Ал аталган мекемени убагында эки ирет башкарган жана анын аты негизинен "Талас алтыны" деген ишкананын акцияларын сатуу, "Элдик лотереядагы" күмөндүү жагдай, "эшектин этине" байланыштуу делген бир катар чуулуу иштерде аталган. Мурдагы бийликтин тушунда ага кылмыш иштери козголуп, эл аралык издөөдө дагы жүргөн.
Тойчубеков 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өлкөгө кайтып келген, көп өтпөй ага козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде кыскарганы белгилүү болгон. Аны жакындан билгендер мыкты экономист катары сүрөттөшөт, ошол эле маалда аны бардык бийликтин тилин таап келген "амалкөй, айлакер" катары дагы сыпаттагандар дагы жок эмес.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Юруслан Тойчубековго “Финансы пирамидаларын уюштуруу” беренеси менен айып такканы белгилүү болду жана соттун чечими менен ал 5-апрелге чейин камакка алынды. Анын жактоочусу жана жакындары азырынча комментарий бере элек.
MCN coin криптоактивин жарнамалоо былтыр башталган, ар кандай иш-чараларда Тойчубековдун аты аталып, кээде өзү дагы катышканы тартылган видеолор жарыяланган.
Эки айдай мурда MCN coin деген аталыштагы Ютуб каналга анын 30 мүнөттүк маеги жарыяланган. Анда бул криптоактивди түзгөндөргө кеп-кеңеш берип жатканын айтып, анын келечеги кең экенине, алдамчылык эместигине ишендиргенге аракет кылган.
Ушул айдын башында MCN coin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналып эки адам камалган. Улуттук телеканал уюштургандардын бири Исрадин Субанбековдун колу кишенделген абалдагы видеосун жарыялаган жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгени, сурак берип жатканы айтылган. Анда дагы Тойчубековдун аты аталган.
"Бата гана бергем". Дубайдагы форумдун чоо-жайы
MCN coin боюнча Дубайда былтыр жыл аягында экономикалык форум өткөнү белгилүү болгон. Ага мурдагы өкмөт башчы, экс-депутат, "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов дагы катышкан. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып иш-чарада инвесторлорго өлкөдөгү кырдаал тууралуу гана айтып бергенин билдирди.
"Мен 14-декабрда Дубайдагы экономикалык форумга баргам. Анын алдында, 10 күндөй мурун мага Юруслан Тойчубеков кайрылды. Ал "Дубайдагы форумга компетенттүү кимдир бирөөлөрдү жөнөткүлө, өлкөдөгү инвесторлор үчүн коопсуз климат тууралуу айтып берсин деп өкмөткө жана башка уюмдарга кайрылдым. Инвесторлор Интернеттен биздин өлкө тууралуу жаңылык окуса эле "президентке эки жолу, Ташиевге үч жолу өмүрүнө кол салууга даярдык болгон, Тажикстан менен начар кырдаал, депутаттардын айрымдарынын нааразылыгы, журналисттерди камоо, мүлктү тартып алуу болду" дегендей кабарлар чыгат экен. Ошондуктан сиз биздин өлкөдө баары жакшы деп айтып бере аласызбы" деди. Мен эгер эч ким жок болсо, макул, айтып берейин дедим. Анан дагы кандай суроолор болот десем, жаңы криптовалюта жөнүндө сөз болот деди. Мен Юрусланга "ушул криптовалюта жөнүндө аябай үстүртөн гана түшүнүгүм бар, эч нерсе айта албайм" дедим. Ошондуктан коопсуздук тууралуу гана сурагыла дедим. Дубайдагы форумда Сауд Арабиясы, АКШ, Испания, Франция, Индонезия өңдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү болду. Мен ошол жерден "биздин өлкө коопсуз, келгиле, президент жеке өзү инвесторлорду коргойт, Ташиев уюшкан кылмыш топторунун баарын жок кылды, баары жакшы, камсанабагыла, баары жакшы болот" деп сүйлөдүм".
Куловдун ырасташынча, ага Тойчубеков MCN coin тууралуу Дубайда кеңири айтып берген. Анда жаңы криптоактивге байланыштуу иш баштагандарга мыйзамдуу иштөө тууралуу кеп-кеңеш бергенин билдирген.
"Чай маалында мен андан "Юруслан, MCN coin деген эмне" деп сурадым. Ал "ушул жаш балдар буга чейин криптовалюта менен алектенип келишкен экен, кийин акча табышкандан кийин өздөрүнүкүн ойлоп табууну, чыгарууну чечиптир. Анан мага финансист катары кайрылышты, анан калса ал балдар менин таластык жердештерим экен" деди. Анын айтымында, мунун баары былтыр июль-августта болгон экен. Тойчубеков аларга "балдар, идея жакшы экен, бирок мыйзамдын чегинде гана иштегиле, элден акча албагыла, элди кыдырып, көндүрбөгүлө, акчаны колуңарга албагыла , капчыкка гана салсын, каттоодон өткүлө, коомдук уюм түзгүлө" дептир. Анан калса криптовалютанын баасы бир күнү көтөрүлсө, бир күнү түшүп калат да. Ошонун баарын түшүнүш үчүн финансылык жактан сабаттуу болуу керек дептир. "Менин милдетим аларды окутуу болчу" деп айтыптыр. Анан ал мурда иштешкен башка мамлекеттердеги кесиптештери менен сүйлөшүптүр. Алар баарын мыйзамдуу түрдө, оффшордук аймакта эмес, Кипрде каттатышыптыр. Дубайда ал балдар алгылыктуу долбоорлор үчүн көлөмү 1 миллиард доллардан ашык инвестициялык фонд түзүү тууралуу айтышты. Ошондой эле жасалма интеллект борборун түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Мен аларга бул жерде киберкоопсуздук маанилүү, бул деген өтө маанилүү да, президентке чейин жеткиребиз дедим. Ушундай сөздөр болгон. Ошол балдар Дубайга айрым журналисттерден дагы ала барышыптыр. Алар мага суроо узатышканда "бул балдар өлкө үчүн кайсы бир жакшы иштерди жасаганга аракет кылып жатышат, мен аларга ийгилик каалайм" дегем. Мен бата гана бергем. Ошону менен гана бүткөн. ИИМ аларды август айынан тартып эле иликтей баштаган экен. Ар кандай нааразылык айтылып, айрым блогерлер каршы чыга баштаптыр. Ошондуктан Юруслан келгенде жанагыдай көрсөтүп жаткан нерселердин баары болгон эмес. Миллиондор кымырылып кетти деген учурлар Юрусландын тушунда болгон эмес. Ал 76га чыгып калды, андай афераларга эмнеге бармак эле? Тескерисинче, ал жаштарга туура жол көрсөткөн. Мен Интернеттен көрдүм, кармалгандардын бири Юруслан аларга консультация, кеп-кеңеш берген дептир. Тергөөчүлөр, албетте, ал кандай кеңеш бергенин териштирсе керек. Мен 100% ишенем, алар Юруслан эч кандай мыйзамсыз кеңеш бербегенин аныктап чыгат. Аны териштирип, аныктап чыкканга убакыт керек".
Феликс Кулов Тойчубековду өкмөт башчы кезинен бери таанырын айтып, кесипкөй адис, ачык-айрым адам катары мүнөздөдү.
"Кыскача айтканда, ал экономист катары белгилүү адам. Компетенттүү адам. Мен премьер-министр болуп турганда ал финансы базарын көзөмөлдөө жагында иштеген. Ал абдан прогрессивдүү адам болгон. Ошол маалда мага көп идеялар менен келген. Ошондуктан мен анын оң жактарын гана айта алам. Адам катары, ак ниет адам. Эң негизгиси - баарын бетине айтат, ачык адам".
Деген менен Тойчубековду жакындан тааныган айрым адамдар аны бардык бийликтин тилин таап келген "айлакер, амалкөй" киши катары дагы мүнөздөп жүрүшөт. Анын аты бир катар чырлуу, чуулуу окуяларда аталып, бир нече кылмыш иши козголуп, эл аралык издөөдө дагы болгон.
"Мээрим" фондуна берилген миллиондор
Юруслан Тойчубеков 76 жашта. Ал Константин Скрябин атындагы айыл чарба институтунун экономикалык факультетин аяктаган. Советтик мезгилде комсомолдук ар кыл кызматтарды ээлеп, Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары саясий майданга келген. Тойчубеков Акаевдик бийлик менен жакын мамиледе болгону тууралуу ошол кездеги мезгилдик басма сөздө макалалар жарыяланып турган.
1990-жылдардын башында Венгрияда, Германияда, АКШда жана Орусияда финансы, банк ишмердигине байланыштуу курстардан окуп келген. Ошол жылдары "Жумаке-Адил" өндүрүш-финансылык концернин, андан кийин "Адил" деп аталган кыргыз-швейцариялык банкын башкарган. Ал 1995-1997-жылдары "Манас-Ата" фондуна төрагалык кылган. 1999-2001-жылдары Баткен облусунун губернаторунун орун басары болуп иштеген. Андан кийин кайра беш жылдай "Манас-Ата" коомун башкарган.
Тойчубеков 2005-2009-жылдары өкмөткө караштуу Финансы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматын башкарган. Ал 2010-жылдагы парламенттик шайлоого "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен барган. Мандат алганы менен коалиция түзүлүп, кызмат бөлүштүрүлгөндө ал 2011-жылы Финансы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын башчылыгына кайра келип, 2014-жылдын октябрь айына чейин иштеген.
Тойчубеков экономика илимдеринин кандитаты, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчи деген класстык чини бар.
Анын саясий жылдызы негизинен 1990-жылдары жанган жана убагында президенттикке дагы талапкер болгон. Кыргыз тил сынагынан өткөн эмес деген негизде шайлоого катыштырылган эмес.
2005-жылы бийлик күч менен алмаштырылганда экс-президент Аскар Акаевдин аялы Майрам Акаеванын "Мээрим" фондуна Баткен облусунун бюджетинен миллиондогон сом которулуп турганы ачыкка чыккан жана буга байланыштуу облустун ошол кездеги губернатору Мамат Айбалаев менен анын орун басары болуп иштеген Тойчубековго кылмыш иши козголгон. Бул иштер эмне менен аяктаганы белгисиз бойдон калган.
Ашуудан ашпай калган "Беш-Ашуу"
Курманбек Бакиев бийликке келгенде Тойчубеков "Эмгек жана биримдик" деген партиясын негиздегендердин бири болгон. Тойчубеков бул партия Бакиевдин шайлоо штабында иштеген топтун демилгеси менен түзүлгөнүн, миңдеген мүчөсү бар экенин билдирген.
Көп өтпөй өкмөттө өнүктүрүүгө багытталган делген "Эмгек жана биримдиктин" "Беш-Ашуу" экономикалык концепциясы талкууланган. Анда Тойчубеков баяндама жасап, концепция Бакиевдин шайлоо маалында берген убадаларына негизделгенин белгилеген. Бирок документ айрым өкмөт мүчөлөрүнүн сынына кабылган жана ошол кездеги өкмөт башчы Феликс Кулов кайра иштеп чыгуу үчүн жумуш тобун түзүүнү тапшырган. Ошол маалда ал Камбар-ата ГЭСтеринин бирин инвесторлорго берип, тышкы карыздан кутулуу жолун дагы сунуштаган.
Эл аралык издөөдө болгон Тойчубеков 2020-жылы бийлик алмашуу менен аяктаган Октябрь окуяларынан кийин өлкөгө белгисиз жагдайда кайтып келген. Көп өтпөй анын кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде кыскарып калганы ачыкка чыккан.
Ошол маалдарда Тойчубеков жергиликтүү басылмалардын бирине курган маегинде Түркияда башкалкалап жүргөнүн айтып берген жана кызматтан кеткен себептерине токтолгон, өзүнө козголгон кылмыш иштерин саясат менен байланыштырган.
"Мен 2018-жылы 15-июнда жүрөгүмдү дарылатуу үчүн чет өлкөгө кеткем. Бул жакта биздин Финкөзөмөлдү текшерип, менин үстүмөн кылмыш ишин козгоп, Интерпол аркылуу бардык жерден издөө жарыялап коюшуптур. Атамбаев министр, премьер жана президент болуп турганда дагы Кумтөргө байланыштуу аны менен төрт-беш жолу айтыша кеткем. Биз мындай болбойт деп "Талас алтыны" деген коомду түзгөнгө аракет кылганбыз. Кен байлыктары ата-бабаларыбыздан калган, бул жер биздин балдарга иштеп бериши керек деген ой менен "Талас алтынын" түзгөнбүз. Ошондон кийин эле "муну туура эмес түздүңөр" деп артымдан кемчилигимди издей башташты. Анысы аз келгенсип анын кишилери он чакты ишкананы банкрот кылып бизге өткөрүп бересиң деди. Мен аларга мындай ишти буга чейин дагы, азыр дагы жасабай турганымды айттым. Андан мурун Бакиевдин кезинде дагы ушундай болгон. Максими (Бакиевдин уулу - ред.) келип алып "Кыргызтелекомду", "Бишкек жылуулук борборун", "Бишкек жылуулук тармагын" өткөрүп бересиң деп айтып, мен аны менен айтыша кетип, иштен кеткем. Мен ушулардын айткандарын аткарбайм деп жатып Финкөзөмөлдөн үч жолу кызматтан кеткем. Анан иштен жөн эле кетирбейт да, артыңдан жамандайт. Атамбаев Таласка барып алып "Талас алтынды" түзүп, болбогон кагаздарды чыгарып, болбогон кагаздарды сатты, тиги-бу деп баштады. Эшектер менен байланышы бар деп аны дагы үстүмө илип салбадыбы. Менин ага эч бир тиешем жок", - деген Тойчубеков.
Алмазбек Атамбаев Тойчубековдун дооматтарына үн каткан эмес.
Тойчубековдун аты 2015-жылы түрк ишкерлерине таандык “Элдик лотерея” компаниясына кылмыш иши козголуп, жетекчилери камалганда дагы айтылган. Компания “Лицензияны мыйзамсыз алган, жалпы кирешенин 10% төлөбөй келген” деген дооматты четке каккан. Ички иштер министрлиги Тойчубеков аталган компаниянын жетекчиси, түрк ишкери менен жең ичинен сүйлөшүп алып мыйзамсыз иштерди чогуу жасаган деп билдирген. “Элдик лотерея” соода маркасы менен иштеген "Райдер Ассошиэйтс Лимитед" ишканасы кийин мамлекетке 31 млн сомду кайтарып бергени айтылган.
2015-жылы КТРКнын журналисттери эшектин эти сатыкка даярдалган жай делген имарат тууралуу сюжет көрсөткөн. Ал имарат Тойчубековго таандык экени айтылган. Тойчубеков ал материалды каралоо деп сыпаттап, журналисттерди сотко берерин билдирген.
Журналист, талдоочу Адил Турдукулов Тойчубековдун күмөндүү иштерде аты аталган жагдайга токтолуп, төмөнкүдөй ою менен бөлүштү.
"Тойчубековго кылмыш иштери козголуп, айып тагылган. Аны кандайдыр бир тымызын көшөгө артындагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кое беришип, кечирип келишкендей. Ушундай саясаттан улам, мыйзам иштебегендиктен ушундай болду деп билем. Күнөөлүү деп табылып, бирок жазасыз калып, кайра мамлекеттик ишке келип, кайра эле коррупциялык схемалар түзүлүп калып жатпайбы. Бизде укук коргоо органдары андай кылбаганга шарт, абал түзүп бериши керек, бирок бизде анда болбой жатпайбы. Бийлик өзгөрсө эле канчалык люстрация деп кыйкырбасын, кайра эле баягылар баш көтөрүп, былык иштерин уланткан учурлар болду. Ошондуктан күч органдары канчалык күчтөнбөсүн, кылмышка шектүүлөр кайра жанданып, мурунку былык иштерин жандандыра берсе, анда экономикабыз дагы өнүкпөйт, элдин бийликке ишеними дагы болбойт деген ойдомун".
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков жашы улгайган кезде кылмыш иши козголуп, камалганына өкүнүчүн билдирди.
"Юруслан Тойчубеков өзү экономист, көп жыл финансы тармагында иштеп жүргөн киши. 1990-жылдары СССР эсил кайран болгондо эле өзүнчө банк ачып, автобустарды алып келип, кафелерди ачып жүргөн. Азыр эми MCN coin боюнча кармалыптыр. Аларга аралашпай эле тынч эле жүрсө болмок. Жашы 70тен ашып калгандан кийин бала-чака, небере-чөбөрө менен тынчыраак эле жашаса болмок. Биткоинди ойлоп таап бул ошол балдарга сунуштаганбы, же ал балдар буга сунуштаганбы, анысын билбейт экемин".
Тойчубеков маданият тармагында да иштеп, бул чөйрөгө да тааныш. Тагыраагы, 1984-1986-жылдары Москвада сценарист жана режиссерлордун эки жылдык курсун дагы аяктаган жана кинодраматург деген кесипке ээ болгон. Союз ыдырарга аз калган жылдары Кинематографисттер союзунун экинчи катчысы болуп турган жана кийин дагы кино тармагына аралашып жүргөн.
Ал 2007-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Ысык-Көл эл аралык кинофестифалын уюштуруу комитетин жетектеген. Кийинчерээк Курманжан даткага арналган “Тоо ханышасы” даректүү тасмасынын сценарийин жазганы айтылган.
Шерине