Кызынын өлүмүн баштан кечирген Маргарита Попова ден соолугунан улам азыр өзү дагы дарыгерлердин көзөмөлүндө жүрөт. Ал кылмышка айыпталып жаткан мурдагы күйөөсү айыбын мойнуна алмак тургай кайра өзүн, туугандарын коркутуп, сотту атайылап создуктурууга аракет кылып жатканын 8-апрелде билдирди.
Маргарита улам сотко келип, каргашалуу окуяны баштан аяк эскерүү моралдык жактан оор болуп жатканын айтып, судьядан ишти тез карап, өкүм чыгарууну суранууда.
Бул жолку сот процессинде Евгений менен Маргаританын жакындары айтыша кетти.
“Эмне үчүн айыпсыз баланы өлтүрдүң?” деген суроого Евгений мыйыгынан жылмайып “жөн эле” деп жооп берип жатты.
Маргаританын эжеси Ольга Климова айыпталуучу атайын эле сиңдисинин жарасын тырмап, сот отурмунда ачык эле коркутууга өткөнүн айтып берди:
“Айыпталуучу сот залында туруп алып эле коркутуп жатат. Биринчи жолу 28-январда менин сиңдим Маргарита сүйлөп бүткөндөн кийин аны карап туруп "эжеңди анан иниңди сакта" деди. Кийин 11-февралда менин жолдошум сүйлөгөндө аны карап, муунтуп жаткандай ишарат жасады. Түз эле коркутуу болду. Мындан улам биз Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазганбыз.”
8-апрелдеги сот отурумунда Маргаританын кошуналары дагы көрсөтмө беришти. Алар коңшу аялдын күйөөсү башында жубайына сылык-сыпаа, камкор мамиле жасап жүргөнүн айтышты. Бирок 2024-жылдын жаз айларынан тартып алар кошуна батирде эртели-кеч уруш-талаш болуп, идиш-аяк сынып, оор буюмдар ыргытылып жатканын уга баштаганын билдиришти.
Коңшулар ошондой күндөрдүн биринде батирдин тепкичинде Маргарита энеси экөө Евгений менен талашып-тартышып жатканын, күйөөсү колунда белгисиз зат куюлган щприц кармап турганын да көргөн экен. Лифт ачылган кезде кошуналарды көргөн Евгений дароо качып кеткен.
Сотко маркум Дарьянын өзүнүн атасы дагы катышып, күбөлөрдүн айткандарын угуп, ыйлап жатты. Василий Попов август айында кызы телефон чалып, убактылуу алып кетишин суранганда гана мурдагы жубайынын үйүндөгү абал тууралуу биринчи жолу укканын айтты:
“Мен анда Ысык-Көлдө элем. Кызыма ачкычты алып, ызы-чууну укпай, үйгө келе бер деп айттым. Ошондо мен ал киши мурунку жубайымды кыйнаганын билдим. Мен кызымды өлөрүнө 10 күн калганда, 20-октябрда көрдүм. Алматыга тур менен барганбыз. Ал кезде кызымды акыркы ирет көрүп жатканымды туйган эмес экемин. Даша менин жалгыз балам. Азыр сагынып, күндө элеси көз алдымда. Эмнеге алып кетип калган жокмун деп ойлоном. Азыр көйнөгүн жанымда сактап жүрөм.”
Ольга Климованын айтымында, сиңдиси Маргарита бир нече ирет милицияга кайрылып, күйөөсүнүн зомбулугу туурасында билдирген:
“Милиция угуп, коргонуу ордерин бергенден башка чара көргөн жок. Айыпталуучу сиңдимди ваннада жүргөнүн тартып алып, “таратам” деп коркутканы тууралуу айтканыбызда дагы алар көңүл бурган эмес. Күйөөсү ваннада жашыруун камераларды орнотуп коюптур.”
Февраль айынан бери сот отуруму бир нече жолу башка күнгө жылды. Ага айыпталуучунун медициналык кароодон өтүп, операция болгону себеп экени айтылды. Дарыгерлер анын ашказанынан белгисиз бир зат алынганын билдирген.
Адвокат Ольга Жукованын айтымында, айыпталуучу сот отурумдарын үзгүлтүккө учуратып, атайын создуктурууга аракет кылып жатат:
“Сиздер көргөндөй, айыпталуучу эч кимди көзгө илбей, күбөлөрдү ачык эле коркутуп жатат. Буга байланыштуу Маргаританын туугандары УКМКга кайрылып, чара көрүүсүн суранган. Тилекке каршы, ал боюнча иш козголгон жок. Анткени анын аракетинин жыйынтыгы, кесепети болгон жок деп жатат. Биз анын өмүр бою кесилишин талап кылып жатабыз. Мындай адам эл арасында басып жүрбөшү керек. Ал Орусияда бир аялды өлтүрүп, шылуундук кылып жүрүптүр. Бул жерде да эч айыпсыз, быйыл окуусун бүтүп, келечеги алдыда турган баланы уурдап кеткен. Өзү бүгүн айткандай “жөн гана өлтүрүп койгон”. Муну менен кызды гана эмес, анын бардык туугандарын өлтүрдү десек болот”.
Кийинки сот отуруму 17-апрелге белгиленди. Анда Маргарита окуяга байланыштуу кайрылган жергиликтүү милиция өкүлдөрү жана кылмышкер кызды уурдаганда айдап кеткен машиненин ээси суралат.
Ал эми Евгенийдин адвокаты Буркан Нишанов азырынча комментарий берүүдөн баш тартты.
Бишкектеги №6 мектеп-гимназиясынын 11-классында окуган Дарья Попова 2024-жылы 30-октябрда сабакка бараткан жолдо жоголуп, кечинде сөөгү Бишкектин четинен табылган. Бул факт боюнча Бишкек шаардык милициясы "Адам уурдоо", "Адам өлтүрүү" жана "Катуу кыйноо" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Дарья Попованын өгөй атасы Евгений аттуу адам 30-октябрда Ысык-Көл облусунан шектүү катары кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. Бул иш боюнча соттук териштирүү январда башталган.
Дарья Попова бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болчу.
Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу киши буга чейин да Орусияда адам өлтүрүп, абакта отуруп чыкканы аныкталган.
Кыргызстанда бир жылда 13 миңден ашуун аял жана 2 миңдей бала зомбулукка учурайт. Мурдагы жылга салыштырмалуу кылмыштар үч эсе өскөн. Бирок окуялардын 3% гана кылмыш иши козголгон. Көбүнө “ден соолукка оор зыян тийгизүү”, “сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” сыяктуу беренелер менен айып тагылган.
Шерине