Кыргызстанда ажырашкан аялдарга балдарын сыртка алып чыгуу же документ алуу көйгөйлүү маселе. Адатта мындай учурда ал мурдагы күйөөсүнүн уруксат алууга тийиш. Бирок ага эркектердин баары эле макул эмес. Айрымдары моюн толгоп, акча талап кылып же ар кандай манипуляцияга барган учурлар катталып келет.
Аялдардын укугун коргоочулар бул көйгөй жумушсуздуктун, миграциянын айынан курчуп баратканын эске алып, Үй-бүлө кодексине тезинен толуктоо, өзгөртүү керек экенин белгилешет.
"Балдарымды Европага жибербей койду"
Биздин каарманбыз Айжамал өткөн жылы күзүндө Европага окууга кеткен. Мурдагы күйөөсү балдарын алып кетүүгө уруксат бербегендиктен келин сапарга жалгыз чыккан. Ал чет өлкөгө барганда төркүндө калган уул-кызын мурдагы күйөөсү талашып алып кеткенин уккан.
“Мурдагы күйөөмдөн “балдарды алып кетейин, бир жыл болсо да билим алышсын” деп уруксат сурагам. Башында макул болуп, нотариус аркылуу ишеним кат берген. Кийин “сен кеткен бойдон келбей коесуң, балдарды көрбөй калам” деп айнып, ишеним катын кайтарып алды. Элчиликке да “балдарга виза бербегиле” деп кат жазыптыр. Балдарды атама таштагам, мен кеткенден кийин социалдык коргоо кызматкерлери менен барып алып кетиптир. Андан кийин балдарым менен байланыштырбай койду, туугандарыма да көргөзгөн жок”.
Алты ай балдарынын үнүн угууга зар болгон келин жакында Кыргызстанга кайтып келген. Тогуз жаштагы уулу менен алты жаштагы кызы энесин көргөндө эле ыйлап, атасы кол көтөргөнүнө даттанышкан.
“Деталдары менен баарын айтып беришти. Буга чейин соттук иштер балдардын жашаган жерин аныктоо жана чет өлкөгө чыгаруу боюнча өтүп жаткан эле. Балдарга кол көтөргөнүн билгенден кийин аталык укуктан ажыратууга арыз жаздым. Мен жокто мугалими жаш дегенине карабай, уулумду эки музыкалык ийримге жаздырыптыр. Уулум эртең менен кургак нерселерди жеп кетчү экен. Түштө мектептен гана тамак ичип, кечинде үйгө келгенде кургак бирдемелерди жеп жүрүптүр. Эртең менен уктап калса, чыбык менен чаап ойготчу экен. Мен келгенде “апа биз сени эми көрбөйбүз го деп ойлогом” деп жатпайбы. “Энеңер силерди таштап кетти, силер да аны тарткансыңар” деп урушуп, уруп-согуптур. Мен окууда жүргөндө соттошуп жаттык да. Жарандык иш эки айда эле бүтүшү керек экен, биздин иш алты ай созулду. Бир отурумда судья балдарды психологго алып барууга чечим чыгарган. Ал жакка алып барганы менен “ашык сүйлөбөгүлө” деп коркутчу экен. Мен кол көтөргөнүн укканда эле кайра психологго алып бардым, ошол жерден баарын айтып беришти”.
Келин балдары атасынан кордук көргөнү боюнча Октябрь райондук милициясына арыз жазганын айтууда. Милиция адегенде арызды кабыл албай, маселе коомчулукка чыгып кеткенде гана кыймылдаган.
Айжамал тергөөчү “балдардын денесинде так жок” деген негизде иш козгобой турган болгондо, прокуратурага кайрылганын кошумчалады.
Биз бул маселе боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүнө да, басма сөз кызматына да чалдык. Бирок алар ИИМге кат менен кайрылып, уруксат алышыбыз керектигин ошондо гана жооп беришерин айтышты. Жоопту 14 күн күтүшүбүз керек экен.
"Балдарга каралашчу эмес"
Айжамал борбордогу абройлуу университеттердин бүтүрүүчүсү. Чет тилдерде эркин сүйлөгөн, эл аралык уюмдарда иштеген кыз 24 жашында турмушка чыккан.
Түбөлүк жар болот деп тагдырын байлаган күйөөсү баш кошкондон көп өтпөй эле зомбулук көрсөткөн.
“Чоң энем бар эле “жашың өтүп кетет, турмуш кур” деп айта баштаган. Жакындарым да ар ким менен тааныштырып көрдү. Ошол убакта мурдагы күйөөмө жолугуп калып, өзүм сүйлөшкөм. Тажрыйба жок да, айткан сөзүнө ишенип эле кете берипмин. Үйлөнгөндөн бир-эки ай өткөндөн кийин эле зомбулук көрсөтө баштады. Көчөдөн бейтааныш бирөө карап койсо эле “сени ал кайдан билет?” деп кемирчү. “Жалаң эркектер менен иштейсиң” деп да уруш чыгарып жүрдү. Жумушка келип, кесиптеш байкелерге кызыраңдап далай жолу уят кылган".
Айжамал мындай ыйкы-тыйкы жашоодон тажаганда ажырашууну чечкен. Келин жети жыл бою балдарын өзү багып, күйөөсүнө оорчулук келтирбегенин айтты.
“2018-жылы ажырашкандан кийин балдарды жалгыз багып жүрдүм. Беш мүнөттүк жерде жашаса да каралашкан эмес. Айына бир жолу паркка жетелеп барчу. "Иштебейм" деп алимент төлөгөндөн качып келди. 2024-жылы ЕККУнун грантын утуп алып, квалификациямды жогорулатуу үчүн Европага окууга бара турган болдум. Аны укканда ичи күйүп, “бул жерде кал, болбосо мага Швейцариянын акчасы менен алимент төлө” дей баштады. “Ал жакка барганда бир эркекти таап аласың” дейт. “Мен ал жакка окуганы барам, карьера үчүн жакшы, балдарды багышым керек” деп канча айттым, такыр түшүнбөй койду. Эми сот канчага созуларын билбейм. Окуумду азыр бул жактан онлайн улантып жатам, чакырган жерге жагдайымды айтсам, туура түшүнүштү”.
Биз Айжандын көйгөйүн уккандан кийин мурдагы күйөөсүнө байланышып, анын пикирин угууга аракет кылдык. Бирок аракетибизден майнап чыккан жок. Эгер өз чындыгын айткысы келсе, "Азаттык" анын пикирине орун берүүгө даяр экенин эскертебиз.
Айжамал көйгөйү тууралуу социалдык медиага ачык айтып чыккандан кийин ажырашкан күйөөсү баласын талашып же документ иштеринде чуркатып кыйнаганына ыза болгон кыз-келиндерден көп кат алганын кошумчалады.
Келин мындан улам Үй-бүлө кодексине өзгөрүүлөр керек деген пикирде.
Мыйзамга өзгөртүү керекпи?
Мурдагы акыйкатчы, юрист Атыр Абдрахматова ажырашкан жубайлардын балдарды тышка алып чыгуусуна, баланын паспорт алуусуна байланыштуу мыйзамдар кайра каралышы керек дейт.
“Бул маселени ачык айтып, көтөрө бериш керек, тажрыйбаны алмаштырууга убакыт жетти. Анткени көйгөй курч. Акыркы курултайда президент Садыр Жапаров аялдарга карата зомбулукка караманча каршы экенин айтты. Бул чоң белги. Азыр прокуратурада өзүнчө бөлүм ачылып, мындай иштерди көзөмөлгө алып жатышат. Жогорку Кеңештин саясий эрки бар болсо, мындай мыйзамдарга өзгөртүү киргизгени оң. Биздин социалдык кызматтар да формалдуу иш алып баргандан кетиши керек. Буга чейин мигранттардын балдарынын реестри түзүлөрү айтылган. Ал ишке аша элек.
Баланын укугу баарынан жогору. Ал кийин биздин мамлекеттин жараны болот. Ошого чейин ден соолугу чың, психикасы туруктуу болуп чоңоюуга тийиш. Ажырашкан, жалгыз бой ата-эненин балдарын атайын органдар көзөмөлгө алууга тийиш. Бирок урса-койсо өзү билет, өз баласы деп көп нерсени көз жаздымда калтырышат. Бири-биринен өч алыш үчүн балдарды курал кылган аял-эркектер ошон үчүн чыгып жатат. Ошол эле маалда баланы тарбиялап жаткан тарапка документ иштерин бүтүрүүдө жеңилдиктер каралышы керек. Эгер атасы каралашпаган бала саякатка, окууга, дарыланууга чыга турган болсо, мамлекет кепилдикти өзү берип, белгилүү бир мөөнөткө тышка барууга уруксат бергени дурус”.
Атыр Абдрахматова муну менен катар ажырашкан ата-эненин балдарына жарандык паспорт берүү маселесин да жеңилдетүү керек деген пикирде. Ал өмүрү көрбөгөн же катташпаган аталар ушундай учурда да уруксат бербей же таптырбай кеткени үчүн балдар убагында окууга тапшыра албай, чет өлкөгө кете албай кыйналарын кошумчалады.
Кыргыз коомчулугунда алимент төлөбөгөн эркекти аталык укуктан суроо-сопкутсуз ажыраткан мыйзам керек дегендер да жок эмес.
Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова бул оңой эмес маселе экенин белгилеп келет.
