Бүгүн, 7-апрель күнү Кыргызстанда 80ден ашык адамдын өмүрү кыйылган, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуясына 15 жыл толду. Бишкекте 2010-жылдагы Апрель революциясынын курмандыктары эскерилип, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана маданият министри Мирбек Мамбеталиев элдин эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган эстеликке гүл чамбар коюшту. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын катышуучулары "Кыргызстандын адилеттүү, эркин жана демократиялык келечеги үчүн жанын берген мекендештерин" бир мүнөт унчукпай эскеришти.
"Быйыл биз 24-марттагы элдик революциянын 20 жылдыгын жана 7-апрель окуясынын 15 жылдыгын белгилейбиз. Бул даталар мамлекетибиздин тарыхына түбөлүккө кирди, бүгүн биз алардын элесине таазим этип жатабыз. Элибиз адилеттүүлүк, эркиндик жана бийликтин тазалыгы үчүн күрөшкөн. Кубанычтуусу, учурда эл менен бийликтин ортосундагы биримдикти көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө элдин бардык үмүт-тилеги ишке ашууда", - деди Байсалов.
2010-жылдын 6-апрелинде элдик толкундоолор алгач Нарын шаарында, кийин Таласта башталып, Бишкекте уланган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 100гө жакын киши набыт болуп, миңден ашуун адам жараат алган.
Ошол кездеги президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.
Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, уулу Максим Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын ошондогу жетекчиси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сыртынан 30 жылга соттолгон.
Бийликтен кулатылган Бакиев үй-бүлөсү менен ошондон тарта Беларуста баш калкалап келет. Соңку жылдары өлкөдө мурдагы президент Курманбек Бакиев боюнча маселе утур көтөрүлүүдө. Президент Садыр Жапаров 11-мартта Беларус “Курманбек Бакиевди камабасаңар өткөрүп берели” деп жатат” деген. (КЕ)
Бишкекте Апрель революциясынын курмандыктары эскерилди

Шерине