Бул багытта муфтият түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, дааватка чыгуу алдында атайын окутуу үчүн Жалал-Абадка 1 айлык окутуу курсун уюштурду. Ал эми ата-энесине баш бербей, дааватка чыккан атуулдарды дин өкүлдөрү укук коргоо органдарына тапшырууда.
74 жаштагы Тагай Ормокеев Сузак районунун тургуну. Ал шарияттагы бардык шарттарды карманып, дин жолунда жүргөндөрдү туура түшүнөт. Бирок карыя кичүү уулу дааватка чыккандан кийин өзгөрүп, үй-бүлөсүн таштап кеткенине кейип жүргөн кези:
- Ата-эне, бала-чака дегенди көзгө илбей калды. Ээ-жаа бербей эле кетип калат. Үй-бүлө багайын деп ойлонбойт. Таптакыр эле өзгөрүп кетти. Кантип бул жолдон чыгарышты билбей жатам.
Сузакта мындай көйгөйгө кабылган жалгыз эле Тагай карыя эмес. Ак-Тоок айылынын эки тургуну да облустук казыятка балдарын дааватка жибербөө арызы менен кайрылган.
Эрежеге ылайык, дааватка чыкчу адам жакындарынан уруксат, жергиликтүү имам жана укук коргоо органдарынан маалымдама алышы керек. Бирок азыркы учурда ата-эненин уруксатын өздөрү жасап алгандар болууда.
Тагай карыя облустук казыятта өткөн кеңешмеге катышып, муфтияттан келген өкүлдөргө өз талаптарын айтты:
- Мен жалпы облустагы тургундардын кызыкчылыгын айттым. Биз балдарыбыз үчүн күйүп жатабыз. Мусулман болуш үчүн дааватка чыгуунун кереги жок. Андыктан 2-4 айлап дааватка чыгууну жоюп эле койсок.
Муфтийдин орун басары Равшан Эратовдун айтымында, дааватка чыккан ар бир жарандын жүрүм-туруму Муфтияттын үгүт-насаат бөлүмү тарабынан тескелип турат. Эратов азыркы учурда Жалал-Абад облусунун аймагындагы жаштардын диний аң-сезимин жогорулатуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады:
- Жаштар арасындагы жалкоолор динге карата терс көз караш жаратууда. Ата-энесин “дааватка кеттим” деп алдап чыгып башка жакта жүрүп келет. Негизи дааватка чыгарда ата-эненин уруксаты керек. Азыр ага атасынын атынан кол коюп, жасап берип жаткандар да бар. Эгер аксакалдын баласы чындап эле эч кимди укпай дааватка чыкса, бизди да укпаса, анда укук коргоо органдарына кайрылып, чыгарбоого аракет кылабыз.
Кыргызстанда диний билим алуу чектелген эмес. Адистер мындай учурда ар бир 18 жашка толгон адам дин жагынан сабатын жогорулатууга укуктуу экендигин белгилешет. Ал эми Муфтият даават иштерине карата айтылып жаткан ар кандай сындан арылуу максатында Жалал-Абаддагы Айти мечитинде жаңы окуу курсун ачты. Дааватка чыгууну каалагандар анда 1 ай окушат. Азыр кыска мөөнөттөгү диний окууга 20 бала тартылганын облустун казысы Абдилазиз Закиров билдирди:
- Окуу курсунда негизги программа - дааватчы туугандардын куран сабатын, ишенимин жогорулатуу, андан кийин коомчулуктун ичинде өзүн кандай алып жүрүү керектигин, адеп-ахлакты үйрөтүүнү көздөйт.
Ушул жылдын 3-февралында президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилигинде өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында өлкөдөгү диний абал талкууланып, анда атуулдардын илим деңгээлин жогорулатуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча атайын чечим кабыл алынган. Анын негизинде учурда Жалал-Абаддан башка 3 аймакта ушул сыяктуу окуу курстары ачылган. Муну менен дин өкүлдөрү коомчулуктагы терс көрүнүштөрдү акырындап жойсо болорун айтууда.