“Аталык укуктан ажыратуу оор процедура. Ажыраган күндө да ата-эне алименттен бошотулбайт. Көп эркектер аталык укуктан баш тартсам эле, алимент төлөбөй калам деп ойлошот. Андай эмес. Ал эми балдарды тышка алып чыгууга уруксат бербей, документ иштеринде бут тосуу көптөгөн мырзаларыбыз колдонгон ыкма”.
Депутат буга чейин "Эже-сиңдилер" берүүсүндө да гендердик сезимтал маселелер көп учурда парламентте колдоо таппай каларын эркек депутаттардын көптүгү менен түшүндүргөн.
Сот департаментинин маалыматында Кыргызстанда ажырашып, бирок балдарына алимент төлөбөй жүргөндөрдүн саны 60 миңге жакын. Алардын ичинен 1400дөн ашуун кишиге издөө жарыяланган.
"Баланы курал кылышат"
“Сезим” кризистик борборунун координатору, журналист Сүйүн Курманова Айжамалга окшоп кыйналгандар чындап эле көп экенин белгиледи. Анын айтымында, көп учурда жубайлардын бала талашына туугандар кийлигишип, чыр күчөп кетет.
“Бизде кайрылгандардын 70% бала талашып кайрылат. Баланы эки тарап тең манипуляциянын куралы кылышат. Өткөн жумада эле ушундай сотко катыштык. Келин кайын-журтуна баласын алып кеткени барган экен. Күйөөсү “мени, карындашымды сабады” деп сотко бериптир. Келин үч айлык боюндагы баласы менен кеткен экен. Азыр тогуз ай болуптур, эртең-бүгүн көз жарганы турат. Өзү араң басып жүргөн аялдын эңгезердей эркекке алы жетмек беле? Азыр көпчүлүк эркектер иштебейт. Балдарын алып калып, миграцияга кеткен аялынан акча талап кылган эркектер андан көп. Жөлөк пул сурашат. Аялдар тышта иштеп тапканын үйүнө салат да. Ал акчага бул жакта калган эри үй-жай курат. Кийин аялы ооруп-сыктап кайтып келсе “сен балдарды карабай кеткенсиң, мен үй салгам” деп кордогондор болот. Акыркы чөмүчкө чейин талашып, аялы менен салгылашкандар да бар. Мен эркекмин, уят, бийик болушум керек дегендер өтө аз”.
Кыргызстанда ажырашкандан кийин сый мамилени сактап калган жубайлар чанда. Алимент төлөбөш үчүн балдарын талашып же балдарынан биротоло кол үзүп кеткен эркектер да жок эмес.
Ошол эле маалда асыраган тарап балага атасын же энесин жамандап, психикасын бузган учурлар көп кездешет.
Психолог Малаке Кыдыралы мындай көрүнүштүн баары кыргыз коомунда мыйзам жакшы иштебегенинен келип чыгат деди.
“Баласын атасына же энесине көргөзбөй койгон учурларды көп эле көргөм. Баласын атасы менен катташтырбай койгон апаларды да көргөм. Бизде аял-эркектин аң-сезими бирдей десек болот. Эркек балдарды көбүнчө энеси тарбиялайт да. Бала болсо кандайдыр бир деңгээлде ата-энесинин жүрүм-турумунан үлгү алат. Бул эми коомдун маселеси. Ал эми Европада бала талашуу, документ иштеринде убара кылып чуркатуу дээрлик жок. Анткени мыйзам так иштейт. Адамдар мыйзам бузса, кандай жаза күтүп турганын жакшы билет. Ошон үчүн аялдар балдарды аталары менен жолуктурат. Эркектер болсо баласын талашып, ар кандай кыянаттыкка барбайт. Бирок Батышта деле статистика боюнча үйлөнгөндөр азаюуда, ажырашуу көп. Божомолдор боюнча жакынкы келечекте дүйнөдө никеге туруу маанилүү деле болбой калат. Ал эми биздин коомдогу үй-бүлөлүк зомбулук изилдене турган тема”.
Кыргызстанда өткөн жылы Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясы коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, ата-энелердин баланы багып-тарбиялоо милдети күчтөндүрүлүп, алимент төлөө беренелери оптимизацияланган.
Анткен менен өлкөдө ажырашуулардын саны азайбай келет. 2023-жылы Кыргызстанда 12 552 түгөйоту күйүшпөй эки жолго түшкөн. Адистер ага бир катар себептер, айрыкча зордук-зомбулук себеп болорун белгилешет.
Ички иштер министрлигинин соңку маалыматында 2025-жылдын үч айында 4597 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы үч айына салыштырганда (2024-жыл 3582 факты катталган) 28% же 1015 фактыга көп.
Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 1217 протокол түзүлүп, соттордун кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 393 адам коомдук ишке тартылып, 610 киши камакка алынган.
Шерине