Мушташ 15-ноябрда Чүй облусунун Константиновка айылына жакын жерде болгон.
Алгач мушташ тууралуу социалдык тармактарда маалыматтар тарап, талкууга түштү. Кийин аны Чүй облустук милициясы ырастады. Облустук милиция тараткан маалыматка караганда, окуяга “Чайна-Роуд” жана “Чжунзцы” компанияларынын айдоочуларынын Константиновка айылынын четиндеги карьерден кум-шагыл ташуу маалындагы жол талашы себеп болгон.
Мушташка байланыштуу Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козголгон. Чүй милициясы жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жаңжалдын бардык катышуучуларын аныктап, облустук милицияга жеткиргени кабарланды. Облустук ички иштер башкармалыгы 44 киши милицияга жеткирилип, анын 16сы убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирди.
Жаракат алгандардын бири - 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну ооруканага кайрылган. Бейтапка "баш сөөгүнүн жана мээсинин жаракаты, мээнин чайкалышы" деген диагноз коюлган.
Бул окуядан кийин социалдык тармактарда кытайлыктар көбөйүп кетти деп нааразы болуп, каршы пикир жазгандар арбыды.
Ишембиде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мамлекеттик “Кабар” маалымат агенттигине ушул жагдайга байланыштуу маек берип, жарандарды антикытайлык маанайды күчөткөн чагымчыл билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды. Министр Кыргызстанда соңку учурда иштеп жаткан кытайлыктар мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк экенин айтып, алар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлордо иштеп жатканын айтты, эки өлкө ортосунда виза режими бар экенин эске салды:
“Кытайлык жарандар эмгек визасынын негизинде иштеп жатышат. Көзөмөлсүз эле каптап кирип жаткан жери жок. Бизде визалык режим бар. Визасынын мөөнөтү бүтөрү менен чыгып кетишет. Виза мөөнөтү бүтүп чыкпагандары болсо рейддерде аныкталып, депортация болот. Аларга мыйзам жактан көйгөй керек эмес”,- деди Кулубаев.
Ал жергиликтүү компаниялар бүтүрө албай койгон Балыкчы-Барскоон жолу өңдүү долбоорлорду кытайлык ишканалар ишке ашырып жатканын кошумчалады.
Көп өтпөй президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков да маалымат таратып, коомчулукту чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.
“Кечээ жакында курулуш багытында келип иштеп жаткан кытайлык жарандар менен кыргыз жарандары уруша кетишкен. Алар курулуш багытында кум-шагыл ташыган унааларды башкарып жүрүп, жол талаша кетиптир. Окуяга катышкан кытай жарандарынын тек-жайы такталып, укук коргоо органдары иш жүргүзүп жатат. Мына ушул окуяны чагымчылдар жеке кызыкчылыгына пайдаланып, “кокуй кытай каптап кетти, мына бизди уруп-сабап баштады” деп улут аралык кастык жараткан пикирлерди таратып жатышат. Эми, адам бар жерде уруш-талаш боло берет экен, адамдын табияты ошол. Ал улутка же рассага карабайт. Мисалы, биздин 1,5 миллиондон ашык кыргызстандык жарандарыбыз деле башка өлкөлөрдө иштеп жүрөт, биздеги кытайдар сыяктуу. Алар деле кээде урушуп, жанжалдаша кеткен окуяларга туш болушат. Андыктан чагымчылдарга азгырылбагыла", - деген Орунбеков “кытайлар басып кетти” деген пикирлерге: "Ооба, бизде курулуш иштери көп жүрүп жатат. Жумушчулар тартыш, ошого байланыштуу Кытайдан убактылуу келип иштегендер бар”, - деп Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп кайтарды.
Орунбековдун мындай билдирүүсүнүн алдына ар кыл комментарийлер жазылып жатат. Арасында кытайлыктардын ишке көп тартылып жатканын сындагандар бар.
"Качантан бери Howo айдагандар жогорку кесиптеги адистер болуп калган??? Аны кыргыздын жигиттери деле айдай алат", - деп пикир калтырган Азамат Бекенов аттуу жаран.
Кыргызстанда кытай жарандары аралашкан окуяга байланышкан талкуулар быйыл октябрда да чыккан. Анда Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринин балконунан кулаган 37 жаштагы аялдын өлүмүнө байланыштуу кытайлык эки жаран кармалып, 24-декабрга чейин камакка алынган. Ал окуядан кийин да кыргыз коомчулугунда антикытайлык маанай жаралганы байкалган.
Кыргыз өкмөтү экономиканы алдыга жылдыруу багытында, өзгөчө өндүрүш тармагын өнүктүрүүдө Кытай негизги өнөктөштөрдүн бири экенин белгилеп келет.
Соңку кездери Кыргызстандын экономикасында Кытай аралашкан долбоорлор кыйла көбөйдү. Анын эң ириси - туура бир жыл мурда расмий башталган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору.
Экономикалык эсептер боюнча, темир жол Кыргызстандын казынасы үчүн чоң киреше алып келиши мүмкүн. Бир жагынан транзит үчүн жылына 200-300 млн доллар алым алынса, экинчи жагынан кыргыз товарларынын Европа рыногуна түз чыгышына чоң жол ачылат.
Дал ушул темир жол курулушунун башталышы жана Кытайдын башка дагы инвестициялык долбоорлорунун көбөйүшү менен кытайлык жумушчулардын саны арбыган, Нарын, Ак-Талаа жакта жашаганга үйлөрдү жапырт ижарага алып жатышканын жергиликтүү тургундар кабарлап келишет.
Экономикалык талдоочу Нургүл Акимова кытай долбоорлорунда негизинен кытайлыктар көп жумушка тартыларын белгилеп, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоо боюнча маселе бар деген көз карашта:
“Көп учурда ири курулуш долбоорлорунда инженердик-техникалык курамдан тартып кара жумуштагыларга чейин Кытайдан өздөрүнүкүн алып келишет деген пикир кеңири жайылган. Чындыгында, кээ бир объектилерде жумушчулардын олуттуу бөлүгүн кытай жарандары түзөт (мисалы, жол курууда же тоо кен тармагында). Бул жергиликтүү элдин нааразычылыгын жаратып, “биздин жумушту тартып алышты” деген түшүнүккө алып келет. Андан сырткары, кытай жумушчуларынын келиши менен кошо социалдык-маданий тирешүү да жаралышы мүмкүн (мисалы, жашоонун шарттары, маданияттагы айырмачылыктар). Эгер жумушсуздук көйгөйү курч бойдон кала берсе, арзан кытай жумуш күчү рынокту толтуруп сала турган болсо, бул социалдык нааразылыкты күчөтөт”, - деген пикирин Акимова "Азаттыкка" билдирген.
Расмий маалыматка караганда, 2024-жылы Кыргызстанга кирген 873 млн доллар түз инвестициянын төрттөн бири (1/4) Кытайдан келген. Башта айтып өткөндөй, акыркы 3-4 жылдан бери Кыргызстанда көп сандаган соода-логистикалык борборлор, тоо-кен жана энергетикалык долбоорлор да кытай компанияларынын же каржылоосунун алкагында башталып жатат.
Кытай долбоорлорунун көбөйүшү менен аларда иштөөгө тартылды деген кытайлык жарандардын карааны башка аймактарда эле эмес, Бишкекте да көбөйгөнүн байкоого болот.
Коомдогу маанайдан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын жарандарына берилчү визанын талаптары тууралуу 16-ноябрда маалымат берди. Анда алардын Кыргызстандын аймагына кирүүсү жана бул жакта жүргөнү, чыгышы визанын негизинде жөнгө салынарын белгилеген.
"Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанда жүрүүдө виза же башка документ менен белгиленген мөөнөтүн так сактоого милдеттүү. Белгиленген тартипке жараша чет элдик жаран виза алышы үчүн Кыргызстанда катталган юридикалык жактын кайрылуусу болушу шарт. Кыргыз Республикасы визалык саясатты либералдаштырууда этап-этабы менен жана тең салмактуу ыкманы карманып, улуттук кызыкчылыктарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарына башка мамлекеттерде визалык режимди колдонууда паритеттүүлүк принцибин эске алат”, - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
ТИМдин, министрдин жана Орунбековдун билдирүүлөрүндө Кыргызстанда азыр иштеп жаткан кытайлыктардын саны канча экени так айтылган эмес.
- Кытай жарандары үчүн Кыргызстанда виза режими бар.
Бишкек 2024-жылы октябрда Кыргызстанга Кытайдан келүүчү туристтик топтор үчүн визасыз режимге уруксат берген. Ага ылайык, Кытайдан алдын ала бекитилген туристтик программа менен келген бештен 25ке чейинки адамдар тобу өлкөгө визасыз кирип, 21 күн жүрө алышат. Алардын колунда кайтып кетүүчү авиабилети болууга тийиш. Аларга Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин кайра туристтик программа менен өлкөгө визасыз кирүү укугу берилет. - Кытайдын Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары да кайра кеткенге авиабилети болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз Кыргызстанда жүрө алышат.
Быйыл жазда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев парламенттин тармактык комитетинде маалымат берип жатып Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда визасыз кирип-чыгуу режимин киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан.
Май айында Гуанчжоудогу Кантон көргөзмөсүн утурлай кыргызстандык блогерлер, ишкерлер Кытайга барып, ал өлкөнүн жашоо-турмушун жакшы жагынан чагылдырып, видеолорду жарыялаганы таңдануу жараткан. Анда эксперттер соңку убакта Бээжин дүйнөгө, айрыкча кошуна өлкөлөрүнө "ачыла баштады" деген ойлору менен бөлүшкөн.
Шерине