Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:35

Ошто көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты


ӨКМ тараткан видеодон алынган сүрөт.
ӨКМ тараткан видеодон алынган сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 19-октябрдын таңында Ош шаарындагы көп кабатуу үйдөн өрт чыкканын билдирди. Калаанын Матисакова көчөсүндөгү өрттү өчүрүүгө жалпы сегиз бөлүм тартылган. Мындан тышкары эки автошаты, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, Куткаруу кызматынан төрт куткаруучу жана штаб тартылган.

Министрлик тараткан видеодон өрт турак үйдүн эң жогорку кабатынан чыкканын көрүүгө болот. Кийин күйүп жерге түшкөн калдыктан кеминде бир унааны өрт жалмаган.

Өрттүн себептери жана жапа чеккендер тууралуу маалымат бериле элек. Өрт чыккан жерге милиция кызматкерлери, “Тез жардам” кызматы жана электр кызматкерлери тартылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG