Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:36

"Ыңкылаптын башкы сабагы - бийлик мыйзамды сакташы керек"


7-апрель, 2025-жыл. Бишкектеги Апрель окуясына арналып тургузулган эстелик
7-апрель, 2025-жыл. Бишкектеги Апрель окуясына арналып тургузулган эстелик

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев Апрель ыңкылабынын аткарылбай калган максаттары, анын мааниси, сабагы, 2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга кайтуу аракеттерине байланышкан окуялар тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

"Бакиев соттун чечимин буздурууну көздөп жатат"

“Азаттык”: Эмилбек мырза, кош келдиңиз. Мына, Апрель ыңкылабына 15 жыл болду. Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы Бакиевдин бийлигинин кулашына алып келген элдик толкундоо, анын мааниси, сабагы тууралуу алдыда сөз кылабыз. Бирок дал ушул окуяга байланыштуу коомчулукта талкуу жараткан суроодон баштагым келип жатат. Соңку мезгилде дал ушул Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келиши боюнча маселе кызуу талкууга түштү. Президент Садыр Жапаров аны алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын маегине ачык чыгарып, ал келсе бир топ сырдын бети ачылар эле деген пикирин билдирди. Ал эми Президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы болсо Кыргызстанга кайткан Бакиевдин команданын мүчөсү Ширшовдун пайдасын мисал кылды. Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга кайтышы боюнча көз карашыңыз кандай жана Апрель ыңкылабынын 15 жылдыгынын алдында бул аракеттерди кандай баалайсыз?

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

Каптагаев: Эми бийлик деген бийлик. Алып келүүнү каалашса алып келишет. Бирок алып келебиз, ал келсе сөзсүз көп сырлар ачылат деген сөздөрдү популисттик сөз деп айтам. Анткени, ачылчу сырды Беларуста отуруп деле ачса болот. Бул жактан атайын тергөө тобун жөнөтүп, билген сырын айттырып, анан бул жакта жүзү ачылды дегендердин, жеп-ичти дегендерди камап туруп, мына баатырлык кылды деп алып келсе деле болмок. Бирок Бакиев соттолгон киши, эгер келсе сөзсүз кармалып, колуна кишен салынып, түрмөгө камалышы керек. Ээн-эркин баспай, түрмөдө азыркы камалган балдар-кыздар сыяктуу кишенделип алып келип, темир тордун артында отуруп көрсөтмө бериши керек. Бул мыйзам чегиндеги шарт. Келсе, келбесе дегенди мен өзүмө терең кабыл алган жокмун. Келсе отурат. Муну президент Садыр Жапаров деле айтты. Ошондой шартта келип, көрсөтмө берсе, жерди астын-үстүн кылып жиберчүдөй жаңылык деле ачылбайт. Ал жерде корко турган же сыр болуп жаткан деле эч нерсе жок. Андай сыр болсо азыр деле ачып, элге көрсөтсө болот. Ошондуктан, бул маселеде мен бир гана кызыкчылык көрүп турам. Ал Курманбек Бакиевдин өзүнүн кызыкчылыгы. Себеби, ал соттолгон киши. Эгерде Беларуста өйдө-ылдый окуялар болуп кетсе эки жакка чыгышы кыйын болуп калат. Кандай паспорт алып, эмне айла кылса да эл аралык издөөдөгү киши катары ээн-эркин жүрө албайт. Мындан улам менин жеке пикиримде, ал соттун чечимин бузуп, кайра тергөөгө жөнөтүп же алгачкы инстанциядан кайра карасын деп жөнөтсө соттолбогон киши болуп калат. Соттун чечимин буздуруп алып, Кыргызстандын ичинде эмес, башка өлкөлөрдө ээн-эркин жүрөйүн деген ниети болсо керек. Ал келип эле Кыргызстанда жашайын деген деле каалоосу жок деп ойлойм. Анын кызыкчылыгы ушунда.

“Азаттык”: Ошол эле учурда сиз мүчө болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү "өз былыктарынын бети ачылат деп корккону үчүн Бакиевди Кыргызстанга кайтарууга каршы болушат" деген пикир, риторика айтылып жатпайбы. Бакиев өзү да "адилеттүү иликтөө, сот болсо барат элем" деген пикирин айтып келе жатат.

Каптагаев: Бул эми өтө жупуну аң-сезим үчүн, коомдук талкууга жүйөлүүдөй көрүнгөнү менен суу кечпейт. Эгер кайсы бир маалыматы болсо ошол жерден айттырып, “ мына ушундай былыктары бар экен” деп туруп, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн каматып койсо болот. Ага ким тоскоол болуп жатат? Эч ким тоскоол болгон жок. Өзүнчө кылмыш ишин козгоп, “муну жептир, банктын уячасынан муну алыптыр, Максим Бакиевдин баланча тонна алтынын алып кетиптир” деген фактылары болсо ачыкка чыгарса болмок. Ал үчүн сөзсүз эле Бакиевди алып келип, анын соттолуулугун жоюунун кажети жок.

