Улуттук банк 10-ноябрда валюта базарына 173 млн 900 миң доллар сатты жана бул жыл башынан берки алтынчы интервенция болуп калды. Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 1-октябрда 38 млн доллар саткан.
Улуттук банк 2024-жылы валюта рыногуна 26 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен 13 жолу АКШ долларын сатып алып, 13 жолу саткан. Расмий маалыматка ылайык, былтыр 675,6 млн доллар сатылып, 369,8 млн доллар сатып алынган.
Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенцияларды жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)
Дагы караңыз
Шерине