Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:35

USDKG: Кыргызстан өз криптовалютасын чыгарат


Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, USDKG долбоорунун кеңешчи тобунун башчысы Уильям Кэмпбелл жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Кыргызстандын финансы министри Алмазбек Бакетаев. Коллаж.
Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, USDKG долбоорунун кеңешчи тобунун башчысы Уильям Кэмпбелл жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Кыргызстандын финансы министри Алмазбек Бакетаев. Коллаж.

Кыргызстандын Финансы министрлиги өлкө бийлиги атамекендик биринчи криптовалютаны чыгарууну пландап жатканын ырастады. Эки ай мурдараак Дубайдагы форумда Кыргызстан алтын менен камсыздалган жана доллардын наркына байланган USDKG аттуу стейблкоин чыгарганы жатканы маалымдалган.

Ага чейин Бишкекке дүйнөлүк ири криптобиржанын негиздөөчүсү келип, президентке кеңешчи болуп бекиген эле. Кыргызстандын криптовалюта чыгаруу идеясы коомчулукта түрдүүчө талкуу жаратты.

USDKG стейблкоин болот

Финансы министрлиги Кыргызстандын криптобазардагы пландары тууралуу соңку маалыматты “Азаттыктын” тиешелүү суроо-талабына жооп берип жатып келтирди. Мекеме быйыл май айынын башында Бириккен Араб Эмираттарынын ири шаары жана финансылык борбору Дубайда өткөн жыйында айтылган маалыматтарды толук ырастагандай болду.

Финансы министрлиги
Финансы министрлиги

“Май айында Дубайда “Виртуалдык активдердин эмитенти” ачык акционердик коому тарткан блокчейн технологиялары жаатындагы эл аралык адистер катышкан форум өттү. “Виртуалдык активдердин эмитентинин” жалгыз акционери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги болуп саналат. Бул коомдун адистери “Криптовалюта” долбоорун ишке ашыруу боюнча иштеп жатышат. Көрүп турганыбыздай, көптөгөн өлкөлөр криптовалюта жаатындагы мыйзамдарды активдүү түрдө өркүндөтүп, криптокомпаниялардын иштеши үчүн шарттарды түзүүдө. Дүйнөнүн алдыңкы экономикалары бул тармакта лидерлик позицияларды ээлөөгө умтулууда. Кыргызстан бул жолго түшкөн жана өзүнүн стейблкоинин активдүү иштеп чыгуучу дүйнөдөгү биринчи өлкөлөрдүн катарында болууда”, – деп айтылат Финансы министрлигинин билдирүүсүндө.

Мекеменин учкай комментарийинен түшүнүктүү болгондой, кыргыз өкмөтү криптовалютанын токен түрүн тандап алган. Анын ичинен стейблкоин чыгарууну мерчемдеп жатат экен.

Эгер жөнөкөй чечмелей турган болсок, криптовалюта бул – блокчейн технологияларынын негизинде иштелип чыккан жана интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акчанын жалпы аталышы. Анын бир нече түрү бар.

Биринчи түрү – монета. Ал эч бир банктык системага жана мамлекеттик валюталарга байланган эмес. Бул топко биткоин (Bitcoin), опекс (Opex), риппл (Ripple), эфириум (Ethereum), лайткоин (Litecoin) сыяктуу монеталар кирет.

Экинчи түрү – токен. Бул бар монеталардын блокчейнин пайдалануу менен иштелип чыккан жана ошол платформалардын ичинде жайгашкан валюталар. Solana (SOL), Tether (USDT), XRP, Binance Coin (BNB) жана башкалар токен болуп саналат.

Криптовалютанын ар кайсы түрлөрүнүн символикалары. Иллюстрациялык сүрөт.
Криптовалютанын ар кайсы түрлөрүнүн символикалары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ошол эле токендин өзүнүн да үч тиби бар. Анын бири – стейблкоин (stable – стабилдүү, coin – монета). Булардын наркы кадимки акчанын курсуна же алтын, мунай, дан сыяктуу товарлардын биржалык баасына байланат. Алар кымбаттаса кымбаттап, арзандаса баасы түшүп турат. Мисалы Tether же USDT токени криптобазарда АКШ доллары менен 1:1 эсебинде бааланат.

Демек, Кыргызстан чыгарууну пландап жаткан стейблкоин да Кошмо Штаттардын валютасына 1:1 эсебинде байланууда. Ошону үчүн да кыргыз криптовалютасынын аталышы доллардын кодуна окшош берилүүдө.

