Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:09

Каптагаев: Бакиев соттун чечимин буздурууга кызыкдар


Курманбек Бакиев.
Курманбек Бакиев.

2010-жылы Апрель окуяларынан кийин Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев соттун чечимин буздуруп, Кыргызстандын ичинде эмес, башка өлкөлөрдө ээн-эркин жүрөйүн деген ниети болушу ыктымал.

Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

Ал Бакиев келсе кармалып, камалышы керектигин, аны алып келүү азыркы бийликтен көз каранды экенин айтты.

"Ээн-эркин баспай, түрмөдө азыркы камалган балдар-кыздар сыяктуу кишенделип алып келип, темир тордун артында отуруп көрсөтмө бериши керек. Бул мыйзам чегиндеги шарт. Келсе, келбесе дегенди мен өзүмө терең кабыл алган жокмун. Келсе отурат. Муну президент Садыр Жапаров деле айтты. Ошондой шартта келип, көрсөтмө берсе, жерди астын-үстүн кылып жиберчүдөй жаңылык деле ачылбайт. Ал жерде корко турган же сыр болуп жаткан деле эч нерсе жок. Андай сыр болсо азыр деле ачып, элге көрсөтсө болот. Ошондуктан, бул маселеде мен бир гана кызыкчылык көрүп турам. Ал Курманбек Бакиевдин өзүнүн кызыкчылыгы. Себеби, ал соттолгон киши. Эгерде Беларуста өйдө-ылдый окуялар болуп кетсе эки жакка чыгышы кыйын болуп калат. Кандай паспорт алып, эмне айла кылса да эл аралык издөөдөгү киши катары ээн-эркин жүрө албайт. Мындан улам менин жеке пикиримде, ал соттун чечимин бузуп, кайра тергөөгө жөнөтүп же алгачкы инстанциядан кайра карасын деп жөнөтсө соттолбогон киши болуп калат. Соттун чечимин буздуруп алып, Кыргызстандын ичинде эмес, башка өлкөлөрдө ээн-эркин жүрөйүн деген ниети болсо керек. Ал келип эле Кыргызстанда жашайын деген деле каалоосу жок деп ойлойм. Анын кызыкчылыгы ушунда", - деди Каптагаев.

Каптагаев: Бакиев сот чечимин буздуруп, эркиндик алууну каалап жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:40 0:00

Коомдогу талкууларга Курманбек Бакиев пикирин билдире элек.

Бүгүн, 7-апрель күнү Кыргызстанда 80ден ашык адамдын өмүрү кыйылган, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуясына 15 жыл толду. 2010-жылдын 6-апрелинде элдик толкундоолор алгач Нарын шаарында, кийин Таласта башталып, Бишкекте уланган. 7-апрелде Бишкекте нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 100гө жакын киши набыт болуп, миңден ашуун адам жараат алган.

Ошол кездеги президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, уулу Максим Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын ошондогу жетекчиси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сыртынан 30 жылга соттолгон.

Бийликтен кулатылган Бакиев үй-бүлөсү менен ошондон тарта Беларуста баш калкалап келет. Соңку жылдары өлкөдө мурдагы президент Курманбек Бакиев боюнча маселе утур көтөрүлүүдө. Президент Садыр Жапаров 11-мартта Беларус “Курманбек Бакиевди камабасаңар өткөрүп берели” деп жатат” деген. (BkA)

Шерине

XS
SM
MD
LG