Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Конституциялык соттун чечими Бакиевдин Кыргызстанга келишине жол ачабы?


Курманбек Бакиев. Коллаж.
Курманбек Бакиев. Коллаж.

Кыргызстандын Конституциялык соту 2010-жылы Апрель ыңкылабында бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев боюнча чыккан сот өкүмү кайра каралууга жатат деген чечим чыгарды. Буга өкүм сыртынан чыгарылган деген жүйө себеп катары көрсөтүлгөн.

Бакиевге чыккан өкүмдү кайра кароонун мыйзамдуулугу боюнча өтүнүчтү бийликтен кулатылып, Беларустан башкалка тапкан мурдагы президенттин адвокаты Икрамидин Айткулов келтирген. Конституциялык соттун соңку чечими Курманбек Бакиевдин өкүмүн бузуп, анын өлкөгө келишине жол ачабы?

Консоттун сайтына 11-апрелде жарыяланган маалыматка ылайык, сот кылмыш иши үчүн сыртынан соттолгон адам өз каалоосу менен же күч органдарынын аракетинин натыйжасында Кыргызстандын аймагына келгенден кийин соттук иши өзүнүн катышуусунда кайра каралышына реалдуу мүмкүнчүлүк алууга тийиш экени жазылган.

"Мындай укуктук жөнгө салуу укуктук мамлекеттин принциптерине берилгендикти, адилеттүү сот өндүрүшүнө болгон кепилдикти көрсөтөт жана эл аралык стандарттарга, ошондой эле көпчүлүк демократиялык мамлекеттердеги туруктуу практикага толугу менен ылайык келет", - деп белгиленген маалыматта.

2024-жылдын декабрында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Конституциялык сотко кайрылып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жети беренеси, тагыраагы, мурдагы президентти сыртынан соттоого шарт түзгөн нормалардын Баш мыйзамга шайкештигин текшерүүнү суранган.

Адвокат өз жүйөсүндө айыпталуучу жок болсо тергөө иштери анын жүргөн жери аныкталганга чейин токтотулуп турарын белгилеп, ал эми Бакиевдин ишинде ал катышпаса деле иш сотко өтүп, айыптоо өкүмү чыгып калганын мыйзамсыз деп билдирген.

Айткулов буга чейин "Азаттыкка" Курманбек Бакиев айыпталуучу катары катышпай, өзүн актоого мүмкүнчүлүгү болбой калганын билдирген.

11-апрелде ал жергиликтүү басылмаларга бул иш боюнча комментарий берип, эгер Курманбек Бакиевдин иши кайрадан териштирүүгө жөнөтүлө турган болсо ал Кыргызстанга кайтарын айтты.

Конституциялык соттун чечимин колуна алгандан кийин Бакиев күнөөлүү деп табылып, соттолгон бардык иштерди кайра кароо тууралуу арыз менен Жогорку сотко кайрыларын билдирген адвокат:

Икрамидин Айткулов
Икрамидин Айткулов

"Ал өкүмдөрдүн баары - биринчиден башка экинчи жана үчүнчү инстанциялардын өкүмдөрү жокко чыгарылат. Ал процесстерге өзү катышат. Конституциялык соттун чечими ошондой - ал экинчи жана үчүнчү инстанциялар конституциялык эмес чечим чыгарышканын, анткени ишти айыпталуучунун өзү жок карашканын айтып жатат. Башкача айтканда, ага өз укугун коргоого мүмкүнчүлүк берилиши керек болчу".

Айткулов Бакиев качан келери белгисиз экенин айтып, "бардык иштерди кайра кароо үчүн экинчи инстанцияга жөнөтүшсө ал өзү келип катышуусу керек болорун" билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн 12-апрелде Фейсбуктагы баракчасына мурдагы президент Курманбек Бакиев боюнча Конституциялык сот чыгарган чечимге байланыштуу билдирүү жасады.

Анда ал Конституциялык соттун чыгарган чечимине бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жоктугун айтты:

“Конституциялык сот көз карандысыз. Курманбек Бакиев боюнча Жогорку Соттун өкүмү күчүндө турат. Ошондуктан эгер Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөрү менен камалат”.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

Бакиевдер акча бөлгөн тигүү цехинин курулушу
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:10 0:00

Апрель окуялары боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Анын негизинде узак убакыт сот жүрүп, соңунда Бакиев сыртынан 30 жылга соттолгон эле.

Беларуста туруп айрым маалымат каражаттарына курган маектеринде Курманбек Бакиев Кыргызстанда ага карата чыккан өкүмдү "мыйзамсыз" деп атаган.

Эми анын адвокаты өтүнгөн кайрылууну Конституциялык сот канааттандырып, коомчулуктагы Бакиевге байланышкан талашты күчөттү. Ансыз деле соңку мезгилде Апрель ыңкылабында бийликтен кулатылган качкын президенттин Кыргызстанга кайтышы боюнча талкуу жүрүп жаткан эле.

Тагыраагы, бул сөздөр президент Садыр Жапаровдун деңгээлине чейин жетип, ал быйыл 11-мартта "Беларус Бакиевди камабасаңар өткөрүп берели" деген ниети бар экенин билдирген.

Соңку аракеттерди Бакиевдерди бийликке алып келүүгө аракет катары бааланган бир катар саясатчылар, Апрель ыңкылабынын курмандыктарынын жакындары сынга алып келишет. Алар мурдагы президент Кыргызстанга кайтса коомчулуктун бир бөлүгүнүн нааразылыгын жаратарын эскертүүдө.

Маселен, саясатчы, Апрель ыңкылабынан соң бийликке келген Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Эмилбек Каптагаев Бакиев соттун өкүмүн буздуруп, Кыргызстандын ичинде эмес, башка өлкөлөрдө ээн-эркин жүрөйүн деген ниети бар экенин "Азаттыкка" айткан:

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

"Ээн-эркин баспай, түрмөдө азыркы камалган балдар-кыздар сыяктуу кишенделип алып келип, темир тордун артында отуруп көрсөтмө бериши керек. Бул мыйзам чегиндеги шарт. Келсе, келбесе дегенди мен өзүмө терең кабыл алган жокмун. Келсе отурат. Муну президент Садыр Жапаров деле айтты. Ошондой шартта келип, көрсөтмө берсе, жерди астын-үстүн кылып жиберчүдөй жаңылык деле ачылбайт. Ал жерде корко турган же сыр болуп жаткан деле эч нерсе жок. Андай сыр болсо азыр деле ачып, элге көрсөтсө болот. Ошондуктан бул маселеде мен бир гана кызыкчылык көрүп турам. Ал Курманбек Бакиевдин өзүнүн кызыкчылыгы. Себеби ал соттолгон киши. Эгерде Беларуста өйдө-ылдый окуялар болуп кетсе эки жакка чыгышы кыйын болуп калат. Кандай паспорт алып, эмне айла кылса да эл аралык издөөдөгү киши катары ээн-эркин жүрө албайт. Мындан улам, менин жеке пикиримде, ал соттун чечимин бузуп, кайра тергөөгө жөнөтүп же алгачкы инстанциядан кайра карасын деп жөнөтсө соттолбогон киши болуп калат. Соттун чечимин буздуруп алып Кыргызстандын ичинде эмес, башка өлкөлөрдө ээн-эркин жүрөйүн деген ниети болсо керек. Ал келип эле Кыргызстанда жашайын деген деле каалоосу жок деп ойлойм. Анын кызыкчылыгы ушунда".

75 жаштагы Курманбек Бакиев өлкөдөн чыгып кеткенден бери Беларуста башкалка тапкан. Ал узак убакыт бул өлкөнү башкарып келе жаткан авторитардык лидер Александр Лукашенконун жеке калкалоосуна ээ болуп, бул өлкөнүн жарандыгын да алганы кабарланган.

Ошол эле учурда айрым юристтер Конституциялык соттун соңку чечими бир гана Бакиевге эмес, анын жакындарына, сыртынан соттолгон бир катар мурдагы жетекчилерге тиешелүү болорун эскертип, "Пандоранын кара жащиги" ачылды деп атап жатышат.

Чынында эле 2010-жылдан соң Бакиевдин бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сыртынан 30 жылга соттолгон, кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштер боюнча сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан. Алардын баары өлкөдөн качып кеткени үчүн айыбы сыртынан угузулуп, чечим айыпталуучулардын өзүлөрүнүн катышуусусуз чыккан. Эми алардын баары Консоттун акыркы чечимине таянып, өз иштерин буздурууга аракет кылышы мүмкүн деген суроо актуалдуу болууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG