чүйдүн Москва районундагы Бала-Айылчы айылындагы жекшембиде болгон үрөй учурган окуя бүт айылды селт эттирди дейт Майрам аттуу аял. Ал аялына ок аткан киши мурдатан эле ичкиликке жакын болгонун айтып берди:

"Негизи жашоолору жакшы эле болчу. Элдин малын жыйнап, Суусамырга жайлап келишчү. Өздөрүнүн да малы бар. Эки баласы бар, улуусу 11-класста окуйт, кичүүсү беште окуса керек. Суусамырдан келишкен күзүндө, аялы кошумча каражат табам деп, Бишкекте бир кафенин ашканасында иштеп атканын айтып калчу. Байке иччү, ичип келгенде уруш чыгарып, келинчегин сабаганын, анан милицияга барганын бир-эки жолу өзү да айтып берди эле. Күйөөсү көп иччү, бул жолу да мас болчу тура. Минтип жаман каргаша болду, ал күнү бүт айыл укканыбызга ишенбедик чынында".

Жубайлар 18 жылдан бери чогуу жашап, эки балалуу болушкан. Бала-Айылчы айылындагы мектептин директорунун милдетин аткаруучу Айнура Сооронбаева буларды билдирди.

"Ооба, улуу баласы 11-класста окуйт, кичүү кызы 5-класста. Жакында апасы класс жетекчисине келип, кызын төркүн тарабына - башка мектепке алып кетерин айткан экен. Мугалим кызга ошол мектептен "окуп жатат" деген маалымкат алып келсе, анан документтери берилет деп узатыптыр. Эмне себептен кетип жатканын билбейм, мен өзүм сүйлөшкөн жокмун", - деди мектеп жетекчиси.

Жубайлар жашаган үй. Бала-Айылчы айылы, Москва району, Чүй.
Жубайлар жашаган үй. Бала-Айылчы айылы, Москва району, Чүй.


Ысымын ачык айткысы келбеген дагы бир коңшусу "күйөөсү ичип келген сайын аялын сабаган" деп айтылгандарды ырастады:

"Байкеден токмок жеген сайын милицияга чуркап эле жүрчү. Алар деле бир чара көргөндүр, аны билбейбиз".

Мергенчилик мылтык кайдан?

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Москва районунун тургуну аялын мергенчилик мылтыгынан атып, өлтүргөнү тууралуу кабар жергиликтүү милицияга 1-ноябрда түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон Бала-Айылчы айылына барганда 1962-жылы туулган Э.С. аттуу жаран мас абалында 49 жаштагы жубайына куралдан ок чыгарганы аныкталган. Аял алган жараатынан ошол жерде каза болгон.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатканы кабарланды.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алды алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, жубайын өлтүрүүгө шектелип жаткан жаран мурда административдик жоопкерчиликке тартылган.

Данияр Сапарбае
Данияр Сапарбае

"Бул жарандын жубайына быйыл июль айында коргоо ордери берилген экен. Күйөөсү болсо кол көтөргөнү үчүн административдик жоопкерчиликке тартылыптыр. Сот чечими менен 20 миң сом төлөптүр. Ошондон бери тынч эле жүргөн экен, ошол күнү классташы кайтыш болуп, ал жактан ичип келип, жаман окуя болуптур".

Данияр Сапарбаев ошондой эле шектүү аялын атып өлтүргөн аңчылык мылтыкты мыйзамсыз алып жүргөнү аныкталганын кошумчалады.

Күйөөсү аңчылык курал менен атып өлтүргөн 38 жаштагы Айзирек Эралиеванын окуясында мылтыкты убагында каттабаган милиция кызматкерлери жоопко тартылганы кабарланган.

Токтобогон зомбулук, ИИМдин тиркемеси, катаалданткан мыйзам

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, быйылкы сегиз айда 21 аял киши колдуу болгон.

  • Май айында Өзгөндө 38 жаштагы Айзирек Эралиева да күйөөсүнүн колунан каза таап, райондук сот күйөөсүн 18 жылга абакка кескен. Июнь айында Кара-Суу районунда кайненесин өлтүрүп, аялын катуу сабаган деп шектелген 34 жаштагы жаран камакка алынган.
  • Январь айында Жалал-Абад шаарында үч балалуу 29 жаштагы келиндин өлүмүнө шек саналып, анын 33 жаштагы күйөөсү кармалып, камалган. Маркум келиндин жакындары ал "муунтуп өлтүрүлгөн" деп шек санашкан.
  • Былтыр октябрда 17 жаштагы Дарья Попованы өлтүргөн деп шек саналган өгөй атасы Евгений Бертрам сот өкүмү менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылды.


Укук коргоочулар үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чараларын күчөтүүнү талап кылып келишет. Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кыргызстанды күч кызматтары, тиешелүү мамлекеттик органдар бул жаатта чогуу-чаран иш алып барса, зомбулук азаймак деп эсептейт.

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

"Азыр санарип өнүктү, мугалимдер, социалдык кызматкерлер үй-бүлөлөр тууралуу маалымат чогултушат. "Социалдык карта" деп коюшат. Ошол картада эгер үй-бүлөдө зомбулук катталып, ичимдик ичилсе, ошолорду каттап, соцкызматкерлер, милиция кызматкерлери андай үй-бүлөлөрдөн кабардар болуп, алдын алуу иштерин күчөтүшү керек. Бизде көбүнчө бул иштеп соцкызматкерлерге илип коюшат, алардын саны жетишпейт. Бизде тилекке каршы, милиция, прокуратура кызматкерлери үй-бүлөдөгү зомбулукка кайдыгер. Эркектик тилектештик дегенден кетиш керек алар, көйгөйгө тыкыр көңүл буруп, энелерди, балдарды сактап калышыбыз керек. Эгер сактап кала албаса, милиция да, прокуратура дагы жоопко тартылышы керек".


Ички иштер министрлиги (ИИМ) үй-бүлөлүк зомбулук фактысы 2024-жылы мурункудан 22 пайызга өскөнүн билдирген. Быйыл январда ички иштер министри Улан Ниязбеков министрликтин 2024-жылы аткарган иши тууралуу айтып берип жатып, Кыргызстанда быйыл үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөш күчөтүлөрүн билдирген. Министрлик зомбулук мамилеге кабылган аялдарды коргоо үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип жатканын айтканын кабарлаган. Ага ылайык, коркунучка кабылган аял тиркемедеги атайын кнопканы басуу менен милицияга кабар бере алат жана 10 секундга чейин үн жаздырып, жардам чакыра алат. Чакыруу жакынкы ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтүнө түшүп, кызматкерлер ыкчам барып жардам берет.

Аталган мобилдик тиркеме иштелип чыкканын, учурда аны ишке киргизүү чаралары көрүлүп жатканын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алды алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев "Азаттыкка" билдирди.

"Коопсуздук тиркемеси иштелип чыккан, техникалык жактан даяр. Бирок Google play, AIOS аркылуу гаджеттерге жүктөп, иштетүү үчүн бир катар эл аралык укуктук процедуралар бар экен. Ушул тапта биз ошол стадиядан өтүп жатабыз. ИИМ мамлекеттик орган болгону үчүн, буга убакыт керек болот экен. Жакын арада ишке ашып калат деген үмүтүбүз бар".



Атыр Абдрахматова ИИМдин тиркеме тууралуу убадасы ишке ашпай келе жатканын сынга алды.

"Министр Ниязбеков бул тууралуу мурда деле айткан. Кийинчерээк "мына баштадык, тендер жарыяладык" дешти. Алигүнчө жыйынтык жок. Убада берилгенден бери эле канча кыз-келин запкы көрүп, айрымдары минтип күйөөлөрүнүн колунан көз жумушту. Эгер тиркеме иштелип чыккан болгондо, балким Айсулуу кызыбыз зөөкүрдүн колунан өлмөк эмес", - деди Атыр Абдрахматова.


Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү үчүн электрондук билерик жана башка техникалык каражаттарды колдонууну Юстиция министрлиги да сунуштап, мыйзам долбоору парламентке берилген. Министрлик электрондук көзөмөл жүргүзүүдө билерик жана мобилдик тиркеме колдонуларын билдирген. Аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров октябрда кол койду. Анда үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамга камак мөөнөтү 7 суткадан 14 суткага чейин көбөйтүлгөн. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу укук бузуу жасаган адамга сот үч айга чейинки мөөнөткө дайындалуучу электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү киргизе алат. Муну үчүн ага электрондук билерик тагылат.

Быйыл августта Улуттук статистикалык комитет өлкөнүн тарыхында биринчи жолу изилдөө жүргүзүлөрүн кабарлаган. "Аялдардын бакубаттуулугу жана коопсуздугу" деп аталган изилдөө келерки жылга пландалган, быйыл даярдыктар башталганы кабарланган.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) боюнча Кыргызстан акыркы эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Активисттер укук коргоо, сот органдарынын, коомдун бул маселеге карата мамилеси, зомбулук жасаган эркектердин көп учурда жазасыз калып жатканы да зомбулуктун күчөшүнө себеп экенин айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG