Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 18-ноябрда саат 05:56да Нарын облусунда күчү 4 балл болгон жер титирөө катталды. Жер силкинүүнүн күчү Орто-Саз айылында 4 балл, Нарын шаарында 3,5 балл, Жан-Булак айылында 3 баллга сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) алдын ала маалыматтарга таянып, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кабарлады.
Октябрдын башында Жалал-Абад облусунда 6 баллдык жер титирөө болуп, анын эпкини Таластын эки районунда сезилген. Жержин силкинүүсүнөн бир нече социалдык объекттер зыян тарткан.
Сейсмология институтунун маалыматында, өлкөдө жылына орто эсеп менен 9500 жер титирөө катталат, алардын 200-300ү сезилерлик болуп эсептелет.(КЕ)
Шерине