“USDKG – бул алтын менен камсыздалган жана АКШ долларынын курсуна байланган биринчи мамлекеттик стейблкоин. Бүгүнкү күндө “Виртуалдык активдердин эмитенти” ачык акционердик коому 50 000 000 АКШ доллары суммасында USDKG’нин биринчи эмиссиясын өткөрүү боюнча иш жүргүзүүдө. Кыргызстанда криптовалюталар менен байланышкан бардык процесстер өлкөнүн эл аралык аренада санариптик активдер жана блокчейн технологиялары жаатындагы позициясын бекемдөөгө багытталган. Кыргызстанга бул тармактагы алдыңкы мамлекеттердин катарына кирүүгө убакыт келди”, – деп билдирет Финансы министрлиги.

Азырынча мына ушундай маалыматтары менен бөлүшкөн Финансы министрлиги атамекендик стейблкоин качан жана кайсы аянтчада жүгүртүүгө чыгарыларын тактаган жок. Биздин боолгообузда, биринчи криптовалютаны өлкө жетекчилиги презентация жасашы да мүмкүн. Анткенибиздин жөнүн алдыда түшүндүргөнгө аракет кылып көрөбүз.

Дубайда жаңырган жаңылык, Улуттук банктын билдирүүсү

Жогоруда белгилегенибиздей, Кыргызстандын бийлиги USDKG аттуу өзүнүн токенин чыгарууну пландап жатканы алгач ирет 5-майда Дубай шаарындагы Token2049 конференциясында жарыяланган. Ал жөнүндө маалыматты кыргыз бийлигинин өкүлдөрү эмес, долбоорго кеңешчи болуп жаткан Габриэль Герра айтып чыккан.

CoinDesk сайты Геррага таянып жазгандай, Кыргызстан USDKG стейблкоинин 2025-жылдын үчүнчү кварталында чыгарууну көздөөдө. Токен алтын менен камсыздала турганы, АКШ доллары менен 1:1 баада болору да ошол эле жыйында маалымдалган.

Габриэль Герра муну үчүн Кыргызстандын Финансы министрлиги 500 миллион доллар сала турганын, кийин сумма 2 миллиард долларга чейин жеткирилиши мүмкүн экенин билдирген.

Габриэль Герра
Габриэль Герра

“Стейблкоин Борбор Азияга басым жасоо менен трансчекаралык транзакциялар жана эл аралык соода үчүн пайдаланылат. Ал эми Түштүк-Чыгыш Азияга жана Жакынкы Чыгышка жылуу бир аз артыраак планга коюлган”, – деп айткан өзүн USDKG долбоорунун кеңешчиси деп тааныштырган Габриэль Герра.

Мунун фонунда – 11-июнда Кыргызстандын Улуттук банкы билдирүү таратып, USDKG санариптик активине тиешеси жоктугун маалымдаган. Мекеме “жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет ресурстарда 2025-жылдын үчүнчү чейрегинде Улуттук банктан 300 миллион доллар суммасында сатылып алынган” деген маалыматты төгүнгө чыгарган.

Улуттук банк
Улуттук банк

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы санарип активдерди, анын ичинде USDKG чыгаруу боюнча кандайдыр бир долбоорлор үчүн алтын саткан эмес жана сатпайт. […] Улуттук банк кандайдыр бир санарип валюталарды же стейблкоиндерди чыгарууга байланыштуу долбоорлорду ишке ашырууга катышпагандыгын жана өз аталышын же активдерин маркетингдик материалдарда же юридикалык документтерде пайдаланууга уруксат бербегендигин баса белгилейт”, – деп айтылган Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Иш жүзүндө башкы каржы көзөмөл мекемеси USDKG аттуу криптовалюта чыгарылып жатканын четке каккан эмес, болгону ага тиешеси бар экенин төгүндөгөн. Ошондуктан муну жөн гана Улуттук банктын өз репутациясын коргоо жана Кыргызстандын эл аралык резервиндеги алтынга күмөн жаратпоо аракети деп түшүнүшүбүз керек.

Себеби акыркы жылдары Кумтөр кени Кыргызстандын карамагына өткөнү Улуттук банктын резервиндеги алтындын көлөмү кескин өскөн. 2020-жылга чейин андагы алтын запас болгону 16 тонна эле болсо, 2024-жылдын эсебинде 52 тоннага жеткен.

Бирок биз Финансы министрлигинин жаңы билдирүүсүнөн кийин USDKG аттуу криптовалюта чыгарылганы турганын жана анын артында аталган министрлик турарын биле алдык.

USDKG долбоорунун кеңешчи тобунун башчысы Уильям Кэмпбелл токен жөнүндө айтып берүүдө:

USDKG үчүн атайын аянтча катары ачылган usdkg.com аттуу сайтта да бул ачык көрсөтүлгөн. Веб-баракча Кыргызстандын өкмөттүк мекемелеринин имараттарынын сүрөттөрү менен жасалгаланып, токен тууралуу жогоруда айтылган маалыматтар менен толукталган.

Токенди Кыргызстандын Финансы министрлиги чыгара турганы белгиленип, министр Алмазбек Бакетаев жетекчи командалардын катарына коюлган. Ал эми долбоордун директору катары Акбар Бекбоев аттуу жаран көрсөтүлгөн.

Токендин расмий usdkg.com сайтындагы маалымат.
Токендин расмий usdkg.com сайтындагы маалымат.

Министрди коомчулук жакшы тааныйт, бирок Бекбоев белгилүү киши эмес. Ал мурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде, Финансы министрлигинде иштегени жазылган. 2021-жылы Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо “Тынчтык” партиясынан талапкер болгон.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматтарга ылайык, токенди жүгүртүүгө чыгарат деп айтылып жаткан “Виртуалдык активдердин эмитенти” ачык акционердик коомунун директору Бийболот Мамытов. Ал буга чейин Кыргызстандын бийлиги ачкан мамлекеттик Coin National Exchange (башка аталышы Coin Nomad Exchange) биржасынын директору болуп бекилип, бирок кийин ал кызматты бошотуп берген. Мамытовдун өзү жөнүндө интернетте маалымат аз.

USDKG долбоорунун кеңешчи тобунун башчысы Уильям Кэмпбелл жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.
USDKG долбоорунун кеңешчи тобунун башчысы Уильям Кэмпбелл жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.

USDKG долбоорунун кеңешчи тобунун башчысы Уильям Кэмпбелл Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугуп, токен жөнүндө талкуулкашкан. Топтун Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнүндөгү баракчасында көрүнүп тургандай, жолугушууларга министр Бакетаев да катышкан. Сүрөттөрдө Касымалиев да, Бакетаев да USDKG’нин логосу түшүрүлгөн баш кийим кийип жүргөнү байкалат.

Жанданган криптобазар жана президенттин дымагы

Алгачкы санариптик акча 2009-жылы ойлоп табылып, дүйнөдө дароо жайылганы менен Кыргызстанда ал тууралуу талкуу 2014-жылы башталган. Ошол учурда Улуттук банк ага байланыштуу билдирүү таратып, элди криптовалютаны колдонуудан оолак болууга чакырып турган. Кийин да мекеменин жетекчилиги электрондук акчага инвестиция салуунун кооптуу жактары тууралуу эскертип келген.

Бирок тенденциялар өлкөнүн башкы каржылык көзөмөл мекемесин криптовалюта тууралуу укуктук-ченемдик акт түзүүгө мажбур кылды. Себеби, мыйзамдаштырылбаганы менен кыргызстандыктар арасында криптовалюта колдонуу көнүмүш боло баштаган.

Ошентип, Улуттук банк 2021-жылы алгачкы “Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Коомдук талкууда жана парламенттик кароолордо улам өзгөрүп, толукталып жатып 2022-жылы “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзам кабыл алынды.

Натыйжада Кыргызстанда криптомайнинг, криптовалютаны алып-сатуу, криптобиржа иштетүү жана башка нерселер мыйзамдаштырылды. Каттоого старт берилди. Алгач бирин-серин фирмалар катталып турса, былтыр жана быйыл алардын саны кескин өстү.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын сайтындагы маалыматка ылайык, ушул тапта Виртуалдуу активдерди соодалоочу операторлордун реестринде, башкача айтканда, криптобиржа катары 13 компания катталган. Жогоруда белгилегенибиздей, анын бири – Coin National Exchange (башка аталышы Coin Nomad Exchange) биржасына толугу менен Финансы министрлиги ээлик кылат. Тизмедеги башка биржалардын айрымдары иштеп баштаган, бирок кээлери соодага чыга элек.

Ал эми Виртуалдуу активдерди алмаштыруучу операторлордун реестринде катталгандар, же криптовалютаны алып-сатуучу жайлар 162ге жетти. Анын саны мындан да көп болмок, дегенибиз, ортодо ондогон жайлардын лицензиясы артка кайтарылыптыр.

Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао Бактуу-Долоноту айылында. 4-май, 2025-жыл.
Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао Бактуу-Долоноту айылында. 4-май, 2025-жыл.

Кыргызстандын криптовалюта базарындагы эң чоң жаңылык дүйнөдөгү эң ири криптобиржа – Binance компаниясынын негиздөөчүсү, кытай-канадалык ишкер Чанпэн Чжаонун май айынын башында Кыргызстанга келиши болуп калды.

