Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:56

"Чанпен Чжао менен Марат Султанов суранды". Президенттин уулу түптөгөн банк жана криптовалюта базары


 Чанпен Чжао, Марат Султанов жана Нурдөөлөт Нургожоев. Коллаж
Чанпен Чжао, Марат Султанов жана Нурдөөлөт Нургожоев. Коллаж

Кыргызстанда жаңы түптөлгөн “Берекет Банк” юридикалык каттоодон 20-октябрь күнү өттү. Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка караганда, банктын негиздөөчүлөрү катары президенттин уулу Нурдөөлөт Нургожоев менен Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Марат Султанов көрсөтүлгөн.

Президенттин кенже уулунун банк ачканы тууралуу талкуу кызый баштаганда Садыр Жапаров“Кабар” маалымат агенттиги аркылуу өзүнүн түшүндөрмөсүн берди.

Жаңы ачылган “Берекет Банкка” алдыда башка да негиздөөчүлөр кошуларын, банк көбүнчө виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иш алып барарын тактады.

“Азыр дүйнө жүзү виртуалдык активдерге өтүп жатпайбы. Ушул жылдын май айында дүйнө жүзүнө белгилүү Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бизге келгенде идея берип, биргелешип санарип банк ачуубузду сунуштаган. Мен дароо эле мамлекеттик банк кылалы деген оюмду айткам. Ал болсо мамлекеттик банкка кирүүгө каалоосу болбоду. Ошентип, мамлекеттик банк болсун деген сунушум өтпөгөндөн кийин жеке банк ачууга макул болдук. Марат Султановду мурдагы банкир катары чакырып, уюштуруу иштерин жүргүзүүнү сурандым. Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты. Ары ойлонуп, бери ойлонуп анан мамлекеттин бир тыйын тиешеси жок болгондон кийин мейли деп уруксат бердим. Алар менен аралашып, тажрыйба топтой берсин дедим”.

Президент ырастагандай, уулдары Рустам менен Нурдөөлөт экономика жана финансы адистиги боюнча билим алган. Жапаров, улуу уулу Рустам өлкөгө инвестиция тартууда олуттуу иштерди жасап жүргөнүн, кичүү уулу Нурдөөлөт жаш экендигине карабай, ири адистер менен чогуу иштеп тажрыйба топтоп жатканын белгилеген.

Президент балдары менен жакындары мамлекеттик бийликке аралашпай келатканын, бирок аларды бизнес, инвестиция менен алектенүүнү өзү сунуштап турганын айтты.

“Берекет Банктын” негиздөөчүлөрүнөн да, жетекчиси Жаркынбек Сагындыковдон да маалымат алуу азырынча мүмкүн боло элек.

"Кызыкчылыктар кагылышы мамлекеттик чечимдердин эгемендигине шек туудурат"

Эл аралык Binance криптовалюталык компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао быйыл жайында президент Жапаровдун коомдук кеңешчиси болуп дайындалган. Ал 24-октябрда Бишкекте өткөн Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынына катышкан. Жыйында Кыргызстандын өзүнүн криптовалютасын чыгаруу, аны мамлекеттик санарип сомго байлоо жана улуттук криптокорду түзүү иштери жүрүп жатканы айтылган.

Жапаров Чанпэн Чжао көп мамлекеттер чакырып өзүнө келтире албай жүргөн инвестор экенин, жеке достук мамиле жана Кыргызстандагы өнүгүү, коррупция менен аёосуз күрөш, криминалдын жоголушу гана аны бул жакка тартып жатканын белгилейт. Анын Кыргызстанга келиши менен банк аркылуу өлкөгө миллиарддаган каражаттар келет деп ишенет.

Юрист Асел Аргымбаева Фейсбуктагы баракчасына жазган постунда атасы өлкөнү башкарып турганда баласынын банк ачышы кызыкчылыктар кагылышын жаратат деп эсептейт. Укуктук адистин пикиринде, мындай болгондо мамлекет менен жеке кызыкчылыктар чаташып кетиши мүмкүн.

“Уулунун жеке банктын түзүүчүсү болгондугу тууралуу президенттин билдирүүсү кызыкчылыктар кагылышын жоюу жана коомдук бийликтин ачыктыгын кепилдөө принцибинин өңүтүнөн алганда олуттуу суроолорду пайда кылат. Мамлекет жетекчисинин жакын тууганынын ишмердиги мамлекеттик лицензиялоого жана көзөмөлгө жаткан финансылык уюмга катышуу фактысы коомдук жана жеке кызыкчылыктарды аралаштырып жиберүү тобокелдигин жаратат. Мунун “жеке долбоор” экенине шылтап коюу рыноктун бардык катышуучулары үчүн ачыктыкты жана бирдей шартты камсыздоодогу жоопкерчиликти алып салбайт. Мамлекеттеги биринчи кишинин үй-бүлө мүчөсүнүн мамлекет жөнгө салган тармакка жол ачышы бийлик органдарынын чечимдеринин эгемендигине шек туудурат жана институционалдык механизмдерди жеке байланыштарга чаташтырып алуу коркунучун жаратат. Так ошондуктан, кызыкчылыктар кагылышына жол бербөө принциби курулай эле айтылбастан, иш жүзүндө да, анын ичинде үй-бүлөнүн коомдук функцияны аткарган адамына да иштеши керек”.

Президент Садыр Жапаров жана Чанпэн Чжао «Ала-Арча» паркында
Президент Садыр Жапаров жана Чанпэн Чжао «Ала-Арча» паркында

Ал эми банк жаатындагы эксперт Бактыбек Шамкеев Кыргызстанда рынок эркин экенин жана мамлекеттин көзөмөлдөй турган мыйзамдары бар болгондуктан, ким тараптан кандай банк ачылбасын, кооптонууга негиз жок деп эсептейт.

“Биз рынок экономикасында иштеп атпайбызбы. Анан кийин, биздин Улуттук банктын эрежелери бар, мыйзам бар. Ошонун негизинде банктар ачылып жатат. Кыргызстанда канча болушу керек деген ченем жок да. Ошон үчүн кээ бирөөлөр тышкы инвесторлор болобу же биздин өзүбүздүн инвесторлор болобу – алар ошол мыйзамга таянып, бизнес катары ушундай банктарды ачып атат. Менин оюмча, мамлекет тараптан эч кандай демилгелерге эч кандай тыюу жок”.

Кыргызстанда банк ачкан чет элдиктер

Негизи, соңку бир жарым жылдай мезгилде Кыргызстанда президенттин уулунун банкынан тышкары, дагы 4 жаңы банк ачылды. Алардын бирөө мамлекеттин, үчөө чет элдиктердин катышуусунда түптөлгөн.

Сентябрда Улуттук банк “Кылым Банк” ачык акционердик коомун түзүүгө уруксат берди. Бул кезектеги мамлекеттик банк болуп эсептелет. Уставдык капиталы 1 млрд сом экени, 2027-жылга карата 5 млрд сомго жеткирилери кабарланган. Өлкөдө андан тышкары “Айыл Банк”, “Элдик Банк”, “Керемет Банк” жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы деген дагы төрт банк бар.

Жеке менчик коммерциялык банктардын катарына “Асман Банкы”, “Мурас Банк”, Алма Финанс Банк” жана “Берекет Банк” деген жаңы банктар кошулууда.

“Асман Банкын” орусиялык банкир Михаил Кузовлев, “Мурас Банкты” кипрдик ишкер Сергей Ентц жана “Алма Финанс Банкты” үч кытай ысымдуу жарандар менен Кыргызстанда катталган “Баден Сервис”, “Кыргыз Темир Групп”, “Алма Кредит” микрокредиттик компаниясы биргелешип түзүшкөн. Алардын ичинен “Баден Сервис” менен “Кыргыз Темир Групп” банктын негиздөөчүлөрүнүн бири Лю Вэн Чжунга таандык. “Алма Кредит” компаниясынын да сегиз негиздөөчүсүнүн алтоосун кытайлыктар түзөт.

