18 жашка чыга элек жатып турмуш куруу, китеп окугандын ордуна казан кармап, келиндик милдетти аткаруу, улууларга “жок” дей албай, бир көргөн адам менен түтүн булатуу... Кайын-журттун кысымына чыдабай, ажырашып, ара жолдо калуу...
“17 жашымда алдап алган...”
Дилноза (аты өзгөртүлдү - ред.) 17 жашында, мектепти бүтө электе турмушка чыккан. Ага тестиер кезинде эле жуучулар сөйкө салып кеткен. Ортодон атасы каза болуп, апасы миграцияга кетип, чоң энесинин колунда калган өспүрүм кызды туугандары окуусу бүтө электе турмушка узатып коюшкан. Бирок нике кыйылгандан көп өтпөй күйөөсүнүн мамилеси кескин өзгөргөн.
“Эки балалуу болгондон кийин мага көңүл бурмак түгүл, балдарга дагы каралашпай койду. Эч нерсеге кызыкпайт. Курсагы тойсо болду, башкалар менен иши жок. Балдарымды багайын деген ою жок. Балдарын карабаган киши мага кам көрмөк беле?! Биринчи кезекте балдарын ойлошу керек эле да", - деди Дилноза.
Тагдырдын сыноосун көтөргөн келин күйөөсү кумар оюнуна берилип, маңзат чеге баштаганын билгенде гана ажырашуу чечимин кабыл алган.
"Түндө жерге жатып эле колу-буту титиреп, кара тер басты. Мурда эч жери ооручу эмес. Көздөрү кызарып кетти. Тамырлары тырышты. Арак иччү эмес. Биринчи жолу ооруп калган го деп этибар алган эмесмин. Кийин үч баланы үйгө алып келип, кумар ойногондо билдим. Карта ойнойт. Бирөөлөрдөн карызга ун алып, арзан сатып ийип, акчасы менен ошолорду жапчу экен".
Убагында билим албай калган Дилноза учурда пол жууп, эки баласын багып келет.
"“Окуган-чокуган” үй-бүлө деп, 18ге чыга электе күйөөгө беришти..."
Араван районунун тургуну Мухлиса Сайпидинова Дөбө-Коргон айылында мугалим болуп эмгектенет. Аны ата-энеси “жакшы үй-бүлөдөн жуучу түшүп жатат” деген жүйө менен эрте эле турмушка узатышкан.
"Күйөө бала жакшы, кудалар - мугалимдер, бир чети коңшубуз деп атам менен апам макул болуп коюшту. Апама жашмын, окушум керек десем, эми "кызым жакшы жер экен, билимдүү адамдар сени түшүнөт" деп койду".
Бирок Мухлисанын кайын-журту ал күткөндөй чыккан эмес. Эки жыл түтүн булатып, бир балалуу болгондон кийин аны негизсиз айыптап, үйдөн кууп салышкан.
"Кайненем англис тилинен мугалим эле, бронхиалдык астма менен 10 жылдан бери ооручу. Кокусунан эле аба жетпей, жүрөгү кармап ооруканага "Тез жардам" менен алып баратканда өлүп калды. Ошондон кийин күйөөм менен кайнатам "сен өлтүрдүң" деп мени үйдөн айдап салышты. Колумда алты айлык балам болгон. Мен бир үйдүн жалгыз кызымын. Биздин туугандар арасында эч кимиси ажырашкан эмес. Биринчиси мен болдум. Катуу жабыктым. Атам менен апам "дүйнөдө ажырашкан жалгыз эле сен эмес, көп адамдар ошондой" деп колдошту".
Мухлиса Сайпидинова жолдошу менен ажырашкандан кийин окуусун улантып, диплом алып, мектепте иштеп калган. Ал кыздарды эрте турмушка бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп келет.
"Ата-энелер чогулушун өткөрүп, "10-11-классты окуп жаткан кызыңарга эч качан сөйкө салдырбайсыңар, аттестат алгандан кийин гана кудалашсаңар болот" деген келишимге кол койдурам. Себеби эне күчтүү болушу керек. Эне канчалык жетик болсо, анын балдары дагы эркин өсөт. Эркек киши - көчөнүн адамы. Аял үйдө отуруп, бала тарбиялайт, ал бүтүндөй коомду тарбиялайт. Эне канчалык күчтүү болсо, келечек муун ошончолук ишеничтүү чыгат деп ойлойм".
