Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:21

"Москванын арааны". Молдованы чочулаткан жардыруу


Жикчил Приднестровьедеги бир катар жардыруулар, соккулар Орусия согуштук аракеттерин Украинадан ары улантышы мүмкүн деген кооптонууну жаратты.

Киев Приднестровьеде жума ичинде болгон жардыруулар үчүн Москваны айыптады. Украин президентинин жардамчысы Михаил Подоляк "эгер Украина куласа, эртең орус аскерлери Кишиневдун дарбазасынын түбүндө болорун" эскертти.

Жикчил Приднестровьенин Ички иштер министрлиги 27-апрелде билдиргендей, орусиялык курал-жабдыктар сакталган кампа жайгашкан Кобасна айылына сокку урулган. Министрликтин сайтында "учкучсуз аппараттар Приднестровьенин аймагына Украина тараптан учурулганы" жазылган.

Киев мындай дооматтарды четке какты. Буга чейин жикчил аймактын жетекчилиги аймакта "террордук чабуулдар" болгонун билдирип, Коопсуздук министрлигинин имаратында жарылуу болуп, телерадиомунара, аэродромдор аткыланганын белгилеген. Кремл бул окуялар "олуттуу тынчсыздануу" жаратып жатканын билдирген.

Ал эми орус генералы Рустам Миннекаев өткөн аптада Приднестровьенин орус тилдүү калкы "басмырланып" жатканын айтып чыккан.

Москва Украинага кол салганда да ушундай эле шылтоону колдонуп, ал жактагы "орус тилдүүлөр басмырланып" жатканын жүйө кылган.

Расмий Молдова бир аз этият билдирүү менен чектелди. 26-апрелде күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин Молдованын президенти Майя Санду Приднестровьедеги чыңалуу үчүн "куралдуу топторду" айыптады.

Майя Санду. 4-апрель, 2022-жыл.
Майя Санду. 4-апрель, 2022-жыл.

Кезекте Молдовабы?

22-апрелде ошол эле орус генералы Рустам Миннекаев Москванын Украинанын түштүгүн, анын ичинде Одесса порт шаарын басып алуу ниети бар экенин, бул ага "Приднестровьеге чыгууга жол ачарын" айткан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Миннекаевдин билдирүүсүн Орусиянын "башка мамлекеттерди дагы басып алууну көздөп жатышынын" белгиси катары мүнөздөдү.

"Чаттам Хаус" уюмунун аналитиги Катарина Волчук дагы орус армиясы Украинада жеңишке жетсе, арааны дагы ачылат деген пикирде.

"Эгер Орусия Украинада ийгиликке жетсе, окуя ушуну менен аяктап калбайт. Өнөктүктүн жүрүшүндө алардын арааны да ачылат. Украина бул башталышы гана. Эгер Орусия Украинадагы согушта жеңсе, кезекте-Молдова турат".

Британиянын Бирмингем университетинин профессору Стефан Вольф да бул ойго кошулат. Анын айтымында, орус лидери Владимир Путин дагы көбүрөөк аймактарды басып алууну эңсеши ыктымал.

"Путиндин сценарийине Украинанын түштүгүн бүтүндөй басып алып, Преднистровьени таанып, Молдованын башка аймактарында, анын ичинде Гагаузияда көйгөйлөрдү жаратуу кирет".

Гагаузия негизинен түрк тилдүү православ христиандары байырлаган Молдовадагы автономдуу район. Анткен менен, башка адистер Орусия Украинада чоң жоготууларга учурагандыктан, башка согуш баштоого азырынча дарамети жок экенин, күч топтоого дагы убакыт керек экенин белгилешет.

Кремл буга чейин чоң жоготууларга учураганын мойнуна алганы менен, канча аскерин жоготконун так айта элек. 25-мартка карата 1351 аскеринен айрылганын билдирген. Андан бери маалымат жок. Ал эми украин тарап Орусиянын 21 миңдей аскери каза болгонун кабарлап жатат.

Американын коргоо министри Ллойд Остин билдиргендей, АКШ азырынча Молдовадагы "жардыруулардын себебин анализдеп жатат".

Жикчил аймак

Преднистровье жумурияты 1992-жылкы Кишинев менен болгон кыска мөөнөттүк согуштан кийин өзүн Молдовадан күнкорсуз деп жарыялаган. Куралдуу жаңжалда миңдей адамдын өмүрү кыйылган. Аймактагы 600 миңге чамалуу элдин көпчүлүгү орус тилдүүлөр.

Украина менен чек арадан эки чакырымдай алыс Кобасна айылында Европанын чыгышындагы эң ири курал-жарак сактаган кампа жайгашкан. Анда Советтер союзунан калган 20 миң тоннадай курал-жабдык бар. Аны 1500дөй орус аскери кайтарат.

Молдова бир нече ирет Орусияны 1990-жылы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун саммитинде берген убадасын аткарууга чакырган. Анда Москва кампаны жана аны кайтарган аскерлерин көчүрүп кетүүгө сөз берген.

Кобаснадагы кампаны кайтарган аскерлерден башка Приднестровьеде 400-500дөй орус аскери бар. Алар 1992-жылкы согуштан кийин бейпил күчтөрү катары калтырылган.

XS
SM
MD
LG