Президент Садыр Жапаров Чжао менен 3-майда Чолпон-Ата шаарында жолугушуп, виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү, киберкоопсуздук маселелерин талкуулады.

Жапаров өлкөдө санариптик активдерди киригизүү боюнча олуттуу кадамдар жасалып жатканын белгилеген.

“Кыргызстанда криптовалютага болгон кызыгуу жылдан жылга өсүүдө. Ошол эле учурда ар түрдүү тармактарда санариптештирүү күч алып жатат. Бул өзгөрүүлөр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда жана мамлекеттен так, түшүнүктүү чечимдерди талап кылууда. Ушуга байланыштуу менин чечимим менен виртуалдуу активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлгөн. Кеңештин максаты бул жаатта туура саясатты иштеп чыгып, инвестициялар үчүн жагымдуу шарт түзүп, финансы каражаттарын колдонууда тобокелдиктерди азайтууга көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Ошондуктан дүйнөлүк криптотармактын алдыңкы өкүлдөрүнүн бизге кошулганы чоң жетишкендик”, – деди президент Садыр Жапаров Чжао катышкан отурумда.

Жолугушуунун жыйынтыгында Чанпэн Чжао Кыргызстандын президентинин виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук кеңешчиси болуп бекилип, атайын күбөлүк тапшырылды.

Чанпэн Чжао жана Садыр Жапаров.
Чанпэн Чжао жана Садыр Жапаров.

Чанпэн Чжао Х социалдык түйүнүндөгү (мурдагы Твиттер) постунда Жапаров менен кездешүүдө Кыргызстанга бир нече сунуштарды бергенин билдирди:

“Аркы-беркилерди айтпаганда, мен ошондой эле #BNB жана #BTC экөөнү Улуттук крипто резерв үчүн старттык криптовалюта катары колдонууга кеңеш бердим”, – деп жазды ал.

Мындагы BTC дегени биткоин, ал дүйнөдөгү эң биринчи жана эң белгилүү криптовалюта. Ал эми BNB дегени Чжаонун биржасындагы Binance Coin токени. Ал токен биржанын ичиндеги алыш-бериш үчүн колдонулат.

Демек, биз мына ушул кабарлардан улам Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бул жааттагы саясатты өзү колго алып, мамлекеттик органдарга ачык тапшырмаларды коюуда деп бүтүм чыгарсак болот. Көп жылдардан бери айтылып келген криптовалюта мыйзамына да анын учурунда кол коюлуп, Улуттук криптовалюта биржасын уюштурууга, Улуттук крипторезерв түзүүгө жана атамекендик криптовалюта түзүүгө старт берилди.

Кыргыз президенти бул тармакта эмне үчүн батыл аракеттерге өттү? Экономикалык талдоочу Кубан Чороев муну Борбор Азиядагы атаандаштык катары баалады:

Кубан Чороев
Кубан Чороев

“Менин оюмча, келерки 5 жылдыкта криптобазарда стейблкоиндер чоң роль ойной баштайт. Анткени, салттуу финансы тармагы, анын ичинде банк системасы алдыңкы жылдары криптовалютага же блокчейн системасына өтөт. Ошондуктан көптөгөн мамлекеттердин Улуттук банктары же Финансы министрликтери ушул системага даярдык көрүүдө. Кайсы мамлекет ушул багытты эртерээк ишке ашырып өтүп кетсе, ошол утушта болот. Кеминде артта калбайт. Өзбекстан да эксперименталдык түрдө сумга байланган криптовалютасын чыгарганы жатат, Казакстан да улуттук крипторезервин түзүүгө умтулуп жатат. Чанпэн Чжаонун Кыргызстанга келип, президентке кеңешчи болушу бул жааттагы позитивдүү кыймыл деп айтсак болот. Себеби, бүгүнкү күндө “Борбор Азияда криптовалюта жана блокчейн боюнча ким лидер болот?” деген чоң суроо дагы деле турат. Кайсы мамлекеттин мыйзам базасы ыңгайлаштырылып, кайсы өлкөнүн бийлиги эртерээк кадам таштаса, ошол лидер болот. Жогоруда белгилегенимдей, азыркы учурда Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын ортосунда ушул жаатта билинбеген атаандаштык өкүм сүрүүдө”.

Кубан Чороев ушул маалда Кошмо Штаттар да стейблкоиндерди жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды талкуулап жатканын, ал мыйзам кабыл алынса бул жаатта көп мамлекеттерге таасир этерин белгилейт.