Ажырашкандан тогуз жыл өткөндөн кийин Мухлиса Сайпидинова кайрадан турмуш курган. Бул ирет ал өзү тандап, жүрөгү жактырган киши менен баш кошкон.
“Келин издеп, мектепке чейин келишет...”
Ош облусунда кыздардын эрте турмушка чыгуусун алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп келет. Араван районунун Дөбө-Коргон айылында милиция кызматкерлери окуучуларга эрте никенин кесепетин эскертип турушат. Ага карабастан, айрым ата-энелер уулдарын ээрчитип алып, орто мектептерди кыдырып, келин издеп келишет дейт №2 Мухаммад Саид атындагы мектеп-гимназиясынын директору Малика Камилова.
"Азыр деле бар, келишет. 10-11-класстын кыздарын көбүрөөк карашат. Жакшы окугандардын, олимпиада жеңүүчүлөрүнүн сүрөтүн илип койгонбуз. "Ушул кыз менен тааныштырып койсоңуз, мен бир көрүп кетейин, кайсы жылкы, кайсы жерде жашайт, кимдин кызы?" деген суроолор менен кайрылышат. Биз аларга гимназиядан бүткөн кыздар окууга кирет, күтүп каласыңар, булар окушу керек деп түшүндүрөбүз".
Мектепте окуп жаткан кыздарга жуучу түшүп, сөйкө салып кеткен учурлар айылда көп эле кездешерин Дөбө-Коргон айылынын айылдык кеңешинин төрайымы Самаргүл Бекболотова да ырастады.
"Мектепте окуп жатканда эле кыздарга сөйкө салып койгон учурлар болуп жатат. 18ге мына бүгүн чыгат, мына эртең чыгат деп туруп эле кыздарын кудалап коюшат, эрте турмушка узатуу ушундан келип чыгууда".
Самаргүл Бекболотованын айтымында, кыздар эрте турмушка чыкпай калса, башка көйгөйгө тушугат. Тагыраагы, 20 жаштан өткөн кызды “кара далы” аташып, кысым башталат.
"Мектепти бүтүп, эки-үч жыл жүрүп калса, баланчанын кызы күйөөгө тийбей жүрөт, “кара далы” болуп кетти дешет. Эгер күйөө чыгып калса, баланчанын кызына күйөө келди деп сыймыктанышат".
Кыздарды эрте турмушка берүүдө алардын ою дээрлик эске алынбайт. Мадина (аты өзгөртүлдү-ред.) 18ге эми чыгам деп турганда, туугандары күчкө салып күйөөгө беришкен.
Өзүнөн улуу киши менен түтүн булатуу Мадина үчүн оор болгон.
"Математикадан жакшы окучумун, мугалим болгум келип жүрөт эле. Өзүбүздүн айыл, жакын жерден, жаныбызда болосуң деп күйөөгө беришти. Жигитти мен жакшы көрбөй, көңүлүм жок, сүйлөшпөй эле күйөөгө чыктым. Апама тийбейм десем, "нике ысытып” коёт деп, болбой койду. Башында алар мени окутабыз деп сөз беришкен. Кийин Орусияга миграцияга жөнөтүштү. Мени окутабыз деген убадаларын аткарышкан жок. Алдап иштетип, окутпай коюшту. Ушундан улам пикир келишпестик чыгып, бир жарым жылдан кийин ажырашып кеттик. Кудайга шүгүр балалуу боло электе ажыраштым".
2023-жылы Ош облусу боюнча кыздар эрте турмушка чыккан 15 учур катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Баардык учурлар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси ("Диний ырым-жырымды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу") боюнча кылмыш иштери козголуп, бирок бири дагы аягына чыкпай, шектүүлөр жоопко тартылган эмес.
Ош облусу боюнча коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Маратбек Жаманкулов:
"Менталитетке таянып, эки тарап келишип алганда, тосмо арыз берип койгон учурда аргасыз ишти кыскартабыз. Мындайда камакка алуу мүмкүн эмес. Ошондой учурлар көп, дээрлик баары десек жарашат".
Ош облустук милициясынын маалыматында, быйыл эки ай ичинде кыздарды эрте турмушка берген үч учур катталган: эки учур Араван районунда, бир учур Кара-Суу районунда. Үчөөндө тең 9-класстан кийин окубай калган кыздарды турмушка беришкен. Азыр тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кыргызстанда 18 жаштан тарта никеге турууга расмий уруксат берилет. Жашы жете электерге диний негизде нике кыюуга жол берген тараптар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.