“Азаттык”: Маселенин моралдык жагын кандай көрөсүз? Апрель ыңкылабынын учурунда 80ден ашуун адам каза болду, кийин жараатынан каза болгондор көп болду. Бакиевдер болсо ошол каза болгондордун жакындарын жумуш менен камсыз кылуу үчүн Бишкектин четинде тигүү фабрикасын куруп жатканы да кабарланган.

Каптагаев: Эми меркантилдик, материалдык кызыкчылыкка ойноо боло берет. Ага кызыккандар да бар. Эми ушунча жыл болду, такыр эле отургандан көрө бир аз болсо да пайдасын көрбөйлүбү деген, бир аз болсо да балдардын жашоосун оңдобойлубу деген пикир ар бир кишиде болушу мүмкүн. Бул туура же туура эмес деп айтыш кыйын. Бул ар бир кишинин ички тандоосу. Бирок учурда 2010-жылы апрелде аянтта болгон окуялар боюнча суу кечпеген маалыматтар таратылып жатат. Бирөөлөр “Форумдан” алынган куралдар менен бири-бирин атып салышкан деп жатышат. Ал кездеги бардык видео тасмалар бар, ким кайдан атып жатканын дүйнө жүзү карап отурбадыбы. Ошондуктан, бул спекулянттык нерсенин бир эле максаты Бакиевдин соттуулугун убактылуу жое туруу болуп жатат.

“Азаттык”: Буга ким кызыкдар болууда?

Каптагаев: Өзүң белгилегендей, эгерде Президенттин администрациянын бөлүм башчысы айтып жатса саясаттын нугу ошол жакка баратат. Аны элдин баары көрүп турат. Ал эми моралдык жагын алсак, өтө оор маселе. Чынын айтканда, элге ок аткан, аны ат деп буйрук бергендер эле эмес, баарыбыздын моюнубузда моралдык жоопкерчилик бар. Анткени, ошол күнкү элдин эрдиги, элдин эрки, ошол мөндүрдөй жааган окко карабай элдин турушу жөндөн-жөн эле болгон эмес. Бакиевдер айткан баңгилер же аракечтер да андай тура алмак эмес. Өткөндө конференция өткөрүп, ал жерде Аида Кубатова деген тарыхчы медициналык бүтүмдөргө таянып, ал жерде шейит кеткендердин арасында бир да баңги же аракеч болгон эмес изилдөө жарыялап жатат. Жада калса, жумурунда тамак болгон эмес, баары ачка болушкан. Ошондуктан, бул жерде кызыл кулактык кылып, шейит кеткендерди мокочо көрсөтүп, алардын жакындарына моралдык-психологиялык басым көрсөтүү адамгерчиликке жатпайт.

"Жылма контрреволюция болду"

“Азаттык”: Эми 7-апрель окуясына кайтып келсек, бул окуя эгемен Кыргызстандын тарыхында үй-бүлөлүк коррупциялашкан бийликке каршы чыккан ыңкылап деп баа берип келе жатат. Дал ушул 15 жылдык мезгилди эске алганда Апрель ыңкылабынын максаттары канчалык акталды?

Каптагаев: Бул абдан чоң суроо. Биринчи кезекте, кандай максаттар болгон? Башкы максат өлкөнү демократиялык нукка буруу, демократиялык, адам укуктары, мыйзамдуулук сакталган шарттагы мамлекеттик башкарууну калыптандыруу болгон. 2010-жылдагы Баш мыйзам шашып жазылган, бир-эки айда кабыл алынып калган деген сөздөр айтылып калып жүрөт. Чындыгында андай эмес. Баш мыйзамдын ички концепциясы абдан катуу талкууланган. Коомчулук деле билет, аны башы 2008-жылы конституциялык түзүмдүн негиздери, жаңы саясий түзүлүштүн негиздери алты айга жакын коомдук парламент деген бирикмеде талкууланган. Андан кийин генерал Мирослав Ниязов башында турган коомдук уюмдар, демократиялык кыймылдардан турган жумушчу топ бир айга жакын иштеген. Ушундай кийин гана “Акыйкат үчүн” деген кыймыл, башка саясий партиялар, бирикмелер уюштурган кеңешмеде ошол концепция бекитилген. Мунун баары бүткөндөн кийин 2008-жылы ноябрда ошол концепцияга жүздөн ашык адам кол койгон.

Анын ичинде саясатчылар, саясий партия мүчөлөрү, коомдук уюмдун өкүлдөрү, журналисттер, чыгармачыл интелегенциянын өкүлдөрү болгон. Анда дал ушул саясий түзүмдү кимибиз кандай шартта жүрбөйлү, кандай макамда болсок да турмушка ашырууга умтулабыз деп жазылган. Ошол концепциянын негизинде 2010-жылы Конституция жазылды. Анда парламенттик демократияга карай жылышыбыз керек, саясий бийликти өзүм билемдикке зордукка, зомбулукка айланып кетишине тоскоол болуу, бир кишинин бийлиги каалаганын жасашына бөгөт болчу механизмдерди коюу болчу. Бир эле мисал, мындай механизм башка өлкөлөрдө деле сейрек болсо керек: өлкөнүн укук коргоо, тартип коргоо органдары, финансы, каржы түзүмү оппозициянын көзөмөлүнө берилсин деп Конституцияга жазылган.

Апрель окуясы: унутулган каармандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:36 0:00

Анткени, кызматты, бийликти кыянаттык менен пайдалануу ушул эки тармакта болот. Бул соттук-укуктук система жана акчаны көзөмөлдөгөн тармактар. Ошол эки тармакты оппозициячыл партиялар карап турса бийликтин колу кыскарат. Бирок адамдык фактор деген бар экен. Жогорку Кеңешке депутат болгондо ар кимдин өз кызыкчылыгы бар, ар кимдин талылуу жери бар. Ошол кемчиликтен улам башкы бийликте турган президентке кандайдыр бир көз карандылык пайда болот экен. Дал ушул көз карандылыкты тактап, ага жолтоо болуунун ордуна бизде чынын айтканда 2011-жылдан кийин Алмазбек Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин Апрель ыңкылабынын духун, максаттарын алдыга жылдыруу эмес, жылма контрреволюция болду. Сөз жүзүндө Апрель ыңкылабы, андагы элдин эрки, эрдиги жөнүндө айтылган менен иш жүзүндө мамлекеттик түзүлүш баары бир кыйшайды. Конституцияда жазылбаса да президенттин бийлиги бышыкталып, мурдагыдай эле укук коргоо органдарын, сотту пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ошондон улам Текебаев, Салянова, Чотоновдорго иш козголду, Садыр Жапаров кармалды.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү

"Коюлган максаттар орундалган жок"

“Азаттык”: Демек, Апрель ыңкылабынын максаттары ошол ыңкылаптын аркасында бийликте келген адамдар менен бузулду деп айтсак болобу?

Каптагаев: Негизинен ошондой. Реалдуу алганда бийлик президент Алмазбек Атамбаевге өткөн. Ошондо бүгүнкү жасалып аткан иштер, президент Жапаров аткарып жаткан менчиктештирүүдө кеткен оош-кыйыштарды түзөтүү, бажыда, башка жерде коррупциялык схемаларды тазалоо, аткаруу тартибин бышыктоо, бюджеттик тартипти бекемдөө, ККМдерди киргизип, бюджетти иреттөө ошол кезде жасалышы керек эле. Тилекке каршы, ал кезде жасалган жок. Бүгүн жасалып жатат, ошону мен деле колдоп отурам. Анткени, өлкөнүн ичинде тартип болмоюнча өнүгүү болбойт. Ушул иштин баары 2011-2012-жылдары жасалганда Апрель ыңкылабынын духу да, маанай да, анан ошол ыңкылаптын жеңишине карата канааттануу болмок. Чынында глобалдык жактан алганда коюлган максаттарга жетишилген жок, парламенттик демократия биротоло калыптанып кеткен жок, бирок бүгүнкү окуялар деле ошол Апрель ыңкылабынынын шарданы, эгер ал окуя болбосо бүгүнкү шарт болбойт эле.

“Азаттык”: Азыркы кырдаалда Апрель ыңкылабынан кандай сабак алыныш керек?

Каптагаев: Алынчу сабак бир эле. 2005-жылкы Март ыңкылабы, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабы, 2020-жылдагы Октябрь окуяларынын болушунун түпкү себеби бир эле. Ал бийлик башындагылардын обочо жерге туруп алып, калган элге, коомго "мыйзамды сакташыңар керек" деп талап коюп, ал эми өздөрү мыйзамды сактабаганында. Бийлик мыйзамдан сырткары туруп, анда каралбаган укуктар менен башкаргысы келген. Эң чоң сабак ушул: өлкөнү мыйзам менен башкаруу өтө оор. Бирок мыйзамдын аткарылышын талап кылган киши өзү да аны кынтыксыз аткарышы керек.

Эмилбек Каптагаев менен маектин видео версиясын төмөнкү шилтеме аркылуу көрүңүз.

Каптагаев: Бакиев сот чечимин буздуруп, эркиндик алууну каалап жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:40 0:00


  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG