Эмил Каптагаев дааватчыларга катуу көзөмөл керектигин айтып чыкты. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы болсо алардын иши мыйзамдуу экени, такай көзөмөлдө болору, кооптонууга негиз жоктугу тууралуу дароо билдирүү таратты.
Кыргызстанда ондогон адамдар дааватка чыгат жана алардын жүрүм-туруму такай талкуу жаратып келет.
32 жаштагы Алмаз күч органдарынын кызматкери. Ал дааватка чыгып келген себебин, андан кийин жашоосуна, үй-бүлөсүнө жасаган мамилеси оңолгонун "Азаттыкка" айтып берди:
- Мурда арак ичип турчу элем, тамеки да тартчу элем. Анча-мынча жаман иштер болгон. Бул нерсенин баары үй-бүлөгө зыянын тийгизет экен. Кийин намаз окучу элем. Анан кудайга ишенгенден кийин дааватка чыгып кел деген сунуштар көп айтылгандан улам дааватка чыгып келгем. Ошондон бери беш маал намазды тынбай окуп жатам. Дааваттын негизги эле максаты - адамды оңдоо. Тамак жегенден тартып, баскан-тургандын баарын шариятка тууралайт.
Кыргызстанда Алмаз өңдүү дааватка чыккан адамдар ондоп-жүздөп саналат. Мындан улам Ысык-Көл облусунун губернатору Эмил Каптагаев кооптонуусун айтып чыкты. Анын пикиринде, дааватчылар тыкыр көзөмөлдөнбөй жатат:
- Дааватты уюштуруудагы түзүмдүн өзү жабык. Он-ондон адамдан турган жамааттын башында амир турат. Анын амири ким экенин, алардын оюнда эмне бар экенин эч ким билбейт. Ушунун өзү кооптуу. Мамлекет ушуга катуу көзөмөл жасаш керек. Жамааттарды ким башкарып жүрөт, алар кимдер менен байланышат? Ошол байланышып жүргөн адамдардын түпкү максаты, ою эмне? Ушунун баары мамлекеттин көзөмөлүндө болушу керек. Мамлекет, коомдук коопсуздук үчүн коркунучу бар түзүм.
Эмил Каптагаев буга байланыштуу Сирияга азгырылгандарды мисалга тартты:
- Намаз окуш керек, ыймандуу болуш керек деп жатып, мына азыр көлдөн 45 адам Сирияга кеткени аныкталды. Ошол 45 адамдын 25и бир үй-бүлө. 80ге чыккан кемпир төрт кызын күйөө балдары, 15 небереси менен алып кетти. Алар өздөрү эле кеткен жок да. Аларды бирөөлөр үгүттөдү, азгырды. Ошол эле даават кылды. Ар кайсыны айтып, мээсин айландырып отуруп алып кетишти. Ошолорду үгүттөгөндөр да даават деген нерсе менен жүрүшөт.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Каптагаевдин кооптонуусуна байланыштуу дароо үн катып билдирүү таратты. Муфтияттын даават бөлүмүнүн жетекчиси Билалидин Сайпиев дааватка чыгуу тартипке салынып калганын жана муфтият, Ички иштер министрлигинин тиешелүү бөлүмдөрү көзөмөлдөп турганын айтты:
- Бир жамаат болуп мечиттен 10 киши чыкса, ошолорду түздөп алып барып келе турган алардын бир башчысы болот. Тартип ушундай. Ал башчы көптү билген, көптү көргөн, салттык динди кармаган тажрыйбалуу киши болот. Алардын арасында үчөө-төртөө жаңы кошулган, калгандары буга чейин дааватка чыгып жүргөндөр болот. Баары бир амирге баш ийет деген нерсе жок. Алардын колунда биздин муфтияттын жолдомосу бар. Кыдыра турган жерлери да чийилип берилет. Мисалы, мечиттеги имам хатибдер, казылар ооруканадан чыкпаган догдур дей турган болсок, дааватчылар аларга киши алып келип берип турган тез жардам кызматынын эле ролун аткарат.
Кыргыз коомчулугунда дааватчылар тууралуу пикир бир кылка эмес. Талдоочу Искендер Ормон уулу бул маселеде эки жаат болуп бөлүнүп алып кайым айтышуу маселени ырбатарын эскертти:
- Дагы деле бизде диний билим берүү маселеси жолго салына элек, дагы деле светтик билим берүү менен динди орток окутуу тажрыйбасын өздөштүрө элекпиз. Дагы эле биз ошолордун заманбап талаптарга ылайык алкагын иштеп чыга элекпиз. Ал жагынан мусулмандар да, дин ишмерлери да өзүбүздү өзүбүз сындашыбыз керек. Анан эки жаатка бөлүнүп алып эле бири-бирин сындап, бири-биринин айткандарын жокко чыгарып, эки тарапка бөлүнүп алуу бул маселенин кайра ырбашына, ажырымдын көбөйүшүнө себеп болот. Ошондуктан бул маселени жакшылап караш керек. Көп кырдуу, көп себептери бар маселе.
Кыргызстанда даават расмий уюм катары катталбаган “Таблиги жамаат” кыймылы аркылуу ишке ашат. Жакында эле айрым эксперттер бул кыймыл аркылуу террордук, экстремисттик уюмдарга кошулуп кеткендер көбөйүп жатат деп тынчсыздуусун билдирген.
Коңшу өлкөлөрдө жана Орусияда тыюу салындыктан Кыргызстан да тыйышы керек деген демилге чыккан. Азыркы муфтий Максат ажы Токтомушев убагында дааватчы болгондуктан бул демилгеге караманча каршы болуп келет.