Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:35

Бишкекте бир баланын өмүрүн алган кырсыкка шектелип жашы жете элек айдоочу кармалды


Бишкек шаардык милициясынын кырсык болгон жерден тарткан сүрөтү.
Бишкек шаардык милициясынын кырсык болгон жерден тарткан сүрөтү.

Бишкек шаардык милициясы 18-октябрда саат 21:30да борбор калаанын Жоомарт Бөкөнбаев жана Жусуп Абдырахманов көчөсүндө бир адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталганын билдирди.

Маалыматка караганда, Lexus RX 330 үлгүсүнөдөгү унаанын 46 жаштагы айдоочусу Абдырахманов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө бурулуп жаткан. Ошол маалда Toyota Camry унаасы жогору жактан келип, Lexus менен сүзүшкөн. 17 жаштагы айдоочулук күбөлүгү жок бала башкарган Toyota Camry кийин тротуарга чыгып кетип, төрт жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Алардын бири – 13 жаштагы А.Т. кырсык болгон жерде үзүлгөн.

Бул факты Бишкек шаардык милициясынын каттоосуна алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу”) 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Toyota Camry унаасынын 2008-жылы туулган айдоочусу А.А. кармалып, милициянын тергөө изоляторуна киргизилди. Эки унаа тең айып короосуна коюлуп, зарыл экспертизалар дайындалган жана анын жыйынтыгына карап чечим кабыл алынат.

“Бул каргаша айдоочулук күбөлүгү жок, жашы жете элек баланын унааны үйдөн айдап чыкканынын айынан болду. Бул кайгылуу окуя балдарды тыкыр көзөмөлдөөнүн маанилүү экенин дагы бир ирет көрсөтүп турат. Сиздерден унааны жашы жете элек балдарга бербөөнү жана алардын эмне кылып жатышканына көз салууну суранабыз”, - деп жазылган билдирүүдө.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда ушул жылдын алгачкы сегиз айында 5 393 жол кырсыгы катталып, андан 540 адам каза болуп, дагы 7 964 киши жаракат алган. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,3% көп.

Шерине

XS
SM
MD
LG