Тобокелдиктер жана чочулоолор

Арийне, АКШ Сенаты быйыл май айында долларга байланган стейблкоиндер тууралуу GENIUS Act деп аталган мыйзам долбоорун кызуу талаш-тартыш менен кабыл алган. Бирок ал толук кабыл алынганга чейин дагы бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда жана эми документ Өкүлдөр палатасынан өтүшү керек.

Бул жааттагы кардарларды коргоого багытталган документ күчүнө кирсе президент Дональд Трамптын тушунда криптобазарды иретке салуучу биринчи документ болуп калат. Бул мыйзамдын кабыл алынышы эксперттер арасында “криптобазардагы тарыхый окуя катары” бааланууда.

Деген менен криптобазарда стейблкоиндердин келечеги жөнүндө пикир бир кылка эмес. Бул топтогулар салттуу криптомонеталарда борбордоштурулган башкаруу жок экенин, башкача айтканда, бир адам же бир өлкө башкарбай турганын айтып, ал эми стейблкоиндерди чыгарган тарап аны каалагандай башкара алат деген позицияны карманышат.

Кыргызстандык программист, учурда чет жакта иштеген Даниил Вартанов “Азаттыкка” берген комментарийинде буларга токтолду:

Даниил Вартанов
Даниил Вартанов

“Жер планетасында бардык валюталардын, анын ичинде криптовалюталардын наркы ага кандай товар жана кандай кызмат сатып алса болот деген нерсе менен аныкталат. Ошондуктан өз ара алмашуу курсу пайда болот. Албетте, мында спекуляция деле болушу мүмкүн. Ал эми стейблкоиндердин жагдайы башкача. Анткени, алар кайсы бир валютага байланган. Аны конкреттүү адамдар борбордоштурулган ыкма менен башкарат. Мында биз стейблкоиндер чындап эле ошол эсептерде сакталабы-жокпу, аны билбей туруп ишенүүгө аргасыз болобуз. Аны эч ким текшере албайт. Алар стейблкоиндерди тиешелүү көлөмдө эле чыгардыбы, же каалашынча жайгаштырып жатабы, аны да билбейбиз. Ошондуктан ушул жагынан алганда стейблкоиндер криптовалютанын жалпы идеясына карама-каршы келет”.

Криптовалютанын эң белгилүү түрү - биткоиндин (Bitcoin) эмблемасы.
Криптовалютанын эң белгилүү түрү - биткоиндин (Bitcoin) эмблемасы.

Даниил Вартанов өзү Кыргызстанда криптовалютанын алгачкы колдонуучуларынын бири десек болот. Ал өзү да соңку он жылча убакыттан бери санариптик акчаны өлкөдө мыйзамдаштырууну жактап келген жана кезинде Кыргызстанда тиешелүү мыйзам кабыл алынганын кубаттаган. Бирок ошол эле маалда ал кыргыз бийлигинин стейблкоин чыгаруу демилгесине күмөн менен кароодо:

“Эгер Кыргызстандын Финансы министрлиги 500 миллион долларга кошумча алтын сатып алып, аны стейблкоин уюштурууну каалап жатса жана министрликтин кызматкерлери бүткүл дүйнөгө “биз эч качан эч нерсе уурдаган эмеспиз, мында да эч кимди алдабайбыз, бизге ишенгиле” дегиси келип жатса, жолу шыдыр болсун. Окей, аларга ийгилик каалайм! Айткандары ишке ашып кетсин! Бирок мен кайсы бир адамга ишенүүгө негизделбеген, жалаң математикага таянган жана эч кимге ишенүүнү талап кылбаган криптовалюталардын түрүн колдонууну уланта бермекчимин”.

Эл аралык Financial Times басылмасы 25-июнда жарыялаган “Орусиянын көмүскө төлөмдөрү үчүн криптовалюта 9 миллиард долларды айлантты” (Crypto coin for Russian shadow payments moves $9bn) деп аталган макаласында Кыргызстандагы криптобиржа жөнүндө чуулуу маалыматтарды жарыялаган.

Медиа аталган биржа быйыл февралда Кыргызстандын аймагында уюшулганын, анда A7A5 аттуу стейблкоин соода болуп жатканын билдирген. Биржа ачылган төрт айдын ичинде рублге байланган санариптик валюта менен 9 млрд доллар айланганы да белгилүү болгон.

Криптобиржа санкциялардан буйтоо үчүн Орусиядан Кыргызстанга жер которгону, анын артында күмөндүү иштерде аты аталган молдовалык ишкер Илан Шор турары маалымдалды. Бул Кыргызстандагы башка долбоорлордо да Шордун ысымы аталып жаткан маалга туш келди.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG