Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Акыйкатчы Ниязовдун саламаттыгына тынчсызданды


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова президенттик аппараттын мурдагы башчысы, камактагы Фарид Ниязовдун саламаттыгынан улам президент Садыр Жапаровго жана Башкы прокуратурага кайрылды. Анда айыпталуучунун абалы оор экенин, ден соолугу барган сайын начарлап жатканын анын жактоочусу, жакындары такай айтып келе жатканын белгилеген.

Атайын кызматтын тергөө абагындагы эки адамдын өлүмүнөн кийин жабык жайларда отургандардын бөгөт чарасын өзгөртүү жол-жобосуна байланыштуу сын-доомат күчөдү.

Акыйкатчы институту тараткан маалыматта Фарид Ниязовдун илдети өкмөттүн токтому менен бекитилген "Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулуулардын тизмесинде" болушу ыктымалдыгы жазылган.

"Батукаевдин ишинен кийин чочулап калышкан"

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова анын мекемеси октябрь айына чейин тергөө абактарында, түрмөлөрдө отургандардын саламаттыгына байланыштуу жагдайды иликтеп жатканын, анын жыйынтыгы менен бир катар сунуштар берилерин билдирди.

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

"Прокуратура бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча сотко арыз киргизсе болот. Негизи эле ал адам укуктарынын сакталышына көзөмөл кылган орган. Биз азыр баарын карап жатабыз, акыркы өлүмдөрдөн сырткары деле бизде башка арыздар бар. Жазасын өтөп жаткандардын арасында деле ден соолугу начарлар бар. Бирок медициналык комиссия аларга "абактан чыгышы керек же башка шартка которулушу керек" деп так аныктама бербей эле, "абалы оор" деп жазып коет. Жоопкерчиликти жаза аткаруу кызматына, күч органдарына, тергөө абактарына илип коет. Биз бул жагдайга байланыштуу 1-октябрга чейин талдап, анализ жүргүзөбүз".

Абдрахматова кримавторитет Азиз Батукаев саламаттыгына байланыштуу деген негизде абактан мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен чуулуу окуядан кийин дарыгерлер так корутунду чыгарып, жоопкерчиликти алуудан качып калганына токтолду.

"Ушундан улам ортодон башка эле адамдар жабыркап жатат. Биз кайрылууну негизи Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге дагы жолдомокпуз. Бирок ал жетектеген атайын кызматтын тергөө абагында эки өлүм катталды да. Азыр эми Фарид Ниязовдун абалы оор, ага Марат Казакпаевдин дартынан дагы оор диагноз коюлду деп жатышат. Мен дагы, прокурорлор дагы медицина кызматкерлери эмес. Аны түшүнүп жатам. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги бул жаатта жоопкерчиликти алышы керек. Алар Батукаевдин ишинен кийин чочулап калышкан. Анткени анда күнөөнү дарыгерлерге оодарып коюшкан. Ошондуктан эгер медиктер кайсы бир айыпталуучуну, соттолуучуну абал оор, абакта кармаганга болбойт деп так корутунду чыгарса же башка жакка которуу керек десе, балким, ошолордун баары так жазылган дагы мыйзамдык өзгөртүүлөр керекпи, биз азыр ошонун баарын талдап жатабыз. Эгер Фарид Ниязовдун абалы дагы начарлап кетсе, кайгылуу окуя менен аяктаса мамлекетке көлөкө түшүшү мүмкүн".

"Азаттык" Фарид Ниязов тууралуу акыйкатчынын кайрылуусунан улам Башкы прокуратурадан комментарий сурады, бирок бул макала жазылып жаткан чакта жооп ала алган жок.

Ниязовдун адвокаты Замир Жоошевдин "Азаттыкка" билдиришинче, анын саламаттыгына байланыштуу эки ирет - былтыр жана быйыл март айларында Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлери консилиум өткөргөн жана оор диагноз коюлган.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

"Медициналык текшерүүдөн өткөрүп "III баскычтын эң жогорку тобоокелчиликтеги III стадиясындагы гипертония" деген диагноз коюлган. Консилиумдун корутундусунда аны ар кандай медициналык процедуралардан өткөрүү жана дарылануу жөнүндө сунуштар жазылган. Бирок ал сунуштар аткарылбай келет. Анткени анын баары тергөө абагынан башка жайларда жасалат, ал эми Ниязов сыртка чыгарылбай жатат".

Ушул айдын башында Бишкек шаардык соту Ниязовду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган эмес жана тергөө абагындагы мөөнөтү 18-августка чейин узартылган. Биринчи май райондук сотунун өкүлү Айзада Момунова бөгөт чарасын тандоо себеби тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

Биринчи май райондук соту.
Биринчи май райондук соту.

"Анткени иш боюнча соттук териштирүү баштала элек болчу, жабырлануучулар, күбөлөр, айыпталуучулар суракка алынган эмес, жазык ишинин материалдары изилдене элек болчу. Ошондуктан айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү ишти териштирүүнүн объективдүүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болчу. Ошондой эле жазык жоопкерчилигинен качуу максатында айыпталуучунун соттон жашырынуусуна түрткү берет. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 116-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, айыпталуучуну камакка алууга жол бербеген жана медициналык корутунду менен ырасталган оор оору аныкталса, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы анча катуу эмесине өзгөртүлүшү мүмкүн. Айыпталуучуларды камакка алууга тоскоолдук кылган оор оорулардын тизмеги Министрлер кабинети тарабынан бекитилет. Сот өндүрүшүнүн ушул этабында сот тарабынан кандайдыр бир жаңы жагдайлар аныктала элек. Андан сырткары айыпталуучулар тергөө органдары тарабынан оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаган деп айыпталышууда", - деди Момунова.

Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынып, Октябрь окуялары маалында бошонгон. Бирок кийин кайра камалып, ага ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуяларга байланыштуу да айып тагылган. Ниязов “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүү боюнча козголгон кылмыш ишинде да шектүү катары өтүп жатат.

Кой-Таш жана 2020-жылдын октябрындагы окуялар боюнча кармалгандар арасынан азыр абакта Ниязов жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев гана калды.

"Бөгөт чарасын өзгөртүү тандалма болууда"

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулованын пикиринде, бөгөт чарасын өзгөртүүдө тандалма ыкма колдонулуп жатат. Ал буга байланыштуу камакка алынып, көп өтпөй үй камагына чыккан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди мисал кылды.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

"Азыр Алымкадыр Бейшеналиев маркум Марат Казакпаевге, Фарид Ниязовго салыштырмалуу жакшынакай эле жүрбөйбү. Ага кандай диагноз кантип коюлганы тууралуу деле так айтылган жок, негизи оор диагноз болушу керек да. Бөгөт чарасын тандоодо дагы коррупциялык элементтер да бар экени көптөн бери эле айтылып жүрөт. Азыр бөгөт чарасын өзгөртүү тандалма болуп жатат. Соңку окуялар сабак деле болгон жок".

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмоновдун пикиринде, абактардагы айыпталуучунун саламаттыгына байланыштуу арыздарга көңүл бурулушу абзел.

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

"Адам болгондон кийин тергөө абагында жатканда ооруп калышы мүмкүн. Ошондой учурларда Жазаларды аткаруу кызматында, УКМКда, ИИМде медициналык кызматтар бар. Ошол жерде комиссия болуп карап, корутунду чыгарып, ошону менен сотко алып келиши керек. Иштин чоо-жайын билбей туруп "кош стандарттуулук болуп жатат, андай-мындай болуп жатат" деп айтуу кыйын. Эгер адвокаттары саламаттыгына байланыштуу кайрылып жатса, анда ага көңүл бурулушу керек. Эгер ооруп жатканы чын болсо, Фарид Ниязов болбу, башкасы болобу, айтор бардыгына реакция болушу керек".

Буга чейин Кыйноолорго каршы улуттук борбор саясат талдоочу Марат Казакпаев ден соолугуна байланыштуу камакта отура албай турганы жөнүндө атайын кызматка кайрылганы белгилүү болгон.

"Иликтеп чыгып, элге ачык жарыялашсын"

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде УКМКнын тергөө абагындагы өлүмдөрдү "кырсык" деп атаган жана атайын кызматка айтылган дооматтарды четке каккан.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Биздин коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок. Ошон үчүн комиссияга маркум болуп кеткендердин жакын туугандарын, омбудсменди, бейөкмөт уюмдарын киргиздик. Иликтеп чыгып, элге ачык жарыялашсын. Бул – кырсык. "УКМК өлтүрүп койду” деген акылга сыйбаган күмөн. УКМКга миңдеген адамдар камалып чыгып жатышат. Кимдер гана камалып чыкпады. Баары эле аман-эсен чыгып жатышат го. “УКМК өлтүрүп койду” дегидей, булар же бир коомчулукка таанымал чоң фигуралар болсочу. Жөн гана кылмыш иштери менен камалган адамдар экен", - деген Жапаров.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун эсебинде 2019-2021-жылдар аралыгында тергөө абактарында, түрмөлөрдө отурган 150дөн ашык ар кандай оорулардан улам адам ажал тапкан.

XS
SM
MD
LG