Улуттук банк аталган беш коммерциялык банкты түзүүгө расмий уруксат бергенин билдирди.

“Ошентип, Улуттук банкка белгилүү болгондой, "Алма Финанс Банк" ЖАК, "Кылым Банк" ААК жана "Берекет Банк" ЖАКтын уюштуруучулары банктык лицензия алууга арыз берүү үчүн зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүшүүдө. Өз кезегинде "Асман Банк" ЖАК жана "Мурас Банк" ЖАК боюнча алардын уюштуруучуларынын арыздары банк мыйзамдарынын ченемдерине жана лицензия берүү жөнүндө арызды кароо тартибине ылайык кароо стадиясында экендигин билдиребиз”, - деп жазылган Улуттук банктын “Азаттыкка” берген жооп-катында.

Банк мыйзамдарынын ченемдерине жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, банктарды түзүүгө уруксат алгандан кийин түзүлүүчү банктардын уюштуруучуларына уставдык капиталды түзүү жана банктардын ишин баштоо үчүн даярдык иш-чараларын жүргүзүү үчүн 6 айдан ашпаган мөөнөт берилет. Бардык талаптарды аткаргандан кийин уюштуруучулар лицензия алууга арыз беришет.

Мекемеден билдиргендей, жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 1 млрд. сомдон кем эмес өлчөмдө болушу керек.

Финансылык талдоочу Кубан Чороев Кыргызстандын финансылык рыногу бир кыйла либералдуу болгондуктан, чет элдик банктар чөлкөмгө тамыр жайыш үчүн алгач бул жакта иш баштаганга аракет кылышарын айтат.

“Адатта чоң бизнестер же чоң ишканалар келгенде, чет өлкөнүн банктары көбүнчө ошолорду камсыздоо, тейлөө үчүн ачылат. Мисалы, Кытайдын банкы ачыла турган болсо, Кытайдын инвестициялык институттары бар да, алар бул жакка инвестиция жасайын деп атат дейли, ошолорду тейлөө үчүн кытайлык банктар ошол кытайлык компанияларды тейлесе, алар үчүн бир жагынан ыңгайлуу, экинчи жагынан ошол банкка дагы кызык болот. Ал банк Кыргызстанда бир филиалын ачкандай эле болуп калат. Бирок, бул жакта Кытайдын инвестицияларын, чоң долбоорлорду тейлей берет. Мисалы, өндүрүш, курулуш боюнча чоң долбоорлорун каржылаганга. Ошол эле убакта орусиялыктар бул жакта өзүнүн банкын ачып, орусиялык долбоорлорду каржылаганга кызыкдар болот”.

Чындыгында эле, 2022-жылдан бери эл аралык чөйрөдөн обочолонуп калган Орусиянын Кыргызстан аркылуу соода жана акча которуу операцияларын жүргүзүүсү өзгөчө күчөгөн. Орусия менен күмөндүү иштерге катышкан деп төрт кыргыз банкы эл аралык санкцияга кабылып отурат. Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы соода-логистикалык, тоо-кен, энергетика жана инфратүзүмдүк тармактарда инвестициялык долбоорлору улам көбөйүп келет.

Соңку жылдары Кыргызстанда коммерциялык банктардын валюталык оперциялардан тапкан кирешеси бир нече эселеп өсүп жатат. Муну менен катар өкмөт баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө батыл киришип, ага банк чөйрөсүн активдүү тартууда. Ошондой эле, криптовалюта рыногун өнүктүрүп, ага да адистешкен банктар аркылуу катышууга жан үрөп турган кези.

Бир кездери Курманбек Бакиев президент болуп турганда анын уулу Максим дагы чет элдик өнөктөштөрү менен биргеликте бир катар жеке банктарды тартып алып, “АзияУниверсалБанкын” түзгөн жана ага кошумча “Манас Банкын” ачкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG