Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:42

Алмазбек Атамбаев 7-апрелге байланыштуу кайрылуу жасады


Алмазбек Атамбаев Апрель окуясына арналып коюлган эстеликтин алдында. Бишкек. 7-апрель, 2017-жыл.
Алмазбек Атамбаев Апрель окуясына арналып коюлган эстеликтин алдында. Бишкек. 7-апрель, 2017-жыл.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 7-апрелге карата социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жолдоду. Ал Кыргызстан Апрель окуясынан кийин дүйнөгө "эркин адамдар өлкөсү" деп таанылып калганын белгилеген.

Атамбаев учурдагы бийлик аймактын коопсуздугу, өлкөнүн инфратүзүмү үчүн бир топ иштерди жасап жатканын белгилеп, ошол эле учурда "элдин эркин рухун, адилеттүүлүккө ишенимин сактап калуу, жарандык коом, саясий күчтөр, ишкерлер жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен тил табышуу маселелери" да унутта калбашы зарылдыгын жазды.


2010-жылы ошол маалдагы президент Курманбек Бакиевдин башкаруусуна, бийлигине каршы нааразылык акциялар 6-апрелде Нарын жана Талас шаарларында башталган. Күч органдары аянтка чогулгандарга күч колдонгон. Таласта 6-апрелде ошол кездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиев (ред.: Конгантиев 2022-жылы февралда 64 жашында кайтыш болгон) катуу сабалган.

Бишкекте Ала-Тоо аянтында 7-апрелде чогулган элге каршы ок атылып, 80ден ашык адам ажал тапкан. Калайман башаламандык Бакиевдин бийлигинин кулашы менен аяктаган.

Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон Бакиев ошондон бери үй-бүлөсү, жакындары менен Беларуста жашайт.

Апрель окуясынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири - Алмазбек Атамбаев 2011-жылы Кыргызстандын президенти болуп шайланып, кийинки шайлоого чейин иштеп турган.

“Экс-президент” деген расмий макамдан Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган.

2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев былтыр 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG